Учурда Кыргызстанда 3 миллион 102 миңден ашык эркектер бар. 21-кылымдын жигиттери учкуч, жоокер болуп же саясатта ийгилик жаратып эле тим болбостон айымдарды сулуулап, үй оокатына чейин каралашып, баланы да жакшы багат.
Күйүмдүү уул, жакшы күйөө, камкор ата
23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү. Бул күндүн урматына "Азаттык" ар өнөрдү аркалаган азыркы кыргызстандык эркектердин сүрөттөрүн чогултту.