Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Билим бааланбаган мезгил


Жыл аягында чыгып жаткан гезиттерде саясий-экономикалык маселелер арбын жазылды, президенттин маалымат жыйыны талкууга түштү.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда журналисттер менен жылды жыйынтыктаган пресс-конференцияда сүйлөгөн сөзүн “Мамлекеттин коопсуздугунан каражат аябайбыз” деген аталыш менен жарыялады. Бул гезиттен сиздер II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык башталганы тууралуу макаланы, журналист Мырзакат Тыналиевдин “Коллекциялык монеталар – коллекция гана эмес, инвестиция да болуп саналат” деген баянын, “Кыргыз туусу” аныктаган жыл мыктыларын окуйсуздар.

Президенттин кечээки сөзүн “Фабула” гезити “Мен өз оюмду Путинге да, Эрдоганга да айттым”, “ГЭСтерди Россия куралбайт”, “Мен кызуу кандуу жигиттин өлкө башына келишине жол бербейм”, “Өлүм жазасын киргизем, бирок...”, “Мен акыры жадаганда сотко бердим”, “Революция болбойт” деген майда темаларга бөлүп басты.

“Фабула” гезитинде мындан тышкары ички иштер министри Мелис Турганбаевдин “Сирияга 458 жараныбыз кетип, анын 6 пайыздан ашыгы каза тапты” деген маеги жана башка материалдар бар.

“Де-факто” гезити депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин “Жалпы элимдин ак батасы менен жашаганга жараткан жар болсун” деген аталыштагы маегин тартуулады. Депутат өз сөзүндө спорт сарайынын алдындагы өзү тарабынан тургузулган Кожомкулдун эстелиги, “Байтур” корпорациясынын ишмердүүлүгү, Суусамырдагы өзү окуган мектепке берип келаткан жардамы, Төө-Ашуудагы лыжа базасы, Кыргызстанда бизнес жасоонун сырлары тууралуу кеп кылды. ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Раим Салимов маегинде “Кыргызстандан диний согушка кеткендердин 76,7 пайызын эркектер, 23, 3 пайызын аялдар түзөт” деп айтты.

“Жаңы агым” гезити журналист Келдибек Назировдун “Улут тагдырын ойлоо жылы келди” деген макаласын окурмандарга тартуу кылды. Узап бараткан жыл, шайлоо, депутаттык тууралуу кеп кылган автор билимге токтолуп, кезинде Чыңгыз Айтматов “Билимден акча үнөмдөгөнүң өзүң отурган дарактын бутагын аралаганга тете” деп айтканын мисалга тартып, Илимдер академиясы бар болгону менен кылчалык пайдасы жоктугун, себеби азыр Кыргызстанда билимдүүсүңбү, сабатсызсыңбы, ал мааниге ээ эместигин, кызматка орношуу тааныш-билиш, акча менен жүзөгө ашып калганын, жанында сокур тыйыны жок кедейдин баласы окуу жайын артыкчылык менен бүткөн күндө дагы акчасыз ишке орношо албастыгын, мектепти да, жогорку окуу жайын да жадыбалды билбеген жаштар бүтүрүп жатканын жазды.

“Вечерний Бишкек” гезити президент Алмазбек Атамбаев үч саат бою журналисттердин бардык суроолоруна эч нерсени жашырып-жаппастан, чын, ачык жооп бергенин, ошону менен бирге эле өлкөнүн келечегине ишеними зор экенин көрсөткөнүн Бермет Маликованын макаласынан окуйсуздар. Билим тууралуу сөз кылган президент Атамбаев, жамандыктын кесепетинин баары билимсиздиктен болуп атканын, көп адамдар тарых дегенди, астрономия дегенди, Аалам деген эмне экендигин билишпестигин, билими жоктугунан. Куранды жакшылап билбегендигинен динди Кудайдан жогору коюп алышканын, анан жапжаш жигиттер Сирияга кетип жатканын, өлкөнү өнүгүп-өстүрүү үчүн интернети жок бир да жер калбаган мектептер менен камсыз болуп, анан ошолор аркылуу мыкты билим беришибиз керектигин баса белгилегенин айтты.

“Вечерний Бишкек” гезити ошондой эле чекисттер бир нече ай мурда жасалма доллар менен кыңыр иш кылып келген кылмыштуу топ жүргөнү жөнүндө маалымат алганын, анан аңдуу жүргүзүп аныгына жеткен соң баарын камакка алууга буйрук бергенин, ал боюнча 8 киши камакка алынганын, арасында учурда иштеп жаткан 1 милиция кызматкери, мурда иштеп кеткен 2 милиция болгонун, көрсө ноябрда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча Кыргызстанга жакшы сапаттагы 100 миң АКШ доллары келип түшүп, акчанын бир бөлүгүн кылмышка шектүүлөрдүн бири алып, 45 миң долларды сомго айлантмакчы болгонун, жасалма доллардын 45 миңи кайтарылып алынганын, калганын кылмышкерлер алмаштырып жибергенге үлгүрүп калганын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG