Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Укук коргоочу Аскаровду башка камакка которушту


Өзбек улутундагы укук коргоочу июнда Жалал-Абаддагы кагылыштар учурунда кармалган
Өзбек улутундагы укук коргоочу июнда Жалал-Абаддагы кагылыштар учурунда кармалган

Кечээ адам укугун коргоочу “Эларалык мунапыс” уюму Жалалабатта кармалган өзбек улутундагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду милиция кыйнып, ур-токмокко алып жатканын билдирди. Уюм Аскаровду “абийир туткуну” деп атап, аны тез арада түрмөдөн чыгарууга чакырды. Бүгүн маалым болгондой, Азимжан Аскаров үч күн мурда эле Базар-Коргондон Жалал-Абад облустук убактылуу кармоочу жайына которулган.

Өзбек улутундагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду үч күн мурун Базар-Коргондогу райондук милициянын кармоочу жайынан облустук бөлүмгө которушканын “Азаттыкка” анын адвокаты Нурбек Токтакунов айтты. Адвокат ошондон кийин гана Аскаров менен бетме-бет көрүшүп, сүйлөшө алганын билдирди.

“Аскаровдун өзүнүн айтканына караганда, азыр аны бул жерде кыйноого алышкан жок", деди адвокат.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровду 15-июнда Базар-Коргондогу тополоң учурунда кармашкан. Аны “массалык башаламандыкты” уюштуруп, “улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козгогон” деп, ал жерде июнда курман болгон милиция кызматкеринин өлүмүнө да тиешеси бар дешкен. “Кийин Аскаровду кармоо жайында милиция урганы да ошондон”, - дейт адвокат.

“Amnesty International” уюму 5-августта билдиргенине караганда, укук коргоочуну урган милиционерлерди жазалоодон бийликтер баш тартышты.

Башкы-прокуратурадан “Азаттыкка” июлдун башында айтышкандай, Аскаровду милиция эмес, аны менен түрмөдө бирге жаткан адам урган. Аскаров өзү деле аны ырастаганы менен, адвокат Токтакунов буга ишенбей турганын айтат.

“Аскаров өзү “Мени камерада бирге жаткандардын бири урду” деп билдирген. Бирок мен анын көрсөтмөсүнө ишене албай турам, - дейт Нурбек Токтакунов. - Ал баары бир ошол жерде кармалып тураарын билгендиктен, кыйноолор кайталанбаса экен деп, ошондой көрсөтмө бергенге мажбур болду”.

Адвокаттын айтымында, Аскаровду прокуратуранын жардамы менен баары бир башка жакка которушту. Буга Базар-Коргондогу кармоо жайында укук коргоочу үчүн жаралган кооптуу жагдай себеп болгонун “Акыйкаттык” деп аталган укук коргоо уюмунун өкүлү Бактыкан Жапарова айтты.

“Азимжан Аскаров Базар-Коргондо кармалып турганда чындап эле ага катуу басым жасалган, кыйноолорго алынган, - деди укук коргоочу Бактыкан Жапарова. - Ал эле эмес, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ага “салык салышып”, кармоо жайында бирге жаткан өзбек улутундагы башка адамдарга урдурушкан. Аскаровдун жакындары ага тамак-аш алып барышса да бердирбей коюшчу”.

21-июлда Аскаровдун кайын-эжеси ага тамак-аш алып келгенде белгисиз аялдардын тобу аны ташбаранга алышты. 2-августта болсо адвокат Нурбек Токтакунов да убактылуу кармоо жайына келгенде ага топтолгон адамдар “өзбекти эмнеге коргойсуң” деп чабуул коюшканын билдирди.

“Мен Аскаров менен сүйлөшөйүн деп барганда ошол курман болгон милиционердин туугандары келип, мага кысым жасашты. Мен барганда дайыма бирөө аларга: “Мына, адвокат азыр келип, аны алып кетет экен”, - деп кабарлап турат экен. Ошентип иштегенге мүмкүнчүлүк бербей коюшту, - деди адвокат. -Ошон үчүн прокуратуранын жардамы менен аны башка жакка котордук”.

Азыр эми укук коргоочулар, анын ичинде “Amnesty International” уюму да, Азимжан Аскаров укук коргоочулук иши үчүн кармалып, айыпталып жатат деп ишенишет.

Аскаров өзү “Воздух” деп аталган укук коргоо уюмунун директору катары белгилүү. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын айтымында, буга чейин ал Базар-Коргондогу жана жалпы Жалал-Абад облусундагы милициянын бир топ кыйноолорго катышканы жөнүндө документтерди жарыялап келген. “Жергиликтүү милиция ошол себептен ага көптөн бери эле тишин кайрап жүргөн”, - дейт А.Абдрасулова.

Н.Токтакуновдун айтымында, Азимжан Аскаровдун иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгы бүгүн-эртең айтылат, анан иш сотко өткөрүлөөрү күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG