Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Баланын таламын талашкандар


Елена Воронина: “Менде 500дөн ашуун балам бар”
Елена Воронина: “Менде 500дөн ашуун балам бар”

Елена Воронина – Кыргызстанда балдардын укугун коргоо жаатында иштеген Коммерциялык эмес уюмдардын жыйынынын жетекчиси. “Азаттык плюстагы” апта темасынын алкагында (“Балажан”) Е.Воронина өлкөдөгү балдар проблемаларын чечүүдө жарандык коом жасап жаткан иштерге кайрылды.

Елена Воронина: Кыргызстанда жалпысынан 18 000 бейөкмөт уюм катталган. Алардын ичинде жалаң гана жаш балдардын проблемалары менен иштеген 4 миңдей уюм бар. Буларга реабилитациялык борборлор, балдар үйлөрү, түрдүү ийримдер, же жалаң гана баланын укугун коргоо жаатында иштегендери кирет. Дагы аялдар укуктары, жалпы укуктар боюнча иштеген уюмдар да балдардын маселелерин карашат. Бирок, тилекке каршы, ошол уюмдардын ичинде реалдуу иштеп жаткандары өтө эле аз. Жарандык коомду колдоо Ассоциациясы акыркы ирет үч жыл мурда билдирген маалыматка караганда, 18 миң уюмдун ичинен болгону 500-800 гана иштейт.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанда балдардын укугун коргоо жаатында канча мыйзам бар?

Елена Воронина: Алар өтө эле көп, 80дей мыйзам актысы бар. Алардын арасында мыйзамы да, токтому да, жоболору да кездешет. Акыркы мезгилдерде булардын баарын дагы бир сыйра илгеп, ирээтке келтирүү зарылдыгы тууралуу айтыла баштады. Анткени алар чындап эле көп учурда бири-бирин кайталап калган. Кылмыш-жаза, Үй-бүлө кодекстеринде баланын укуктары тууралуу айтылат. Бирок алардан сырткары министрликтерде да ички жоболор бар. Биз эсептеп чыгып, жалпысынан балдардын укугу боюнча 81 мыйзам актысын таптык. Мунун баары жакшылап каралып, өлкөдө иштеп жаткан Балдар кодексине камтылышы керек. Андай болбосо, баланын укугу тууралуу кеп болгондо, ата-энеси да, баланы багып алгандар да, бала өзү да толгон-токой мыйзамдарды териштирип, ошонун негизинде иш кылышы керек болуп калат.

Балдардын укугун коргоо жаатындагы мыйзам актылары бири-бирине карама-каршы келет
Төрөкул Дооров:
Кыргызстан балдар укугу жаатында кайсыл эларалык конвенция-мыйзамдарга кол койгон?

Елена Воронина: Биринчи эле кезекте Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Балдар укугу боюнча Конвенцияны айтсак болот. Кыргызстан ага 1994-жылы кошулду. Анын негизинде өзүбүздө Балдар кодекси иштелип чыккан. Андан сырткары, балдарды сексуалдык эксплуатациядан коргоо боюнча Протокол бар, жаш балдарды кыйнап иштетүүгө каршы Конвенция иштейт. Жалпысынан ушулар эле.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанда жетимдердин саны канча?

Елена Воронина: Бизде томолой жетим калгандар тууралуу эч кандай статистика деле жок. Буга себеп көп. Балдар кодексинин негизинде Үй-бүлөнү жана баланы колдоо бөлүмү ишке киришкен эле. Аларда болгону үч адам иштейт. Мына ушул кишилердин мойнуна бир гана балдардын эмес, пенсионерлердин түйшүгүн да артып коюшкан. Андыктан алар көбүнчө үй-бүлөлөргө барганда, ал жакта калган кары-картаңдарга гана көп алаксып, жетим балдар бар-жогун сураштырбай калышат окшойт. Ошентип, алар жетимдерди санашпайт. Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлиги бул өңдүү статистиканы жүргүзбөйт. Кыргызстанда ким жалгыз калган балдарды эсептей турганын биз билбейбиз.

Төрөкул Дооров: Биз акыркы мезгилдерде “социалдык жетимдер” деген терминди көп айта баштаганыбыз, чынында, өкүнтөт. Адатта, ата-энеси тирүү туруп, жетим калгандарды социалдык жетим деп жатабыз. Кыргызстанда андай балдардын саны канча?

Елена Воронина: Мисалы, 1-июндагы форумда айтылгандарга караганда, бүгүн мамлекетте 20 миңдей бала “социалдык жактан жетим” болуп калды. Бул, албетте, бейрасмий маалымат. Көпчүлүк ата-энелер Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттерге иш издеп кетишкен да, балдарын айылда ата-энесине же туугандарына калтырып коюшкан. Туугандары адатта ал балдар ата-энесиз калышканын жашырышат. Ошондуктан булардын саны 20 миңден да көп болсо керек деп ойлойбуз.

Төрөкул Дооров: Сиз Кыргызстанда 4000 дей уюм жаш балдардын укугу менен иштейт деп жатасыз. Ошол уюмдардын кайсыл ишин сиз жетишкендик деп атайт элеңиз?

Елена Воронина: Мен ийгиликтүү иштердин бир мисалы катары үй-бүлөлүк тарбиянын альтернативдүү жолдору тууралуу ишти айтмакмын. Буларды биз “фостердик үй-бүлө” деп коебуз. Кайсыл бир үй-бүлө кароосуз калган балдарды убактылуу өздөрүнө алып, тарбиялайт. Аларга мамлекет айына каражат берип турат. Чет-өлкөлөрдө бул ийгиликтүү иштеп жатканын билебиз. Кыргызстанда болсо “фостердик үй-бүлөлөр” аз, бирок сапаттуу иштеп жатышат. Эң өкүнүчтүүсү – балдарды өзүнө алайын деген үй-бүлөлөргө бюрократиялык жана коррупциялык тосмолор көп. Жөнөкөй эле справкадан тарта толтура документтерди талап кылышат. Андан сырткары, андай үй-бүлөлөрдө багылып алынган бала үчүн мамлекет айына болгону 64 сом төлөйт экен... Айтыңызчы, 64 сомго азыр кантип бир ай жашайсыз? Бирок муну биз, жарандык коом, өзүбүздүн талап-суранычтарыбыз менен кайра өзгөртө алабыз деп ишенем.

Мигранттардын саны өскөн сайын “социалдык жетимдер” да көбөйүүдө
Экинчи жетишкендигибиз – ички мигранттардын азыр кароосуз калган, же билимсиз калган балдары менен иштеше турган Балдарды коргоо борбору түзүлгөнүн айта алам. Адатта, андай балдарды Бишкекте мектептер өздөрүнө албай коюшат. Ушул учурда аталган борбор алардын укугун Билим берүү министрлигинде да, райондук билим берүү органдарында да коргоп чыгат. Бул жаатта бир топ жакшы ийгиликтерибиз бар.

Үчүнчүдөн, Эмгекти коргоо инспекциясы базарларда, же “балдар иштейт экен” делген аймактарда ай сайын рейддерди өткөрө башташты. Алар ошол жерлерде балдардын укугу тебеленип, алар күч менен иштетилип жаткан жайларды таап, алардын жетекчилерин эпке келтиришет.

Төрөкул Дооров: Балдардын укугун коргоодо Бейөкмөт уюмдардын оорду кандай?

Елена Воронина: Биз, журналисттердей эле, кароолчу ит сыяктуубуз. Каерде кандай проблема, ал эмнеден чыгып жатканын билебиз. Биздеги проблемаларды чечүү үчүн сөзсүз эле чоң каражаттын кереги жок. Аз болсо да, колдогу каражатты туура пайдаланып, көптөгөн маселени чечсе болот. Биздин көптөгөн чиновниктер проблеманы үстүртөн гана билишет, алар маселеге терең карап, ой жүгүрткүлөрү келбейт. Бир гана үй-бүлөгө жардам берип, маселени чечип кое албайсың. Бул үчүн системанын өзүн өзгөртүш керек. Мен бейөкмөт уюмдардагы өзүмдүн кесиптештериме аябай ыраазымын. Каражаттын аздыгына карабай, алар проблеманы таап, аны мамлекеттик органдар менен биргеликте чечкенге бар күчүн жумшап жатышат. Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын өнүгүү жолу бир канча этаптардан өттү. Азыр биз эксперттик деңгээлге чыктык деп айта алам. Анткени арабызда тигил же бул тармак боюнча эксперт катары баасын берип, өздөрүнүн мыйзамдарын сунуш кылгандар чыгып жатат. Бул – биздин профессионалдык деңгээлдин өскөнүнөн кабар берет деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Елена, сиздин өзүңүздө балдарыңыз барбы?

Елена Воронина: Жок. Менин өзүмдө балдарым жок. Бирок мен 17 башка уюм менен иштешем. Алардын ар биринде 30дун тегерегинде бала бар экенин эске алсак, ошондо канча балам бар экенин өзүнүз эле эсептеп көрүңүз!
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG