Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:45

Сулайман Иманбаевдин бейнесине сүртүмдөр


Сулайман Иманбаев (сүрөт akipress.kg cайтынан алынды)
Сулайман Иманбаев (сүрөт akipress.kg cайтынан алынды)

23-апрелде коомдук жана мамлекеттик ишмер Сулайман Иманбаев 85 жашында дүйнө салды.

23-апрелде кыргыз элине жакшы белгилүү аксакалабыз, коомдук жана мамлекеттик ишмер Сулайман Иманбаев узак оорудан кийин арабыздан узады. 85 жашка келип, нечен кызматтарды өтөп, анын ичинде дээрлик 10 жыл эгемен Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган, кийинки мезгилде ардактуу эс алууда жүргөн Сулайман ага эч качан эстен чыкпай турган адам эле. Баарынан да тунук акылы, терең билими, адамгерчилик мыкты сапаттары аны ар дайым башкалардан кескин айырмалап турчу. Айрыкча маркумдун ар кандай маселеге терең карап, ар нерсеге салмак менен, акыл-парасат менен мамиле эткени анын адам катары мыкты сапаттарынын бири эле. Нечен кызматтарды аркалап, ар кандай маанилүү иштерге аралашса да мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албаган, саясий чабыты чектелүү адамдар арабызда көп го, бирок Сулайман Иманбаевич сөздүн толук маанисиндеги мамлекеттик ишмер болчу.

Өзү врач, саламаттыкты сактоо тармагында көп жыл жемиштүү кызмат өтөгөн, медицина илимдеринин кандидаты деген наамы бар Сулайман ага дарыгерлик кесибин да, саясатты да, мамлекеттик маанидеги маселелерди да терең түшүнө билген инсан эле. Маселен, ал Фрунзе шаарынын саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси катары көп жыл үзүрлүү эмгек кылды, андан соң республикалык радиология жана онкология институтунун директору болуп иштеди, кийин саламаттык сактоо министринин орун басарына чейин өсүп жетти. Ал эми Кыргызстан эгемендикке жетип, мамлекеттин пайдубалы жаңы түптөлүп келаткан жылдарда легендарлуу парламенттин мүчөсү болду.

Сулайман Иманбаевичтин мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билген инсан экендиги ошол 90-жылдардагы депутат кезинде ачык көрүндү го. Ошол сапаттары үчүн 1996-жылы Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кызматына көтөрүлдү. Бул кызматта Сулайман ага дээрлик 10 жыл эмгектенди. Жаңы мамлекеттин турмушунда эмне кыйынчылыктар, эмне оорчулуктар болсо – ошолордун баарын өз көзү менен көрүүгө, керт башы менен сезүүгө туура келди. Ачуусунун да, таттуусунун да даамын татты. Боршайкомдун төрагасы катары ошол маалдагы бийликтин камчысын чабууга аргасыз болгонун, шайлоо-референдумдарды өткөрүүнүн түмөн түйшүгүн көтөргөнүн коомчулук жакшы билет. Башкача айтканда, жаңы калыптанып келаткан мамлекеттин башында кандай кыйынчылыктары болсо ошолордун баары Сулайман Иманбаевичтин тагдырына туш келди, керт башынан өттү. Деле эгемендик анын саясий тагдыры, турмушу, жеке тарыхы болуп калды.

Ушул себептен улам 90-жылдардын башында чоң саясатка аралашкан инсандарыбыздын дээрлик баарынын тагдырында ошол учурдун изи, карама-каршылыктуу тарыхый тагы далай заманга чейин өчпөйт жана унутулбайт деп айтсам анча деле жаңылбасам керек. Ошого карабастан чоң тарых баары бир бүт баарын орду-ордуна коюп келатат; так иштегендерди, ак ниетинен кызмат эткендерди бир бөлөк, ар кандай ыплас иштегендерди өзүнчө топ кылып бөлүп келатат. 23-апрелде арабыздан кеткен кадырлуу инсаныбыз, профессор, “Манас” орденинин кавалери, республиканын эмгек сиңирген дарыгери Сулайман Иманбаевдин ысмы ошол мамлекетибизге ак кызматын кылган ветерандардын арасында түбөлүк калаарына эч бир шек жок.

Осмонакун Ибраимов

XS
SM
MD
LG