“Эркин Тоо” гезити жаңы санын “Көчмөндөр оюну кыргыз элинин тарыхта калар табылгасы” деген баш тема менен ачып, анын башталышына 29 күн калганын, оюнду чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк 57, жергиликтүү 46 массалык маалымат каражаттарынын өтүнүчтөрү каралганын, азырынча оюнга дүйнөнүн 29 мамлекети катышмакчы болгонун кабарлады.
“Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү талкуулайбыз” деген рубриканын алдында журналист Таалайбек Темировдун макаласы жарык көрдү. Коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков “Туура эмес пайдаланса, демократиянын душманы–демократия” аттуу маегинде Башмыйзамдагы өзгөртүүлөргө пикирин билдирип, “парламенттик республика” деген атагыбызды сөз жүзүндө калтырбай ишке айландырыш үчүн президентти каадаларга гана катышчу кызматка айландыруу керектигин, андагы аткаруу бийлигинин функцияларын, айрыкча күч органдарын толук бойдон премьер-министрге өткөрүп берүү керектигин, буга байланыштуу бир ой тууларын, азыркы Конституция боюнча армия президенттин ал эми ички иштер министрлиги, ички аскерлер курамы премьер-министрдин карамагында экендигин, эмдиги жылы шайлоо болорун, эки кызматтын тең дымагы бийиктигин, кокус талашка түшкөндөр кызуу кандуу жигиттерден болсо, анда алар бири-бирине күч колдонбойт деп эч ким кепил боло албасын, ошондуктан шайлоодогу таймашка каадаларга гана катышып турчу президент катары кызматтык милдеттери калышы керектигин, ошондо талашып, атаандашып ал кызматты бирөө жеңип алса болорун, президент жалпы тынчтыкка, коопсуздукка коркунуч келтире албастыгын айтты.
Күтүүсүз күйүткө кептелип, Кудайдын сыноосунан таман акы, маңдай тери, карандай ак эмгеги менен чыгып кеткен, азыр баарын орду-ордуна коюп, бакубат жашап жаткан Күлүкан Жапарбекова аттуу аял тууралуу журналист Айчүрөк Макешованын маегинде баяндалат.
“Кыргыз туусу” гезити акын Өмүрбүбү Бегалиеванын “Нүсүп аталыкка 220 жыл” деген макаласын басты. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы “Ушакты жазардан мурда, тактап алса болмок же муфтияттын ишмердүүлүгүн көрө албаган Качкын Булатовдун маалыматтарына оңдоолор” деген ат менен түшүндүрмөсү тартууланды. Журналист Болотбек Таштаналиевдин “Кыргызстандын тагдырында карапайым адамдардын тагдыры бар” деген жана “Элге кызмат кылам!” дечү элек... Кыргыз тарыхын ким жазат?” деген, карыя журналист Ажымукан Түркмөновдун “Элдик күрөштүн аягы “Үркүн” менен коштолгон” деген макалалары жарык көрдү.
“Супер инфо” гезити бул санын Конституцияга айрым өзгөртүүлөр эмне себептен киргизилип жаткандыгын айткан президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүн жарыялоо менен ачты. Ушул эле гезит “Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү көшөгөсүнүн артында эмне турат?” деген жалпы теманын алдында блоггер Данияр Айтман, депутаттар Өмүрбек Текебаев, Чолпон Жакупова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, саясатчылар Адахан Мадумаров жана Равшан Жээнбековдун ойлорун ортого салды.
Данияр Айтман:- Конституцияга киргизиле турган оңдоолор кооптуу, -деп,
Өмүрбек Текебаев:- Бул мыйзам долбоорунун иштелип чыгышына мен эле эмес, депутаттардын көпчүлүгү катышкан жок. Кээ бир партиялардын депутаттары “лидерлер айтканынан кол коюп бердик” деп жатышат. Эл бизге ишенип, тагдырыбызды чечип беришет дегенден кийин Конституцияга өзгөртүүнү көрбөстөн туруп кол коюп берген жоопкерсиздик,- деп,
Чолпон Жакупова:- Документти талкуулоого жарым жыл талап кылынат. Негизи референдум жазга даярдалышы керек болчу. Алар бул нормалардын баарын кантип аттап өтүшкөнү жатканы мага түшүнүксүз,-деп,
Мавлян Аскарбеков:- Бул демилге “бийлик тарабынан жасалып жаткан мамлекеттик төңкөрүш” деп айтылды,-деп,
Равшан Жээнбеков:- Өзгөртүү киргизүү менен жакшы жыйынтык болот деп ким ишене алат? Мен буга таптакыр ишенбейм,-деп,
Адахан Мадумаров:- Башмыйзамга түзөтүү долбоору жең ичинен жазылып, Конституциялык кеңешмеден өткөн жок. Андыктан бул туура эмес деп эсептейм,- деп айтышты.
Бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити да Башмыйзмга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулай баштады. Юрист Александр Типеровдун ойлору сот системасына багышталды.
“Ысык-Көлдүк маньякты” министр өз көзөмөлүнө алды” деген макалада таксист болумуш болуп жүргөн зөөкүр өзүнө түшкөн кичинекей балалуу келинди жеткирем деп салып алып, бир маалда эле элсиз тоо жакты көздөй бурулуп барып, чыркыраган баласына карабай, келинди “өлтүрүп салам” деп коркутуп туруп, зордуктап салганын, бул айбан мындай жорукту далай ирет жасаганын, акыры колго түшүрүлүп, эми үй-бүлөсү менен жакындары ортого түшүп, кордолгон келиндин арызын 20 миң сом беребиз, 30 миң сом беребиз, эгер арызыңды артка албасаң абийириңди дагы төгөбүз деп жүргөнүн, акыры көлдүк маньяктын кылмыштуу бул иши жетчү жерге чейин жетип, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алганын баяндады.