Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:20

Карышкырдын терисине ит баралбайт


Апрель алааматында курман болгондорду эскерүү.
Апрель алааматында курман болгондорду эскерүү.

Апта соңундагы кыргыз басылмаларына Шайлообек сереп.

Депутат Жылдыз Мусабекова депутат Рыскелди Момбековдун 7-апрелди кызыл күн кылуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатканда сөз алып: “Эгер 7-апрелде эл кан-жанын аябай Бакиевдерге каршы чыгып революция кылбаганда, ушул жерде олтурган депутаттардын жарымы эбак атылып жок болмоксуңар, жарымыңар камакта жатмаксыңар, калганыңардын бизнесиңерди бүт Максим тартып алып, салыкка төкчү акчаны Жанышка төгүп, Бакиевдердин алдында кошомат кылып бөйпөңдөп жүрмөксүңөр, бүгүн болсо анын бири жок” деп эркекче сүйлөгөнү ойго да салып, катуу таасирин берди окшойт, биринчи жолу бул мыйзам үч окуудан тең өтүп кеткенин маалымдады “Фабула” гезити. Аталган гезит бүгүн Үсөн Касыбековдун “Эски журтта ээнсиреп калган Бириккен Оппозиция Кыймылы” деген, экс-президент Роза Отунбаеванын “Эчкимге таянбашыбыз керек” деген макалаларын, депутат Айтмамат Назаровдун “Экономикабыз өсүштө болсо эл сезет эле го?!” деген маегин жарыялады. Мурдагы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев маегин “Батукаевди Жогорку Кеңештин 4 депутаты коштоп барган” деп атап, кимдер барышканын өздөрү жакшы билишерин, азырынча айтпастыгын, ким акча алганын да билерин, ал учур да аз калганын, ал жерде жарыла турган “бомба” барын белгилеп, Бакиевдер тууралуу айткан Зарылбек Рысалиев тиешелүү органдар Беларуска барса болмогун, бирок "карышкырдын терисине ит баралбайт" деген кыргыздын сөзү чын болуп жатканын, маселен Жанышты уурдап келиш иттен оңой экенин, ал күндө мас, аракеч экендигин айтты бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити аркылуу.

“Жаңы ордо” гезити “Мааниси кеткен Малабаев” деген макала басып, “Тендер чуусу боюнча өкмөт башчысы Темир Сариев бул ишке анын айланасындагылардан эчким аралашпаганын кескин билдирип, кайсы гана укук коргоо органы болбосун текшерип чыккыла деп айтканын, ушунча жыл саясатта жүргөн Темир Сариев мындай алдамчы ишке барышы күмөн туудурарын, ага Сариевдин мүнөзү да, принциби да жол бербестигин, тескерисинче депутаттык комиссия түзөлү деп кыйкырып чыккан депутат Канат Исаевдин өзүнүн жеке кызыкчылыгы бар экени айтылып жатканын, көрсө анын жакындарына таандык “Империя Групп” деген ишканасы тендерге катышам деп мыйзам бузуулардан кийин тендерден четтетилгендигин, мына ушуга күйгөн Исаев өчүн Малабаев аркылуу алгысы келип жалаа жабууга өткөнүн жазып чыкты.

“Жаңы ордо” гезити аркылуу Адилет Айтикеевге маек берген Беларустагы Жаныш Бакиев “7-апрель күнү БТРдин айланасындагы адамдарга, курал көтөрүп, Акүйгө чабуул кылган адамдарга ок атууга буйрук берген болчумун” деп айтканын жана башкаларын басты. Бул санда Транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин “Жоопкерчиликтен такыр качпайм” деген, депутат Кубанычбек Жумалиевдин “Мен өзүмдүн алган маалыматым боюнча Темир Сариевдин күнөөсү жок деп жатам” деген, журналист Бекташ Шамшиевдин “Апам эгер тирүү болсо мен азыр айылга көчүп кетет элем” деген маектерин, профессор Абдыкерим Абдыразаковдун “Бексултан Жакиевдин “Алтын аяк” драмасында эл тарыхын көркөм сүрөттөө чеберчилиги” деген макаласын окуйсуздар.

“Эркин тоо” гезити 7-апрелге байланыштуу көптөгөн материалдарды жарыялады. Алардын бири Кыргыз эл баатыры Алиясбек Алымкуловдун “Биз кыргыздар руху күчтүү элбиз” деген маеги.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Мен ишенем, бара-бара 7-апрель майрамы да кыргыз эли үчүн ошондой салтанаттуу, ыйык майрамдардын бири болот” деген сөзүн баштема кылуу менен президенттин Апрель ревоюциясынын 6 жылдыгына байланышттуу кайрылуусун фото сүрөттөр менен коштоп тартуулады.

“Жаңы агым” гезити композитор Турдубек Чокиевдин Автордук укукту ким коргойт?” аттуу макаласы аркылуу Кыргызстандагы телеканалдардын дээрлик баары, КТРдын “Таңкы маанайы”, “Арноо концерти”, “Кыргызстан обондору”, “Сармерден”, “Миң кыял FM” радиолору, “Манас жаңырыгы” “Санат” аттуу телеканалдар автордук укукту сактамак турсун, аны билбейт окшойт деп күнөөлөдү. “Жаңы агымдан” сиздер “”Сариевдин орду көптүн көзүн кызартууда” деген, “Улуттук университеттин студенттери Түркиядан билим алышат” деген, “Тамекиден насвайга өткөндөр көбөйдү” деген, “Бишкекте 4530 ит атылды” деген, “Бишкекке Кытайдан 10 жаңы автобус келди” деген, “Эшек чуусу эми Аксынын Ак-Суу айлынан чыкты, ал жерде 22 эшек союлган” деген майда кабарларды таратты. Ушул эле гезиттен “7-Апрель революциясы максатына жеттиби?” деген теманын алдында айрым адамдардын ойлорун, коомдук ишмер Дамира Ниязалиеванын “Мекенибизде өнүгүү процесси жүрүп жатат” деген, тендер чуусуна арналган эки макаланы, Кадыр Бостондун “Алты жылды карыткан Апрель соту” деген, Темирбек Алымбековдун “Жашылдандырууда Социалисттик Эмгектин баатыры, айтылуу педагог Көкөбай Мамбеталиевдин тажрыйбасы эмне үчүн колдонулбайт?” деген макалаларын окуйсуздар.

“Супер инфо” гезити “Медициналык алдамчылык же бизди инсульт, инфарктка кантип даярдашат?” аттуу макаланы басты. Дуулатбек кызы Уулжандын баяны “Күйөөм милиция кызматкерлеринин жалаасынан улам асынып алды” деген ат менен жарык көрдү. “Капчыгы калың студенттер” деген теманын алдындагы жарык көргөн макаладан окуп жүрүп стипендиясынан үй-бүлөсүнө жардам берип жаткан студенттер менен таанышасыздар. Мурат Жалиевдин маеги “Соо жерим жок, мурдум сынган, мээм чайкалган” деп аталды. 1-апрель күнү режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасы Орусиянын “Ника” сыйлыгын утуп алганын, фильмге “Балтика жана КМШ өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” деген наам ыйгарылганын, аталган наамга Эстония, Грузия, Украина, Литва режиссерлорунун тасмалары ат салышып, ийгилик кыргыз жигитине оогонун белгилеген “Супер инфо” гезити Мирландын өзү менен аңгемелешти. Маек “Ника сыйлыгын алганымды түнкү саат үчтө уктум” деген ат менен жарык көрдү. Ушул эле гезитте журналист Гүлжан Асанкожоеванын “4 жылда 62 жоокер каза болгон. Эмне, Кыргызстанда согуш жүрүп жатабы?” деген макаласы да басылып чыкты.

“Де-факто” гезити “Исаев менен Сариевден маалыматтык согуш” деген, “Жээнчороев мандатын тапшырам дейби?” деген, “Акибаев акимдикке да жарабайт өңдөнөт” деген, “Эски кек эстен кетпейт” деген, “Кутушев “кутум” кылабы?” деген майда кабарларды тартуу кылуу менен жаңы санын ачты. Депутат Иса Өмүркуловдун маеги “Аларга элдин тынчтыгы, өлкөнүн стабилдүүлүгү керек эмес” деп аталып, эл өкүлү азыркы өкмөттү сынга алды.

Депутат Анвар Артыков мамлекеттен үй алганына 20 жыл болгонун айтып үйдүн тегерегиндеги чууга чекит койду. Депутат Махабат Мавлянова “Насвай рак оорусуна алып келет” деп маек куруп, насвайдын составында тооктун жана башка жаныбарлардын кыгы барын, насвай тарткандар рак оорусуна кабыларын, бул изилдөөлөр Щвециянын Стокгольм шаарында ооз көңдөйүнөн алынган анализден кийин аныкталып чыкканын, насывай мындан тышкары адамдын эске тутуусун, эркектердин тукум улоосун талкаларын кеп салып берди. Депутат Автандил Кулбараков “Де-фактодогу” маегин “7-апрель алтын тамагалар менен жазылып калчу күн” деп атады. Аталган басылма “Иттин өлүгү” катылган идеология же “Себат” себелеген үрөн” деген Нургазы Айтмырзаевдин макаласына ата-энелердин жана коомчулуктун көңүлүн бурду. 7-апрелге карата үч акындын ырлары жарыяланды. Профессор Кадыркул Даутовдун “Кандай акын оригиналдуу болот же Анатайдын ачылышы” деген сандан санга жарыяланып жаткан эмгегинин уландысы Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун чыгармачылыгына арналып жарыяланууда.

“Вечерний Бишкек” гезити “Көз жашка толгон майрам” деген макаласы аркылуу Апрель революциясынын 6 жылдыгын Кыргызстан кантип белгилегенин Александр Тузов жазып чыкты. Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөр ушул өңдүү тарыхый күндөрүн салтанатуу майрам катары белгилеп келе жатышканын, мисалы Франция Бастилияны алган күнүн, мурдагы советтик өлкөлөрдүн көбү 9-Май Жеңиш күнүн майрамдашарын, ар кандай революциялардын баары трагедия менен коштолорун, көз жаш, ый, кайгы болорун, бирок адегенде эскерүүгө айланган күн акырындап жыл сайын белгилене турган ыйык күнгө, арты барып майрамга айланарын айтканын жазып чыкты.

Ушул эле “Вечерний Бишкек” гезитинен сиздер журналист Бермет Маликованын тендер чуусу боюнча макаласын, журналист Евгений Денисенконун 1916-жылдагы трагедия тууралуу макаласын, орус-кыргыз алакасы тууралуу макаласын, журналист Анастасия Карелинанын “Көрүүчүлөрдү эмоцияга тойгузгула” деген режиссер Борис Ходырев менен маегин окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG