Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Сөөк


Жай казуу.
Жай казуу.

“Манас” аэропортунун жанындагы кырсык тууралуу маалымат тараткан айрым тележурналисттер “Адамдардын жансыз денелери”, “Дене мүчөлөрү” деген сөздөрдү кайта-кайта айтып жатышты...

Кыргыздар “дене” деп айтат, бирок көзү өткөн адамга байланышту айтылганда эч качан “дене мүчөсү” же “адамдын жансыз денеси” деп айтпайт. Кыргыз тилинде сүйлөгөн адам чын эле кыргыз болсо,анда минтип сүйлөгөндүк анын билимсиздигин, эне тилин билбеген тайыздыгын көрсөткөндөгүсү.

“Мүчө” деген эмне? Сөз адамга багышталып айтылса ал адамдын денесинин бир бөлүгү дегенди түшүндүрөт. “Он эки мүчө” деп коет. Адам да, айбан да он эки мүчөдөн же он эки жиликтен турат.

“Келберсиген шер экен, он эки мүчө тең экен” десе, ден соолугу мыкты экен, кемелине келип турган адам экен дегенди түшүндүрөт.

“Этти мүчөлөп койгула” десе, этти мүчө-мүчө кылып жиликтеп койгула дегени.

“Мүчөлүү жигит экен” десе, келбеттүү жигит экен дегенди, “Мүчөсү келишкен кыз экен” десе, бой-келбети келишкен, татынакай кыз экен дегенди билдирет.

Булардан сырткары “мүчө” сөзү катышкан көптөгөн түшүнүктөр бар. Мисалы, “Ал "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү” дейт. “Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү” , “сүйлөм мүчөсү” дейт.

Адам баласы кырсыктан өлөбү же өз ажалынан өлөбү, өлгөндөн кийин араб тилинен кирген сөз менен айтсак адамдын “жасатын”, кыргызча айтсак анын денесин “сөөк” деп атайт. Сөөк десе бүгүнкү жаштар көз алдыларына эти жок, жалаң эле шагыраган сөөктү элестетиши да мүмкүн. Андыктан “сөөк” деген эмне?

“Сөөгү таза адам эле” десе, дени таза, ден соолугу мыкты адам эле дегенди билдирет.

“Сөөк-саактуу бала тура” десе, олбурлуу, чоң бала тура дегени.

“Куда-сөөк” деп коет. Кыргыз башына күн түшкөндө: “дос айрылат, куда-сөөк кайрылат экен” деген. Ошондуктан “куда-сөөк, сөөк-тамыр” деп койгон. Кыз алышып, кыз беришип куда-сөөк болуп жүргөндөр аралары алыстап кеткенде “сөөк жаңырталы” деп, кайрадан кудалашып, карадан кыз беришип, кыз алышкан.

Сөзү ачуу, тили тикен кишилер сүйлөгөндө “Сөзү сөөгүмдөн өттү” деген.

“Сөөгүн агартты” десе, сөзү менен же иши менен ыраазы кылды дегенди билдирген.

Кыргыздар илгери көчмөн доордун жоокерчилик маалында эл-жеринен алыста жүрүп жоо колунан каза тапкан адамдардын этин шылып таштап, сөөгүн тууган жерге алып келип көмгөн. Ошондон улам “сөөк коюу” деген түшүнүк кирген. Ошондуктан ”Кырсыктан каза болгон адамдардын жансыз денелери 40ка жетти” деп айтпастан, “Кырсыктан каза болгондордун саны 40ка жетти” деп, “Жансыз денеси жерге берилди” дебей, “Сөөгү жерге берилди”, “Сөөгүн жакындары алып кетти” деп жазып, сүйлөгөнүбүз туура болот.

XS
SM
MD
LG