Текебаев Атамбаевдин акчасын санады
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 6-февралда журналисттерге маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы тууралуу сандарды жарыялады. Текебаев тараткан маалыматта президент Атамбаев 2010-2015-жылдары алты миллион сомдон ашуун киреше көргөнү, ал эми ушул эле маалда чыгашасы 34 миллион сом болгону айтылат.