Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:20

Кыргыз атуулдарын кытайлыктарга алдаткан котормочунун таржымалы


Кыргыз басылмалары.
Кыргыз басылмалары.

Бүгүн “Майдан. kg”, “Багыт KG”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Майдан. KG” гезити бул санын “Жазында өкмөт “банкрот” болуп, бийлик алмашабы?” деген макала менен ачып, алдына “Бешиликтин” каармандарын басты. Депутат Улукбек Ормонов маегин “Шайлоодо административдик ресурсту колдонбой коюу–утопия” деп атаса, саясатчы Эдил Байсалов маегин “Эмки президент Атамбаевге амнистия жарыялап, “толугу менен саясаттан кетесиң, ушуну менен жоголосуң” деп айтат го” деп атады. “Замандаш” партиясынын тең төрагасы Жеңиш Молдокматов “Президенттик шайлоодо Бакыт Төрөбаевди сүрөй турганыбыз калп” деп маек куруп, “Замандаш” партиясынын тарыхы узундугун, аткарган иштери арбындыгын, андыктан президенттикке аттанчу бычакка сап эр азаматтардан партия куру эместигин, президент болчу адам капчыгынын калыңдыгына же сырттагы күчтөргө таянбастан алгач өз элинин колдоосуна таянышы керектигин билдирди.

Чынайым Кутманалиеванын маеги “Дастан Сарыгулов 70 жаштагы оорукчан адам болсо да сынган жок!” деген ат менен жарык көрдү. Журналист Зулпукар Сапановдун аңгеме-дүкөнү “Кыдыр атабыз буйурду, болбосо мага не шам, диндерди жазып, кимиси каалаганына сыйынып жүрө берсин” деп аталып, молдолордун ачуусун келтирип жаткан “Кыдыр санжырасындагы” жазылгандар эч кандай диний кастыкка үндөбөй тургандыгы, каршы чыккандар фактыга факты менен жооп берсе болору, анткени факты дегендин өзү өтө өжөр экени, фактыны курулай доомат же УКМКга кайрылган кат, арыз менен эмес, факт менен гана жок кылуу керектиги айтылды.

Ушул эле гезитте “Музаффар Исаковго кылмыш иши Икрамга ЖК депутаттыгына жол ачыш үчүн ачылдыбы” деген маалымат бар. “Азыркы замандын Остап Бендери” деген рубриканын алдындагы көлөмдүү иликтөө макала “Эл аралык шылуун-шумпайлар тобунун Кыргызстандагы жоруктары же кыргыз атуулдарын кытайлык аферисттерге алдатып берген катардагы котормочунун таржымалы” деген макала жарык көрдү. “Майдан. KG” гезитине булардан тышкары “Жолболду Алыбаев төрт тарабы төп келген жорго” деген, илим доктору, окумуштуу Советбек Байгазиевдин “Манас эпосу: Кошой баатыр–даанышмандыктын, улутмандыктын жана мекенчилдиктин өлбөс-өчпөс үлгүсү” деген макалалары бар.

“Багыт. KG” гезити Баратбай Аракеевдин “Президентти акча шайлайт” деген макаласын басты. Автор президенттик жарыш келген сайын аттары аталып келаткандардын баарын, алтургай ажо болчумун деп жарышка түшүп үлгүргөн куудулдар Жамбыл Камчиев менен Борончуга чейин санап келип, президент болом деген адам арстандай айбатуу, кабыландай кайраттуу, бирде карышкырдай каардуу, бирде түлкүдөй куу... албетте Путинге жетмек кайда, бирок Путин боло алышпаса да андан көп нерсени үйрөнсө болорун кеп кылды. Аракеев дагы бир “Биле жүргөнүбүз жакшы” деген макаласында Украина менен Орусия маселесин талдоого алып, бүгүнкү заманда чындыкты жашырганга такыр мүмкүн эместигин, биздин мээбизге орус тарап Украинаны кара шумдук кылып канчалык караласа да аныгын ашкерелеп салчу интернет аркылуу баарын көрүп-билип жатканыбызды, кечээ жакында эле Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко өз өлкөсүндөгү абалды кыргыз журналисттерине айтып берсе, орус элчиси сындап чыгып, анын артынан “Дело №...” гезити “баса” калганын, эми адам катары ой жүгүртсөк, эмне, украиналык элчи эмне айтып, эмне коюшту адегенде орустун элчисине барып, андан сурап алып анан айтышы керекпи деп суроо коюп, “бир кездери Американы “дүйнөлүк жандарм” деп келекелеп келген Орусия бүгүн өзү жандарм болуп турат окшойт” деп жазды. “Багыт. KG” гезитине ошондой эле “Текебаев Кипрге неге барган? Элден эмнени жашырууда?” деген, “Оппозиция таза шайлоо өткөрүүгө кызыкдар эмеспи?” деген макалалар, Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыповдун “Кызматтан кетүүгө эч кандай негиз жок” деген маеги басылды.

“Вечерний Бишкек“ гезити бүгүн Ооган согушунун катышуучуларын эскерүү күнү экенин эскертип, “Ооган эстелиги” деген баштема менен жаңы санын ачты. Бул боюнча Александр Тузовдун макаласынан окуйсуздар. Айдоо аянттарынын абалы тууралуу Вячеслав Аникиндин, коомдук жайларда тамеки тартуу же тартпоо туууралуу Бермет Маликованын, "акылдуу" эсептегичтер тууралуу Азамат Касыбековдун “Актай жердеги “акылдуу чатак” деген макаласында кеп болду.

XS
SM
MD
LG