Көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпионаты 7-8-декбарь күндөрү Бишкектеги Спорт ордосунда өтүп, ага жалпы 84 спортчу кыз катышты.
Айша көркөм гимнастикадан чемпион болду
Айша Изабекова көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бишкекте өткөн өлкө чемпионатында ал 16 жашка чейинкилер арасында күч сынашып, биринчи болду.