Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:27

Эгемендикке каршы чыккан экс-элчи


Улуттук гвардиянын Ардактуу кароол ротасынын жоокерлери.
Улуттук гвардиянын Ардактуу кароол ротасынын жоокерлери.

Кыргызстандын экс-элчиси Раимкул Аттокуровдун «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү маселеси талкууланып жатат» деген билдирүүсү көп сөзгө жем таштоодо.

Мурдагы элчинин бул айтканы кокусунан чыгып кеткен сөзбү же геосаясий негизи бар аракеттин башталышыбы? Мамлекеттин көз каранды эместигине шек жараткан пикирлердин максаты эмнеде? Анын кесепети кандай болушу мүмкүн?

«Арай көз чарай» талкуусуна филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков катышты.

«Азаттык»: - Сыртбай агай, Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун «Кыргызстанда адамдар Орусияга кошулууну каалашат» деген билдирүүсүн кандай кабыл алдыңыз? Ойлонбой сүйлөп алган сөзбү же негизи бар реалдуулукпу?

Сыртбай Мусаев: - Азыр ар ким колунан келеби-келбейби, оюна келгенди оттоп, айта берчү заман болду.

Мен экс-элчинин сөзүн биринчи укканда жөн эле кабыл алдым. Бир аз убакыт өткөндөн кийин чочудум, мага өтө катуу тийди. Бул сөздү көчөдө жүргөн жөнөкөй адам эмес, бир өлкөнүн бакандай экинчи өлкөдө элчиси болгон жогорку саясий кызматтагы адам айтканын билгенде таң калдым. Ал адам «Кудайдан жөө качкан жан турбайбы» дедим.

Курманбек Бакиев президент болгондо элчи болгон экен, ал кеткенде кошо кетип, ошол жакта калып, Орусиянын жарандыгын алып, Кыргызстанга таарынычы, ич күптүсү барбы деп ойлодум. Бул билдирүү - элин, журтун саткан адамдын аргасыздан айткан сөзү. Кыргыздын «өлөр ит кайышчыл» деген накыл сөзү бар. Экс-элчи өзүнө-өзү кайышып жүргөн жан турбайбы деп түшүндүм.

Менимче, кеп Аттокуровдун айтканында эмес, ага кошулуп алып, анын пикирин туура дегендер көбөйүшү мүмкүн. Оор заманда ушинтип койсок, Орусияга ыктагандар көбөйөт дегендер болушу мүмкүн. Кыскасын айтканда, мурдагы элчинин бул сөзү – акмакчылык!

«Азаттык»: - Талант мырза, экс-элчи «диаспора коомчулугунун арасында ушундай суроолор туулат жана талкууланат. Албетте, муну дароо жана тез арада жасоо мүмкүн эмес. Бирок, менин оюмча, биз буга сөзсүз барышыбыз керек», - дейт. Бул эгемендикти акырындап өткөрүп берүү эмеспи?

Талант Кушчубеков: - Мен экс-элчинин билдирүүсүн өз өлкөсүнө жасаган чыккынчылык жана чагымчылык деп эсептейм. Ал Кыргызстан үчүн жөнөкөй адам эмес, өлкөнүн элчиси болгон.

Эң өкүнүчтүүсү – бизде мамлекеттик кызматтын абалы ушундай төмөнкү деңгээлге түшүп калганы. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги – өлкөдө биринчи орунда турган маанилүү дипломатиялык өкүлчүлүк. Ошол жерде ушундай адам иштеп кеткени өкүндүрөт.

Учурунда элчилик кызматка атуулдук сезими жок, дипломатиялык тажрыйбасы жок адам дайындалганын айтып турат. Министрликте мындай адамдарды «парашют менен түшкөндөр» деп коюшат. Бул адамга убагында тез эле «толук ыйгарым укуктуу элчи» деген эң жогорку дипломатиялык чин ыйгара салышкан. Образдуу айтканда бүгүн бирөөнү Филармонияга директор кылып дайындап, эртеси «Эл артисти» деген наам бергендей болгон.

Мурдагы элчинин пикири - ата-журтун, элин, жерин сыйлабаган маңкуртчулук. «Эртеби-кечпи биз ошого барабыз» дегени чоң чагымчыл жорук. Мындай кишиге ишеним артып, сөз бербеш керек. Ал Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси деп жүрөт, алар да бул сөздөн жыйынтык чыгарат деп ишенем.

«Азаттык»: - Талант мырза, экс-элчи бул маселеде өзүнүн жеке пикирин гана айттыбы, же айттырдыбы деген суроолор бар...

Талант Кушчубеков: - Экс-элчи Орусиянын жарандыгын алыптыр, ал жакта ар кандай уюмдар менен кызматташып жүрсө керек. Жем берип жүргөндөр «ушундай ойду айтып көрбөйсүңбү» деп көндүрүшү мүмкүн. «Бул билдирүүгө Кыргызстандан кандай реакция болуп, кандай жооп болор экен» деп чагымчыл иштерди жасаган күчтөр болушу мүмкүн. Эгемендик менен ойногон болбойт, мындай чагымчыларга жол бербеш керек. Азаттыкты бир ой менен гана коргошубуз керек.

«Азаттык»: - Сыртбай агай, экс-элчи айткандай кыргызстандыктардын арасында Орусияга кошулуу ниетин барлардын пайда болушуна сырткы факторлор эмес, Кыргызстандагы ички саясат, анын кесепеттери себеп болууда деген пикирлер арбын...

Сыртбай Мусаев: - Бул маселенин чыгышына ар кандай факторлор себеп болушу мүмкүн. Кыргызстандын ичиндеги айрым адамдарды азгырып чагымчыл ойлорду айттырып жактан сырткы күчтөр болушу ыктымал.

Бир эле Аттокуров эле эмес, Кыргызстандын айрым башка өлкөлөрдөгү элчилери барган мамлекеттеринде калып калганы кейиштүү жагдай. Аларды азгырып, ар кандай шарттарды түзүп берип, өз кызыкчылыгына иштетип жаткандай туюлушу мүмкүн. Ошондуктан бул жерде сырткы факторлор бар, ички факторлор таасир этип жатышына мен ишенбейм. Космополиттерде, маңкурттарда гана башка өлкөнүн курамына кошулуп алалы деген ойлор болушу мүмкүн. Жан дүйнөсүндө кыргыз каны ойноп турган адам мындай кадамдарга барбайт...

Редакциядан: 15-сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мурдагы элчи Раимкул Аттокуровдун сөзүн жокко чыгарды. Элчиликтин билдирүүсүндө:

«Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун «Правда.ру» порталындагы маегинде айткан сөздөрүндө олуттуу негиз жок. Аттокуров орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген», деп жазылган.

Элчиликтин билдирүүсүндө Кыргызстан – көз каранды эмес, эгемен мамлекет экени белгиленип, эл аралык мамилелердин толук укуктуу катышуучусу болуп саналары, өлкөдө орус тили мамлекеттик эмес, расмий тил экени эскертилген.

Элчилик коомчулукту, кыргыз диаспораларынын уюмдарын лидерлерин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы ой-пикирлерин жарыялоодон алыс болууга чакырган.

XS
SM
MD
LG