Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:34

“Байкатпай тартылган сүрөт адамдын чыныгы жүзүн чагылдырат”


 Жамгыр, бала.
Жамгыр, бала.

Бүгүн “Супер инфо”, “Де факто”, “Вечерний Бишкек”, “Эркин Тоо”, “Кыргыз туусу” гезиттери жарык көрдү.

“Супер инфо” гезити “Жаңы жылды иш менен тоскондор” деген ой-пикирлердин топтому менен ачып, Актан Рыскелдиевдин “Араба түртүп, бут кийим тазалаган балалыгымды сагынам” деген маекти, “Президенттин эмес, премьер-министрдин доору келди” деген, “Оппозиция президенттикке кимди чыгарат?” деген, “Бишкекти 5 партия бийлейт” деген макалаларды, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун баяндаган Мирлан Өмүралиевдин баянын жана башка кызыктуу материалдар, пайдалуу кеңештер жана Жаңы жылдын календары басылып чыкты.

“Де-факто” гезити Кимбайкенин какшык-чыны аралаш тамашаларына кенен орун берди. “Аида Салянова колу менен жасаган ишти мойну менен тарткысы келбейби?” деген теманын алдында 6 кишинин айткан ойлору басылды. Аман Иманалиев аттуу автор “Коңшулаш Өзбекстан менен мамилелердин жаңы доору башталды” деген макаласында Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жасаган иш сапары өтө жогорку деңгээлде өткөнүн, чек ара маселелерин чечүү иштери мындан ары тездетилерин жазып чыкты.

“Де-факто” гезити да өзүнүн жыл мыктыларын атады. Журналист, белгилүү фото сүрөтчү Ашыркул Оморовдун “Байкатпай тартылган сүрөт адамдын чыныгы жүзүн чагылдырат” деген ат менен кантип сүрөт тартып калганын, кантип журналисттик ишке аралашканынын айтып бергендерин тартуулады. Нургазы Айтмырзаевдин макаласы “Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматовдун кыңыр иши же “Альфа телекомдун” айланасындагы чыр-чатактардагы табышмактуу дал келүүлөр” деген ат менен жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезитинен президенттик балаты жөнүндө окуп, энергетиктер жаңы жыл күндөрү эс албай иштегени турганын билесиздер. Кыргызстандыктарды келаткан Жаңы жылы менен Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев куттуктап, жаңырган жылы балдардын тилеги, балам деп жашап келаткан ата-энелердин тилеги, ойлогон ойлору, үмүттөрү ишке ашышын, өтүп бараткан жыл тынчтыктын жылы болгонун, дайым эле кемчиликтерди чукуй бербей жасаган жакшылыктарды да көрө билүү керектигин, босогодон мына-мына баш багайын деп турган жыл жалпы элибиз үчүн куттун, берекенин жылы болушун каалады. Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын маеги “Биздин максат - сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын көтөрүү” деп аталды. “Эски жыл эмнеси менен эсте калды?” деген суроого бир катар адамдардын берген жооптору жарыяланды.

“Эркин тоо” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Эгер адам жакшы нерсе тууралуу кыялданса ал сөзсүз ишке ашат” деген сөзү менен бүгүнкү санын ачып, акын Карбалас Бакировдун президент, спикер баштаган кыргыз чоңдоруна арналган, жалаң ыр менен жазылган жаңы жылдык каалоолорун тартуулады. Дагы бир айта кетчү кабар, президент Алмазбек Атамбаевдин 80-жылдагы котормолору “Улуу тоолор” деп аталган басмадан жарык көргөнүн, китепте Түгөлбай Сыдыкбековдун “Чаар тоок”, Шатман Садыбакасовдун “Ката” аңгемелери, Ашым Жакыпбековдун “Айдагы жезкемпир” повести, Казат Акматовдун “Төө” жана башка аңгемелери киргенин ушул “Эркин тоо” гезити маалымдады. Бегим Турдалиева менен Таалайбек Темиров өткөн жылдын урунттуу окуяларын эске салды.

“Вечерний Бишкек” гезити жаңы санын Александр Тузовдун “Вице-спикер эмне үчүн кетти?” деген чакан макаласы менен ачты. Келаткан январь айы бир топ суук болорун кабарлады. Өткөн жыл саясатта, экономикада, социалдык жашоо-турмушубузда кандай жыл болгонун журналисттердин макалалары аркылуу окуп билсеңиздер болот.

Эми биз дагы “Азаттык” радиосунун бардык угармандарын келаткан Жаңы жылы менен куттуктап, бакты-таалай каалап, бөөдө кырсыктардан сырткары болушун, Жаңы жылды үй-бүлөлөрүнүн кашында жадырап-жайнап тосуп алышын каалап, Кудай буюрса гезит баяндамыбыз менен эфирден январдын алтысында жолугарыбызды айта кетүү менен бүгүнкү баяндамабызды жыйынтыктайлы.

XS
SM
MD
LG