Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Индия, Казакстан жана Тажикстандан келген 200гө жакын жеңил атлеттер катышты.
Бул мелдеште, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулду. Тилекке каршы, аны утуп алууга бир дагы спортчунун чамасы жетпеди.
Бул Олимп оюндарына жолдомо ойнотулган Кыргызстандагы алгачкы мелдеш болду. Көпчүлүк жөө күлүк Дарья Масловага үмүт арткан. Ал кыз-келиндер арасында 5000 метр аралыкка жарышта марага 16 мүнөт 12 секундда келип, биринчи орунду ээледи.
Мелдештин алтын медалын тагынганына карабай Дарьяга олимпиадалык жолдомо алууга 30 секунд убакыт жетпей калды.
Ушул эле аралыкты 16 мүнөт 15 секунда чуркап өткөн Виктория Палюдина күмүш байгенин ээси болду. Коло медалды Гүлшанай Саттарова тагынды. Анын көрсөткүчү 16 мүнөт 15 секунд.
Маслова кыргызстандык жеңил атлеттердин катарынан Олимпиадага жолдомо ала турган спортчулардын бири экенин Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын өкүлү Бактияр Бокоев билдирди.
"Дарьянын быйыл статтары көп болду. Төрт жарым марафон жана үч марафон чуркады. Азыр бир аз жетпей жатат. Бирок күзгө чейин жолдомо алат деген үмүттөбүз".
Мырзалар арасында 5000 метр аралыкка чуркоодо 14 жөө күлүктүн арасынан Нурсултан Кеңешбеков алтын медалдын ээси болду. Ал мерчемделген аралыкты 14 мүнөт 29 секундда чуркап өттү.
Экинчи орунду 14 мүнөт 46 секунд көрсөткүчү менен индиялык спортчу Ажид Кумар ээледи. 14 мүнөт 49 секунд көрсөткүчү менен дагы бир индиялык жөө күлүк Рахул Рахул коло байгенин ээси болду.
Мелдештин жүрүшүндө кыздар арасындагы жарыштарда сегиз категорияда жеңүүчүлөр аныкталды. 100 метрге чуркоодо Арчана Сусеентрана (Индия), 1500 метр аралыкта Лили Дас (Индия), тоскоолдуктар менен 100 метрге чуркоодо Айгерим Шыназбекова (Казакстан), 800 метрде Виктория Сенькина (Казакстан) жеңүүчү болду.
200 жана 400 метр аралыкка чуркоодо Гүлсумби Шарифова (Тажикстан), тоскоолдуктар менен 400 метрге чуркоодо Кристина Проженко (Тажикстан), 10 миң метрге чуркоодо Мария Коробицкая (Кыргызстан) марага биринчи келип, алтын медалдын ээси болушту.
Найза ыргытуу боюнча кыздар арасындагы мелдеште өзбекстандык Наргиза Кучкарова жакшы жыйынтык көрсөттү. Ал найзаны 58 метр 84 сантиметр аралыкка ыргытып, өздүк рекорддун жаңыртты. Мелдештен соң "Азаттыкка" маек куруп, олимпиадага даярданып жатканын айтты.
"Мен өзүм каалаган аралыкка ыргыттым. Андан кубанычтамын. өзүмдүн көрсөткүчүмө дагы эки метр коштум. Буюрса аракет кылам. Көрсөткүчүм 60 метр болсо, олимпиада жолдом алам", - деди Наргиза Кучкарова.
Мырзалар арасынан найза атууда индиялык Салих Салвал мелдештин рекорддун жаңыртты. Ал найзаны 78 метр 5 сантиметр аралыкка ыргытты.
Мырзалар арасындагы жарыштарда 100 метр аралыкта Ильдар Ахмадиев (Тажикстан), 110 метрге тоскоолдуктар менен чуркоодо Владислав Кондратьев (Казакстан), 3 миң метр аралыкка тоскоолдуктар менен чуркоодо Дмитрий Иванчуков (Казакстан), 200, 400, 800 метр аралыктарда индиялык спортчулар Гаянанд Бахадурбхаи, Харш Кумар, Мохаммед Афсал жеңүүчү болушту.
1500 метр аралыкта Мусулман Жоломанов, 10 миң метрде Адилет Кыштакбеков Кыргызстандын капчыгына алтын байгелерди алып келишти.
Алтын байге уткан Адилет Кыштакбеков өз категориясында күчтүү атаандаштар аз болгонун ортого салды.
"Мурдагы жыдары 10 миң метрге чуркоодо Казакстандан, Тажикстандан көп катышуучулар келчү. Быйыл төрт эле бала чуркадык. Эмки жылы көбүрөөк болот деп ойлойм. Анткени анда олимпиадага саналуу эле күндөр калат да", - деди спортчу.
Бул мелдеште Индиялык атлеттер жакшы жыйынтык көрсөттү. Алар мелдештин 11 алтын байгесин багынтышты. Экинчиде казакстандык спортчулар. Алар мелдештин сегиз алтын байгесин алып кетишти.
Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Сатыбек Чокоевдин айтымында, күн ысыганы кыргыз спортчуларына тоскоолдук жаратты.
"Абанын температурасы +37 градусту көрсөтүп турат. Мындай шартта чуркоо оңой эмес. Андан сырткары Эл аралык жеңил атлетика федерациясы олимпиадалык жолдомону алуу көрсөткүчтөрүн жогорулаткандыктан, азыр лицензия алуу кыйын. Март айына чейин алты олимпиадалык жолдомо алабыз деп пландаганбыз. Эгер эски норматив менен эсептесек, биздин үч атлетибиз жолдомонун нормативдерин аткарып коюшту, - деди башкы машыктыруучу Сатыбек Чокоев.
Башкы машыктыруучунун айтымында, жеңил атлетика боюнча Улуттук курама команда 18-июлда Беларуста өтө турган мелдешке катышат.
"Олимпиадалык жолдомону алуу үчүн биз эми эл аралык мелдештерге көбүрөөк катышып, упай топтошубуз керек. Азыр айтыш кыйын, бирок биздин атлеттер үч олимпиадалык жолдомо алат деп айта алам", - деди Сатыбек Чокоев.