Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

Интернеттеги тасманын башкы каарманы иштен айдалды


Түнкү Бишкек.
Түнкү Бишкек.

Жума күнү "Фабула", "Супер инфо", "Кыргыз туусу", "Вечерний Бишкек" гезиттери чыкты.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын “Даңк жана дүңк”, “Кой союшуп, уча тартышкан”, “Текебаевдин акыркы дүрмөтү”, “Максим Бакиев доодон кутулабы?”, “Шыкмаматовду ооздуктаган Сурабалдиева”, “Жакупованын жаңжал жыттанган чакырыгы”, “Оппозиция Текебаевден жүз үйүрдү”, “Икрамдан үлгү алгыла” дейт”, “Осмонов ойноп отурганбы?”, Эпчилдиги зор энергетик”, “Калысбек Жумакановдун комиссиясы чайга токпу?”, “Ахмат айыпталып бирок акталып чыкты” деген темалары бар чакан маалыматтар менен ачты. Ушулардын этегиндеги “Пардабайды кармабай иштен айдашты” деген кабарда “Болгону 35 эле сутенершам бар, ошолорго тийишпей эле койбой кайра-кайра кармайсыңар, мага өчөшүп жатсаңар ачык айткыла?” деп кол алдындагы кызматкерлерди каарып жаткан интернеттеги тасманын башкы каарманы иштен айдалганын, көрсө тасмадагы “сойкулардын крышасы” Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн 10-милиция бөлүгүнүн начальниги Пардабай Намазбаев деген кызыл шапкечен экенин, ал арада радио аркылуу сүйлөгөн мурдагы милиция кызматкери Пардабай өңдүү “крышалар” сойкукана башчыларынан күн сайын 5 миңден сомду чөнтөккө салып турарын ачык айтып салганын, демек, жөнөкөй эле арифметика менен алганда 35 сутенердун ар биринен 5 миңден алганда эле күнүнө 175 миң сомдон арам киреше таап турарын, эми бул иштен бошотулган Пардабай эртең эле башка бир жерге пара бере коюп дагы бир майлуу жерге орношуп албасына ким кепилдик бермек эле деп жазып чыкты.

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева “Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдурасулованы атамдын үйүнө жашынтып өлүмдөн алып калгам” деген ат менен маек куруп, бул укук коргоочулар Ош окуясында Кадыржан Батыров менен Азимжан Аскаровго жан тартып жүрүшкөнүн өз көзү менен көргөнүн, ошондо каны кызыган балдар экөөнү өлтүрөбүз дегенде үйүнө жашырып ажалдан алып калганын, бирок тилекке каршы, Азиза менен Төлөйкан далайлардын өлүмүнө себепкер болгон Азимжан Аскаров менен Кадыржан Батыровдун укугун коргоп, аларга жан тартып, жаналакетке түшүп келатышканын, эгер экөө элден кечирим сурап бул иштерин токтотпосо балдарын, жакындарын жоготкондор абдан кыжырданып араң эле турушканын айтты. Жылдыз Жолдошева андан ары ушунун баары акчанын айынан болуп жатканын, бирок кыргызда акчадан абийир кымбат турарын бул эки аял ойлонуп, эстерине келбесе мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Мыктыбек Сулаймановдун жесири экөөнү сотко берсе, анда өтө кыйын болуп каларын эскертти.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын президент Алмазбек Атамбаевдин Грузияга жасаган иш сапарын “Биринчи иш сапар, эки тараптуу келишимдер” деген репортаж менен ачып, ар кыл маанидеги маалыматтарды, макала, маектерди тартуулады. Журналист Шабдан Абылгазы уулу “Манастын” чыры бүтпөчүдөй” деген макаласында Бүбү Мариямдын “Айкөл Манас” аттуу китебинен таралган чуунун жөн жайына, кийинки сот иштерине талдоо жасап келип, канткен менен “Манас” эпосунун айланасындагы талаштын оту оңой менен жакын арада басылбачудай болуп калганын кеп кылды.

“Супер инфо” гезити бул санын “Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрү кантип “Дастандын” мүлктөрүн менчиктештиришкен?” деген теманын алдындагы маалыматтар менен ачты. Аталган басылмадан тамашоучу Кадыр Жарматовдун “Маскарапоз болбой сабагыңды оку дешкен” деген, Жеңишбек Ысмановдун “Айылдан учкуч болом деп келип, опера ырчысы болуп калгам” деген, Токтобүбү Черикчиеванын “Концерттен тапкан эки мүшөк акчаны беш күн уктабай кайтарганбыз” деген маектерин, “Орусияда мигранттар үчүн жаңы мыйзамдар иштей баштады” деген макаланы жана башкаларды окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити көп кабаттуу үйлөрдөгү сойкуканага айлантып алган квартираларга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору депутаттардын биринчи окуусунан өткөнүн, эми көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар тынч укташса болорун, кокус мыйзамга баш ийбейле бул ыплас ишти уланткандар чыга берсе мурдагы бир жарым, 2 миң сомдун ордуна, 5 миңден 8 миң сомго чейин, кызматтагы адамдар 8 миңден 10 миңге чейин, укуктук жактар 50 миңден 100 миң сомго чейин айып төлөрүн кабарлады. Шаардык гезит ошону менен бирге эле “Бишкек–Ош” аттуу кыргыз тилиндеги гезит чыга баштаганын, анын башкы редактору мурда “Жаңы агым” гезитинде иштеген тажрыйбалуу журналист Назгүл Калмамбетова экендигин маалымдады. Өлкөдөгү саясый кырдаалды талдоого алган журналист Бермет Маликованын макаласы “Октябрь марафону” деген ат менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG