Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Топ жыйындын баары тойго айланды


Той камылгасы.
Той камылгасы.

Бүгүн "Жаңы ордо", "Де-факто", "Фабула", "Вечерний Бишкек", "Супер инфо" гезиттери жарык көрдү.

"Жаңы ордо" гезити Жылдыз Жолдошеванын "Кандуу күндөрдө Алмазбек Атамбаевдин Ошко барганын уккан да, көргөн да эмесмин" деген, Өмүрбек Абдрахмановдун "Өмүрбек Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес" деген баштемалар менен жаңы санын ачып, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун "Текебаев бирөөгө жагабы, жакпайбы, ал мамлекеттик ишмер" деген маегине орун берди. "Ата Мекен" партиясынын мурдагы мүчөсү, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов Текебаевдин камалышы тууралуу:

- Мен мурун айтсам Атамбаев да, агездеги Генпрокурор Салянова да көңүл бөлбөй коюшкан. Анда эки "дракон" "дос" эле. Эми экөө согуша кеткенден кийин орустарды таап Текебаевди камакка алышты. Эгерде ошол маалда Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес,-деп айтты. Дагы эмне дегенин "Жаңы ордо" гезитинин бүгүнкү санынан окуп алсаңыздар болот. Булардан тышкары Аида Салянованын, Алмамбет Шыкмаматовдун, генерал Артур Медетбековдун, экс-депутат Жылдыз Жолдошеванын, экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун, "Жетиген" журналынын башкы редактору Абдиламит Жумашевдин жана башкалардын маектери ушул гезитте басылды.

"Де-факто" гезити 10 жылдык мааракесине байланыштуу журналист Төлөгөн Карыкеевдин мааракелик макаласын тартуулады. Ошондой эле "Аалам" партиясынын теңтөрагасы Жылдыз Жолдошева "Текебаев өзү түзгөн системанын курмандыгы болду" деп, адабиятчы Абдыкерим Муратов "Кыргызстандагы билим берүү: бир кадам - алга, эки кадам-артка" деп маек беришти. Бул санда "Адам өлүмүн тилеген "Атамекенчилер" - абактагы Өмүрбек Текебаевдин жүзүбү?" деген, "Ата Мекендин" юристтери тараткан жүк тууралуу документтер жасалма, фейк, жөнсүз, Түркия Кыргызстандын ички ишине кийлигишпейт" деген макала бар. Жакында "Айгай пресс" гезити жарык көрөрү, анын башкы редактору белгилүү журналист Кенжебек Арыкбаев экени маалымдалды. Ырчы Айбек Саралаевдин чыгармачылык боюнча маеги да ушул санда.

"Фабула" гезити Алмазбек Темирбек уулунун "Текебаевге боштондук, Карыпбековго "өлүмбү?" Кудайдан корккула!" деген макаласын тартуулап, Текебаевдин жактоочулары КТРКны каптап барган учурда, арасында тарыхчы Табылды Акеров менен укукчу Турсунбек Акун да болушканын, эң эле өкүнүчтүүсү, телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканада жатканда Текебаевдин Түркиядан келди деген документтерин теледен көрсөтүү үчүн эфир берүүнү талап кылгандар "Илим өлүп калсын!" деп кыйкырышканын, кыргыз эли өмүрү кылдын учунда турган кишиге, ал мейли душман болгон күндө дагы адам тургай айбандын да өлүмүн тилебегенин, кыргыз "бирөөнүн өлүмүн тилегенче өзүңдүн өмүрүңдү тиле" деп айтып келген накыл сөзүн эске салды.

"Фабуланын" бул санында Дача СУ айлындагы кырсыктан кыйраган учактын жүгү Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык деген документти Түрк элчиси жасалма, жалган деп тастыктаганын талкууга алган бир катар адамдардын ойлору, укук коргоочулар Токтайым Үмөталиеванын "Бүгүн Салянова да, Өмүрбек Чиркешович да өздөрү казган орго өздөрү түшүп жатат" деген, Акин Токталиевдин "Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жүргөн" деген, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент- мүчөсү Абдыкадыр Садыковдун "Ак кеме" повестиндеги Момун чалдын осуят-нравасы" деген макаласы жарык көрдү.

"Вечерний Бишкек" гезитинен Бермет Маликованын "Өлкөнүн башкы чекисти "Конституциянын атасы жөнүндө" болгон чындыкты айтты" деген, Нина Ничипорованын "Жазга чейинки алты саатта" деген, Александра Василькованын "Жалганчылыктын жарынан куларда" деген, Евгений Денисенконун "Өткөндүн өксүгү" деген макалаларын, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин окурмандар менен телефондогу түз байланышын жана башкаларды окуйсуздар.

"Супер инфо" гезитинен Тата Уландын "Бизде Шоу-бизнес той-бизнеске айланды" деген, Айсада Жумабаева аттуу келиндин "Жалгыз уулумдун операциясына акча чогултам деп тилемчилик кылып калдым" деген, Аяна Касымованын "Баарын бетке айткан адаммын" деген маектерин, Айсалкын Качкынбаеванын "Ошто май куйчу жайдын жетекчиси өлтүрүлдү" деген макаласын жана башкаларды окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG