“Кыргыз туусу” президент Алмазбек Атамбаевдин ооруп жаткан күндөрү анын тезирээк сакайып кетишин тилеп колдоо көргөзгөн кыргызстандыктарга ыраазылык билдирген сөзү, депутат Айнуру Алтыбаеванын “Акыркы сөздү референдум күнү эл өзү айтат” деген маеги, “Шайлоочулардын коомдук кеңеши” уюмунун координатору Сабина Сопубек кызынын “Референдумдун өткөрүлүшүнө каршы туруп жаткандар жаңы долбоорду жакшы окубагандар же окуса да андагы эң орчундуу жагдайларды түшүнгүсү келбегендер деп ойлойм” деген макаласы жана “Кыргыз-өзбек алакасынын жаңы барагы ачылды” деген сүрөттүү баян менен жаңы санын ачты.
Гезит Чыналы Шакетаев менен Жолдошбек Бузурманкуловдун “Нусубалы” аттуу баянын, Нургазы Мусаевдин “Эт жебеген жетекчи же Кыргызстанга эбегейсиз кызмат кылган Кинлай мырза” аттуу макаласын, илимдин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакуновдун академик Аманбек Жайнаков тууралуу жазганын, Алайдын акими Илияз Ташкуловдун маегин жана башкаларды окуйсуздар.
“Эркин Тоо” гезити байыртан эле “алтын чөйчөк” аталган Тогуз-Торо району 80 жылдыгын белгилегенин, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков катышып, “Саймалуу таш” мамлекеттик Улуттук паркына зыяны тийбегендей кылып “Кылдоо” алтын кенин иштетүү маселесин ойлонуп көрүү керектигин кеп кылып, райондун өсүп-өнүгүшүнө оң пайдасын тийгизе турган Түндүк-Түштүк жаңы жолунун курулушу менен таанышканын, 3 километр 700 метрлик тешкен тоонун бүгүнкү күндө 289 метри казылып бүткөнүн көргөнүн, райондун салтанатында жолчулар менен эмгек алдыңкыларына сыйлыктар жана өз фондунан 100 миң сомдук сертификатты тапшырганын жазып чыкты. Аталган басылмадан Сокулуктун Военно-Антоновка айыл башчысы Нурусланбек Бөкөнбаевдин маегин, Абдимухтар Абиловдун философия илимдеринин доктору, Улуттук университеттин журналистика факультетинин деканы Абдыганы Халиловдун ишмердиги тууралуу баяны менен таанышасыздар.
“Фабула” гезити таланттуу акын Нуралы Капаровдун жаңы ырларын жарыялады. Табабыз деп жоготконубуз көп болгонун Нуралынын “240 млн. кыргыз элек”, “Отурасың өзөгүндө”, “Алтын балык” жана “Жоготтум” деген ырларынан окуп, ойлонсоңуз болот.
“Унаисти” жазган Мелис Арып-Бек менен Анарбек Усупбаевге чара көрүлүшү керек” деген баштеманын алдында жазуучулар Темирбек Жолдубаев, Мукан Асаналиев, Жума Мамбетов, котормочу Гүлжигит Сооронкулов улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду жана анын өлбөс-өчпөс чыгармаларын жок жерден каралаган бул чыгарма сөрөйдүн авторлору адамдык чектен чыгып кеткендигин сынга алышты. Жазуучу Жумабек Токтогазиев:- Анарбек Усупбаев менен Мелис Арып-Бек экөөнү тең сотко берип, акесин таанытабыз, жетишет булардыкы,- деп айтканын кабарлады. Чындыгында эле акыркы кездери адабиятта оюна келгенин оттой баштаган “балтиниттер” арбый баштаганын эскерте кетели.
Журналист Тилек Рыскулов “Азыркы башмыйзамдын 41-беренесинин 2-бөлүгү Кыргызстандын жоголушу үчүн атайылап жазылган беле?” деп атап, так ушул беренеге такап эларалык адам укугун коргоочу уюмдар Кыргызстандын сотторунун чечимдерин сыйлабай, сыйламак турсун тоготпой, жокко чыгара аларын мисалга тартып, эгер өлкөбүздүн ичинде жашаган кайсыл бир этностун өкүлдөрү Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдарга кайрылып “Биздин укугубуз бузулуп жатат, өз алдыбызча автономия кылып бергиле” десе кандай кылабыз деген суроону коюп, Конституцияны ичинен жарылчу миналарды учурунда тазалап салуу керектигин кеп кылды.
Конституцияны которуу боюнча лингвистикалык экспертизанын мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Токтоналиевдин макаласы “Конституциядагы “бомбалар” деген ат менен жарык көрдү. Журналист Тынчтык Алтымышев Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова жөнүндө “Өзөктөн чыккан өрт жаман” деген рубрика менен “Эл душманы” эмей ким?” деген макаласын тартуулады. Генерал Кеңешбек Дүйшөбаев тууралуу, анын Кадыржан Батыровду качырууга катыштыгы бар деген каңшаар сөздөр тарап жатканын, каңшаардын кабары катуулаган сайын Дүйшөбаевдин да үнү катуу чыга баштаганы “Курултайга келгиле?” деген макалада баяндалды.
“Вечерний Бишкек” гезити кечээ бүт дүйнөдөгү немистер биримдик күнүн белгилегенин, ошондойле карылар күнү белгиленгенин, газ арзандаганын жана башка материалдарды окуп, журналист Нина Ничипорованын кыз ала качуу тууралуу макаласы менен таанышасыздар.