Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

«Бийлик коомдук пикирди эске алып жатат»


Эрнис Балбаков.
Эрнис Балбаков.

Жалил Атамбаев «Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Ыдырыс Исаковдун үстүнөн жазган арызынан баш тартканын билдирди.

Муну көп адамдар жалпы кыргыз медиа коомчулугунун жана сөз эркиндигинин жеңиши катары сыпаттап жатышат. Биз бул туурасында «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору Эрнис Балбаков менен маектештик.

«Азаттык:» - Айтсаңыз, сиз Жалил Атамбаев доо арызын артка кайтарып алганынын эмнеден көрдүңүз?

Эрнис Балбаков: - Кесиптешибиз Ыдырыс Исаковго карата Жалил Атамбаевдин доо арызынан баш тартышы - бул сөз эркиндигинин эле эмес, өлкөбүздүн жалпы жеңиши деп айтсак болот. Себеби Жалил Атамбаев коомдун болуп көрбөгөндөй кысымына туш болду. Эгер коомчулук, анын ичинде өзгөчө журналисттер чуу көтөрбөгөндө Жалил Атамбаев доо арызынан баш тартмак эмес. Бул ачык эле көрүнүп турат. Ал эми биздин соттор акчасы жана таасири күчтүүлөрдүн сөзүн сүйлөп келгенин баарыбыз жакшы билебиз. Демек бул жеңиш жеке Ыдырыстын эмес, медиа коомчулугунун жеңиши деп айтсак болот.

«Азаттык»: - Ыдырыс Исаковду медиа коомчулук, анын ичинде журналисттер жапа тырмак колдоп чыгышты. Бирок сөз эркиндиги жалаң эле журналисттерге керектей таасир калтырат экен. Бул тууралуу өз пикирин билдирген саясатчылар деле аз болду көрүнөт. Ошол эле мамлекеттик медиалар да өз пикирин так кесе айтып, билдирген жок. Азыркы учурда эл, саясатчылар сөз эркиндигинин баалуулугун түшүнө элек десек болобу?

Эрнис Балбаков: - Жалпы эле Кыргызстандын өнүгүшүнө сөз эркиндиги, албетте, керек. Кандай гана учур болбосун биз деле Исаковду колдоп, анын тарабында болобуз. Жарандык коомдун, коомдук пикирдин күчтүүлүгү акыркы учурдагы мисалдардан көрсөтүп жаткандай жакшы эле пайдасын берип жатат. Коомдук пикирди оппозиция деп бөлүп караган туура эмес. Бул жалпы элдин кызыкчылыгы.

«Азаттык»: - Азыркы учурда иликтөө жанры өнүгө албай жатканын, иликтөө менен саналуу гана журналисттер алектенип жатканын байкоого болот. Мамлекеттик медиалар иликтөө журналистикасын кантип өнүктүрүшү керек? Буга журналисттердин чабалдыгы себеппи же медианын көз карандылыгыбы?

Эрнис Балбаков: - Албетте, сиздин сөзүңүздүн чындыгы бар. Сапаттуу иликтөө жасаш үчүн акыр аягына чейин күрөшүп берген, артында турган күч керек. Ыдырыс Исаковдун мисалы айгинелегендей, «Азаттык» тик туруп берди, жалпы журналисттер колдоду. Ошондуктан биринчиден колдоо керек. Экинчиден, журналисттин өзүнүн ички дараметинен көп нерсе көз каранды. Ыдырыс Исаков КТРКда иштесе деле ушундай иликтөө чыгара аларына мен ишенем. Журналисттер каржылык колдоого муктаж. Бүгүнкү күнү медиа эркин дегенибиз менен эркин медиа жокко эсе. Алардын баары кимдир-бирөөнүн сөзүн сүйлөгөн медиалар.

«Азаттык»: - Мурда мамлекеттик медиа мекемелер бийликтин сөзүн сүйлөп келген учурлар көп эле кездешип келди. Бирок бийлик «сөз эркиндигин чектебеш керек» деген нерсени түшүнүп келатат десек болобу? Же мурдагыдай эле үгүт-насаат менен алекпи?

Эрнис Балбаков: - Коомдук пикирди бийлик эске алып атат деп айтар элем. Коомдук пикир менен эсептешпеген мамлекет - келечи жок мамлекет. Бул илгертен айтылып келген эреже. Ошол эле уран маселесинде коомдун пикирин бийлик эске алып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG