Кой-Таш операциясы күч түзүмдөрүн сынадыбы?
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында сүйлөшүү жүргүзгөн Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кызматтан алынып, ага карата кылмыш иши козголду. Кой-Таштагы кандуу окуядан кийинки бул учур жана жалпы эле күч түзүмдөрүнүн кыймыл-аракети, абалы коомчулуктун талкуусуна түшүүдө. Эфирде “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы. Бүгүнкү студиянын коноктору – Ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары – Өмүрбек Эгембердиев, УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Марат Иманкулов жана саясат талдоочу Орозбек Молдалиев.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022
Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021
Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021
Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021
Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт