Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:19

Алтымыш саясатчыдан ак кой артык


Оргочордун уяң жүндүү ак кою.
Оргочордун уяң жүндүү ак кою.

Жума күнкү жаңырган айдын башындагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Фабула” гезити эки бетин жалаң парламентке арнады. Журналист Тынчтык Алтымышев макаласын “”Булбулдары” көп, “балыктары” жетиштүү, “чочугандары” арбын парламент” деп атаса, журналист Гүлмира Шаршеева макаласын “Жогорку Кеңеш эс алууга чыкты, парламенттин ушул кезге чейинки ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?” деген суроону коюп, айрым адамдардын пикирин жыйнады. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча экинчи инстанциядагы Аскер соту чыгарган өкүмгө “Мекен шейиттери” коомдук бирикменин мүчөлөрүнүн билдирүүсү жарык көрдү. Анда мындай саптар бар: “Соттолуучулар канчалык актанган күндө да, булар эң оор кылмыштарды аткаргандар экени талашсыз. Алардын колдору менен Бакиевдердин үй-бүлөсү өз душмандарын өлтүрүп, элдик көтөрүлүштү баскысы келген. Ушул саясат кийинки кыргыз-өзбек кандуу Ош окуяларына алып келди. Ошон үчүн бардыгы жана биринчи кезекте кылмыштуу буйруктарды аткаргандар өз кылмыштары үчүн жооп берүүлөрү керек. Ал эми алардын буйрукту гана аткарганбыз деген актануулары жумшартуучу жагдай болуп бере албайт”.

”Фабуланын" бүгүнкү санынан академик Мамбет Мамакеев жетектеген Улуттук хирургия борборунун анестезиолог врачы Жамиля Чыңгышованын өзү иштеген борбордун мыкты иштери жана кесиптештери жөнүндө маеги жарык көрдү. Жазуучу Нуралы Капаровдун “Мен билген Салижан Жигитов” аттуу макаласы уланууда.

“Эркин Тоо” гезитине Карбалас Бакировдун профессор, көз доктур Алмазбек Исманкулов менен маеги “Кыргызстан медицинасынын №1 бренди” деген ат менен жарык көрдү. Сартбай Курманалиевдин макаласы “Самансур бий–заң-мыйзамдарды чыгарган улуу инсан” деп аталды. Журналист Айша Алиева СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жөнүндө жазса, журналист Атай Алтымышев колунан көөрү төгүлгөн уз Байыскан Көчөрбаева тууралуу жазды.

“Супер инфо” гезитинен актриса Нуриза Бурханованын “Көзөмөлдөгөн эч ким жок жыргап жашап жатам” деген маегин, баягы №50-СИЗОдон качкан Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов, Болот Курбанахунов деген кылмышкерлер Свердлов райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылганын, укук коргоочу Рита Карасартованын, теледиктор Айтурган Сатиеванын, Республиканын эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаеванын маектерин окуйсуздар.

“Кыргыз туусу” гезити айыл чарба илимдеринин кандидаты, агроном Жапарбек Тынаевдин “Сталин жетишпей турат же айыл чарбасын кантип өнүктүрө алабыз?” деген макаласын тартуулады. Автор макаласында ал жетектеген “Атыгай” кооперативи уяң жүндүү ак койду көбөйтүү максатында Жети-Өгүздүн Оргочор айылында кооперативди кантип уюштурганын, кайсыл ресурстарга таянганын, жайыт маселесин кантип чечип алганын, чет элдик алдыңкы тажырыйбаларга кантип таянганын айтып келип, кийинки кездери айыл чарба министрлигин жоюп салуу керек дегендердин, айрыкча академик Жамин Акималиевдин айтканына каршы экенин, айыл чарба министрлиги аба менен суудай керектигин белгилеп өзүнүн сунуштарын ортого салды.

“Де-факто” гезитине академик Абдылдажан Акматалиевдин “Тайлак баатыр–улуттук боштондук кыймылынын баштоочусу” деген макаласы жарык көрө баштады. Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудиновдун маеги басылып, ал “Сырткы миграцияны азайтыш керек” деп аталды. Журналист Нургазы Айтмырзаев макаласын “Дүйнө жүзүндө паспорттогу графанын айынан жоголгон бир дагы этнос жок” деген ат менен тартуулады.

“Вечерний Бишкек” гезити бул санын “Кудум Индиянын киносундагыдай” деген баштема менен ачып, Бишкек менен Дели шаарларын миңдеген чакырым аралыктар бөлүп турарын, бирок кыргыз кызы Айгерим менен индиялык жигит Викрам Гоеланын жүрөктөрүн сүйүү түбөлүккө бириктирди деп жазган журналист Нина Ничипорова эки жаштын маегине окурмандардын көңүлүн бурду. Эмне үчүн 5 күндөн бери улам-улам жер титиреп жатканынын себептерин Сейсмология институтунун директору, профессор Канатбек Абдрахматовдун маегинен билсеңиздер болот.

Сессиянын аякташына байланыштуу парламент тууралуу журналист Зинаида Сорокинанын макалалары жарыяланды. Журналист Азамат Касыбеков жакында Ат-Башы районунун кире беришиндеги жерде Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ооган согушунун ардагерлерине арналган мемориалдын ачылышы болгонун, мемориалды Бишкектин 1-Май району боюнча Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Таалайбек Мамытбековдун демилгеси менен орнотулганын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG