Кыргыз-кытай китеп дүкөнү ачылды
Бишкекте чыгыш адабиятына арналган "Шанс" аттуу китеп дүкөнү ачылды. Дүкөн "Чыгыш адабияты жана искусствосу" басма компаниясына таандык жана Улуттук филармониянын маңдайында жайгашкан. Аталган басма буга чейин кытай адабиятын кыргыз тилине которуу менен алектенчү. Эми чай ичип отуруп китеп окууга ылайык шарты бар дүкөндө кыргыз, кытай жана орус тилиндеги китептер сатылат.