Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:33

Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт дейби?


Талапкерди сүрөө.
Талапкерди сүрөө.

Бүгүн “Общественный рейтинг” жана “Азия ньюс” гезиттери жарык көрдү.

“Общественный рейтинг” гезити Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Евгений Федоровдун “Улуттук көз караштан алып караганда, эки өлкөнүн ортосундагы достук Орусия менен Кыргызстан бирдиктүү мамлекеттик түзүлүшкө өсүп жеткенге чейин кыргызстандыктар үчүн да, орусиялыктар үчүн да улуттук кызыкчылык бойдон кала берет” деген аталыштагы маеги менен бүгүнкү санын ачты.

Ушул эле гезитке академик Жамин Акималиев “Чоң акча болгон жердин баарында коррупция бар деп ойлойм” деп ырастап, кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңеште билдиргендей биздин өлкөнүн экспорту 8 пайызга эмес 30 пайызга кыскарганын, кимдир бирөөлөр мамлекеттин суу резервинин эсебинен түшкө кирбеген акчаларга туйтунуп жатканына бекем ишенерин билдирди. Акималиев андан ары СССРдин кулашы менен айыл чарбасы үчүн деген жерлердин баарын басып алмай башталганын, 25 жылдын ичинде 150 миң гектар сугат жеринен айрылганыбызды, Бакиевдин башкаруу учурунда Чүйдүн эң эле түшүмдүү делген жери, тагыраак айтканда, Бишкектин айланасындагы 10 миң гектар жер басылып алынып, үйлөр салынып кеткенин, буга Бакиевдин өзү көмөкчү болгонун, ошондон кийин айыл чарба адистери жер муштагылап жүрүп дыйканчылыкка жарактуу жерлерге үй салууга болбойт деп мораторий киргизишкенин, бүгүн эми өкмөттүн кийлигишүүсү менен ошол мораторийди Жогорку Кеңеш тарабынан алдыртып салып, мыйзам кабыл алдырганы жатканын, эгер бул опурталдуу мыйзам ишке аша турган болсо анда республика боюнча жер басып алуунун массалык толкуну кайрадан башталарын, айыл чарбасын жүргүзүү үчүн 850 миң гектар гана жер каларын белгилеп: “Ошондо элдин кардын ким тойгузат? Же өзүбүз эчтеке өстүрбөйле Кытайдын же башка өлкөлөрдүн алаканын карап, жалдырап олтурган өлкөгө айланабызбы?” деп суроо койду. Академиктин айткандарын уга турган өкмөт бар болду бекен?

“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санын “Манас ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаевдин “Алмазбек Атамбаевди дагы бир мөөнөткө шайлап алышыбыз керек” деген маеги менен ачты.

Депутат Кожобек Рыспаев ушул гезитте "акылдуу эсептегичтер" жөнүндө суроого жооп берип, биздикилер алардын бирөөсүн Молдовадан, экинчисин Кытайдан, дагы бирин Германиядан алып келип коюп жатканын, алардын ар биринин өзүнчө чипи, өз программасы болорун, ошолордун баарын компьютер менен башкарып олтурушарын, бул туура эместигин, ким билет, балким кошуп коюп жатышканын, эсептегичтер бир серверде, бир фазада турмайынча ушундай боло берерин, текшергичтер барып эсептегичти карап туруп жазып кетпеши керектигин, бул коррупциялык көрүнүштөргө алып барарын айтып, талылуу маселени эми Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгып жаткандыгын ырастады.

Аталган гезит “Ак шумкар” саясый партиясынын жыйынына арналган материалдарды да жарыялады. Анда партиянын лидери Темир Сариевдин сүйлөгөн программалык сөзүн жана партиянын саясый кеңешинин мүчөсү Асылбек Койбагаровдун, журналист Елена Баялинованын, коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун, партиянын жаштар канатынын жетекчиси Жалын Жээналиевдин президенттикке Темир Сариев гана татыктуу экенин колдогон ой-пикирлери басылды.

Депутат Руслан Казакбаевдин маеги “Бабанов президенттик шайлоого чыгат, аягына чейин күрөшөт” деп аталды. Ал эми саясат таануучу Марс Сариев “Президенттик шайлоодо үч талапкер фаворит болот” деген болжолун ортого жайып, Нарында башталган электр энергиясына байланыштуу митингди “президенттик жарыштын алдындагы машыгуу” деп эсептээрин, кээ бир саясый фигуралар митингге чыккандарды саясый күрөшкө тарта башташканын, андыктан президент оппоненттердин даярданышына мүмкүндүк бербей туруп президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөргөнү пайдалуу болорун, мында Путиндин алдыдагы иш сапары чоң роль ойной тургандыгын, бир топ саясатчылар Кремлге барып келишкенин, Темир Сариев Кремлден кандайдыр бир макулдук алып туруп талапкерлигин коюп жатканын, кандай болгон күндө да Москва Атамбаев менен макулдашып туруп чечерин, Атамбаев болсо “Бабанов менен Төрөбаев президенттик креслону ээлеп калышы мүмкүн” деп бүдөмүктөтүп гана айтканын, мына ушул сөзү эле тигил эки саясатчыны жактырбаган күчтөрдүн активдешүүсүн пайда кылганын, ал эми эл Акаевдин учурунан бери саясатта, бийликте келаткандардын тажап да, чарчап да бүткөнүн кеп кылды.

Белгилүү журналист Кенжебек Арыкбаев “Журналистикадан Бегалы Наргозуевди эмес, Сабыр Муканбетовду “кууп чыгыш керек” деп маек берди. Депутат Өмүрбек Текебаевдин ырастамасы “Жакында Атамбаевге расмий кат жолдойм” деген ат менен тартууланды.

Жазуучу Мамат Сабыровдун айтылуу жазуучу Кубат аке Жусубалиевден мындан жети жыл мурда алган маеги кайрадан жарык көрдү. Жазуучунун сөзүнөн алынган аңгеме-дүкөн “Миром правит ненависть” деп орусча аталды. Кыргызчаласак бул аталыш “Дүйнөнү жек көрүү башкарууда” деген маанини берет.

XS
SM
MD
LG