Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

«Сапатка» көлөкө түшүргөн акция


«Сапат» лицейлеринин бири.
«Сапат» лицейлеринин бири.

«Твиттерде» #metoosebat деген хэштег менен акция жүрүп жатат.

Мурдагы «Себат» лицейлеринде билим алганын билдиргендер тарбиячылардан же мугалимдерден ыдык көргөн, жогорку класстын окуучуларынан таяк жеген же башка ушул сыяктуу окуялары менен бөлүшүүдө. Ошол эле учурда «Себат» билим берүү мекемелерин коргогондор да бар.

«Мага бул окуялардын баары эле ойдон чыгарып же көбүртүлүп жазылгандай туюлуп жатат. «Себаттагы» жылдарым жашоомдо эң жакшы жылдар болгон. Мен эң жогорку билим алып, досторумду ошол жактан тапкам. Бул жагымсыз баяндарга ишенбегиле», деп жазган экен iskenderkyzy деген колдонуучу.​

««Себат» дайым элдин көзүндө болуп, олимпиадаларда башкаларды утуп жүрчү. Бул чоң уюм жана анын өзүнүн кызыл кулактары бар болчу. Мисал үчүн, Саруу айылындагы бир мектепте балким мындан да жаман нерселер болуп келген, бирок жөнөкөй мектептер менен элдин иши да жок. Лицейлер балдардын тагдырын же сындырып, же аларды көкөлөтчү», деп жазган Элдар Супатаев деген колдонуучу.

«Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчилиги «Твиттерге» баяндалган окуялар жакшылап иликтенерине убада берүүдө. Мекеменин жетекчисинин орун басары Амир Султанмуратов «Азаттыкка» маалымат берип жатып, жазгандардын көбү дисциплинардык себептерден улам лицейди бүтүрбөй же окуудан чыгарылгандар экенин айтты:

- Жазып жаткан кишилердин басымдуу бөлүгүн бир убакта бизде окуп, кайра кетип калган же кандайдыр бир дисциплинардык себептерден улам окуй албай калгандар түзөт. Бирок ошого карабастан биз бүгүнкү күндө лицейлерге тапшырма берип, жатаканалардагы абал боюнча иликтөө жүргүзүп жатабыз. Бир нече жылдан бери жатаканаларда камера орнотулган, ар бир класстын өзүнүн тарбиячысы бар. Ошондуктан мындай окуяларга жол берилбейт.

Амир Султанмуратов учурда ата-энелер комитети менен кошо атайын анкета түзүлүп, жатаканалардагы жана башка окуу жайларындагы абал тууралуу сурамжылоо жүргүзүлөрүн да кошумчалады.

Билим берүү министрлиги «Сапат» билим берүү мекемесине ар бир жазылган окуяны изилдеп чыгуу боюнча тапшырма берилгенин айтып, бул маселе келерки жыйында көтөрүлөрүн айтты. Жагдайды министрликтин басма сөз өкүлү Марина Гречанная төмөнкүчө баамдады:

- Азыр Интернет колдонуучулар жазып жаткан окуялар чындап эле болгонбу же жокпу, алгач тактап алышыбыз керек. Биз «Сапатка» тапшырма берип, ушул тууралуу маалыматты топтоп беришин өтүндүк.

Билим берүү мекемеси Кыргызстанда 90-жылдардан бери иш жүргүзүп келет. «Себат» деген ат менен белгилүү мекеме 2017-жылы атын «Сапат» деп өзгөрткөн.

Буга Түркиянын бир катар мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан да Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына таандык мектептерди, анын ичинде кыймылга таандык деп «Себат» мектептерин да жабууну талап кылганы негиз болгон.

Айрым серепчилер азыр деле кыргыз-түрк мамилесине көлөкө түшүргөн бул мекемени каралоо аракети жүрүп жатышы ыктымал деген ойдо. Алардын бири, мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова «Азаттыкка» жагдай тууралуу төмөнкүлөрдү айттты:

Ишенгүл Болжурова.
Ишенгүл Болжурова.

- Мен бул мекемелердин ишине үч жылдан бери кунт коюп көз салып жүрөм. Лицейди бүтүргөн балдар өтө жакшы тарбияланган. Алар үч принцип менен жашайт: жакырчылыктан чыкканга жардам берүү, проблема болсо диалог аркылуу аны чечүү, үчүнчүсү - сабатсыздыкты билим аркылуу жоюу. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү мектептерге каражат менен жардам берип, олимпиадага катышууга жол киресин төлөп жатышат. Бизде элдик көзөмөл адбан күчтүү. Эгер чындап эле мындай окуялар болсо, биздин ата-энелер мурда эле кыйкырып чыкмак. Муну жазып жаткандар фейк же бул атайын каралоо аракети болушу мүмкүн.

«MetooSebat» акциясы Бишкектеги түрк билим берүү мекемелеринин бирине байланыштуу чырдан кийин башталган. Анда "Сапат" мекемесине тиешеси жок Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин жетекчиси «балдарга жыныстык ыдык көрсөттү» деп айыпталып, түрк элчилиги бул иш боюнча мектеп жетекчилиги кызматтан алынып, Түркия тараптан да текшерүү жүрүп жатканын кабарланган.

«Сапат» билим берүү мекемесинин карамагында 16 жатак лицей, «Silk Road» жана «Cambridge» деп аталган эки эл аралык мектеп, Бишкекте жайгашкан төрт башталгыч мектеп жана «Ататүрк-Алатоо» эл аралык университети бар. Мекеменин 30% пайыз үлүшү Кыргызстанга таандык.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG