Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Мектепке каттоонун электрондук тизмеси


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте балдарды мектептердин 1-классына электрондук кезек аркылуу каттоо долбоорунун экинчи баскычы 16-майда башталды.

Жараян башталгандан бери бир нече сааттын ичинде эле орундары калбай калган да, ата-энелердин арызын электрондук системасы кабыл албай койгон да мектептер болуп жатат.

2019-2020-окуу жылы үчүн балдарды Бишкек шаарындагы мектептердин биринчи классына электрондук кезек аркылуу кабыл алуу боюнча үлгү долбоорду Билим берүү жана илим министрлиги киргизип, муну коррупциялык жагдайларга бөгөт коюу максаты менен негиздеген.

«Жакын эмес, жакшы мектепке бергибиз келет...»

Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептердин 1-классына балдарды электрондук кезекке тургузуунун биринчи айлампасы быйыл февралда башталган. Үч айдан бери 8465 бала электрондук кезекке турду.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи айлампада балдардын ата-энеси жашаган аймактардагы мектептерге арыздар кабыл алынган. Экинчи айлампада жашаган жеринен сырткары аймактардагы мектептерге арыздар кабыл алынууда. Ар кандай себептерге байланыштуу электрондук кезекке туруунун дал ушул экинчи баскычын күтүп жүргөн ата-энелер көп экен.

Андайлардын бири - Бишкектин тургуну Эмил Медетбек. Ал алты жаштагы кызын өзү каалаган мектепке киргизүү үчүн бир нече ирет аракеттенип, сайт аркылуу №66 мектептин 1-классына каттатты.

«Биз баланы мектепке жеткиргенибиздин ыңгайына карап мектеп тандаганбыз, - дейт ал. - Биринчи баскычта ал мектепке арыз тапшыра албайт болчубуз. Ошондуктан 16-майды күттүк. Бүгүн электрондук кезекке туруш үчүн атайын сайтка кирип, бардык баракчаларын толтуруп чыктым. Буюрса арызыбыз кабыл алынды, күзүндө кызым №66 мектепке 1-класска барат».

«Мектепке электрондук кезек» долбоорунун координатору, бул системанын администратору Төлөгөн Аматов «Азаттыкка» ата-энелерден түшкөн арызды мектеп жетекчиси үч күндүн ичинде кароого тийиш экенин билдирди:

«Арыз үч күндүн ичинде каралат. Бир күндүн ичинде деле каралат. Андан кийин 14 күн ичинде ата-энелер мектепке баланын тиешелүү документтерин тапшырууга тийиш. Эгер мектепти алмаштырууну кааласа да, ата-эне ушул мөөнөт ичинде алмаштырып кете алат».

17 855 орундун 53% толду

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мектепке баланы электрондук кезекке тургузуу системасы 2019-2020-окуу жыл үчүн пилоттук түрдө Бишкекте иштеп жатат. Кийинки жылы Ош шаарында иштей баштайт. Аталган министрликтин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова ушул тапта баш калаадагы жети мектептин 1-класстарына бөлүнгөн орундар толуп калганын айтты:

«Квотасы толуп калган мектептерге кабыл алуу токтотулду. Биз Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын акыркы эки-үч жылда биринчи класска кабыл алынган балдардын орточо эсеби тууралуу берген маалыматына карап, тийиштүү суммадагы орунду системага кийиргенбиз. Ар бир мектепке бөлүнгөн квота бар, кайсы мектепте канча орун калды, кайсы мектептер толуп калды - бул маалыматтарды ата-энелер сайттан таба алышат».

Жаңы окуу жылына чейин электрондук каттоо аркылуу мектептерге катталбаган ата-энелер сентябрь айына чейин райондук билим берүү борборлорундагы атайын комиссияга кайрылышса болот. Комиссия ата-энелердин арыздарын карап, баланы мектепке жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Балдарды мектепке каттоо ар бир окуу жылына жаңыдан, жыл сайын жүргүзүлөт. Кийинки жылдар үчүн азыртан кезекке туруу деген болбойт.

Музыкалык мектептерге, атайын көмөкчү мектептерге балдар бул система менен кабыл алынбайт. Мындан тышкары Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназияга да балдар 1-класска өзүнчө тест аркылуу кабыл алынат. Борбор шаардагы математика-физика багытында тереңдетип билим берүүчү №61 мектепке балдар 1-класска экинчи баскыч менен гана кабыл алынат. Бирок мектепке бөлүнгөн 20 орун тизме ачылгандан эки саат өтпөй толуп калган.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, шаардагы мектептер 2019-жылы 1-класска 17 855 баланы кабыл алат. Учурда электрондук кезекке туруу аркылуу бул орундун жарымынан көбү толду.

Системанын татаалдыгына даттангандар көп

Ошентсе да ата-энелер арасында системага «тиши өтпөй», арыздарын, тиешелүү документтерин тиркей албай, кыйналгандары көп. Шаардагы №10 кичирайондо жашаган Бурул Талыпова система жашаган жерден берилген маалымдаманы кабыл албай жатканын айтып даттанды:

«Бардык документтерди тиркеп киргизсек деле, улам «маалымат толук эмес» деп кабыл албай жатат. Мен биринчи этаптан бери эле аракет кылып келе жатам. Кызым өзүм жашаган жеримдеги эле мектепке барышы керек эле».

Системаны иштеп чыккан адистер электрондук түрдө мектепке каттоо бул тармактагы коррупцияны жоет, балдарды мектепке киргизүүнү жеңилдетет деп эсептешет. Алардын айтымында, ата-энелер документтерди туура толтуруп кийирсе, мектептин директору бош орунга баланы сөзсүз кабыл алууга тийиш.

«Мектепке электрондук кезек» долбоору аркылуу баласын мектепке киргизүүнү көздөгөн ата-энелер компьютерден же смартфондон mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, арыз калтырса болот.

Аталган долбоор аркылуу арыз калтырган балдардын саны бүгүн 10 миңге чукулдады. Анын ичинен жети миң бала мектептерге катталып, киргизилди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG