“Азаттык” Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллардын бир бөлүгүн алган "АКА Петролеум" компаниясы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы Бакир Таировдун туугандарынын байланышы бар экенин тактады. Бул мекеме учурда бир тууган Матраимовдордун мүлкүн иликтеп жатат.