Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Суу башы өлкөгө сугун арткан көп болот


Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Майдан” гезити Нургазы Мусаевдин “Каныбек аке” аттуу макаласын жарыялай баштады. “Тажикстан кыргызча аталган жер-сууларды өзгөртүүсүн улантууда” деген макаласында Тажикстандагы Жерге-Тал жана Мургаб райондорундагы айылдардын тарыхый кыргызча аттарын тажиктештирүү жүрүп келатканын, мисалы Кашат деген айыл Сарипул, Жайылган айылы Чорсу, Ачык-Алма айлы–Севзипед, Кара-Сай–Бахор, Кашка-Терек– Сафеддорон деген атка ээ болгонун, ага дейре бул аймакты жергиликтүү калк эзелтен эле Кара-Тегин деп келишкенин, бул өлкөдө жалган исламчылардын тартиби орнотулганга чейин эле Жерге-Талдан көчүп кетүү керек деген маанай күчөп, кыргыздар Кыргызстанга көчө баштаганын кеп кылды.

Аталган гезит “Кыргыз бар” элдик кыймылынын Атамбаевдик режимге каршы билдирүүсүн!” жарыяланды. Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Рухий жакырчылыктан чыкпайлыбы?” аттуу кайрылуусу басылып, эл акыны Бразилиядагы Олимп оюндарынан күткөн үмүт акталбаганын, элибиздин “Билеги жоон бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деген накыл сөзү унутулуп, акыркы жылдары материалдык байлык менен кара күчкө гана сыйынып калганыбызды, мындайдын арты эмнеге алып келерин көрүп келатканыбызды, кара күчкө сыйынуу акыры эл-журтту руханий жактан жылаңачтап, жан дүйнөнүн апаатына алып келерин тарых далай ирет тастыктаганын, ошондуктан руханий байлыктын өзөгүн түзгөн дөөлөттөргө сый-урмат көрсөтүп, чыныгы таланттарды баалап, аларды колдоп туруу гана элибизди кара күчтүн күнүмдүк азгырыктарынан куткарарын, келечек муундарды эл-жерин сүйүүгө тарбияларын, мамлекеттин пайдубалы ар дайым бекем болорун белгиледи.

“Майдандын” өз кабарчысы Алишер Токсонбаевдин Чыныбай Турсунбековдон алган чакан маеги басылып, Жогорку Кеңештин төрагасы кабарчынын бир катар суроолоруна жооп берди. Байшмыйзам турмуш талабына ылайык айрым бир учурларда алымчаланып-кошумчаланып турарын, мындан улам бөйрөктөн шыйрак чыгара берүүнүн кажети жоктугун, анын үстүнө бүтүндөй Конституция эмес, анын 1-жана 6-беренелерине гана өзгөртүү кийирүү сунушталып жатканын, анткени ушул беренелердеги мыйзамдар юридикалык күчкө ээ болуусу керектигин, Кыргызстандын Жогорку Сотунун чечимин же өкүмүн Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети каалагандай үстөмдүк кылып, кысым көрсөтүп, айрым чечимдерди буздуртууга жол берүүгө болбой тургандыгын, муну укук коргоочу Азимжан Аскаровдун мисалынан көрүп жатканыбызды айтты. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков ошондой эле Ошто заман талабына ылайык мыкты жабдылган диагностикалык борбор ачыларын, алдыдагы шайлоо эч кандай бурмаланбастыгын, анткени жаңы технологиялар мындай бурмалоолорго жол бербестигин билдирди.

Гезит бир бетин жалаң көчмөндөр оюнуна багышталган маалыматтарга арнады. Журналист Чынайым Кутманалиева “Өзбектер Үңкүр-Тоого көз артканын канчан токтотушат?” деген суроого сегиз жарандын жообун басты.

“Вечерний Бишкек” гезити акылуу Үңкүр-Тоонун айланасындагы окуяга журналист Азамат Касыбеков өзүнүн “Провокация” операциясы” деген макаласын арнады. Автор Ташкендин бул аракети баягы Чаласарт окуясындагыдай кыргыз оппозиционерлерин дүүлүктүрүп жиберет, алар анан адаттагы ызы-чуусун салат, деген ою бул ирет ишке ашпай калгандыгын, андагы Чаласарт “провокациясында” Бекназаров “Сариевдин өкмөтү Үңкүр-Тоону өзбектерге берип салган” деп күпүлдөгөнүн, көрсө Үңкүр-Тоону 2006-жылдын октябрында өзбектерге барып бир жеп келген ашы үчүн Курманбек Бакиев белекке кармата бергени документтер менен бүгүн ачыкка чыгып жатканын, Бакиев мындан тышкары Илсам-аке Каримовдун көңүлүнө жагып, саясаттагы өмүрүн узартып алуу максатында Үңкүр-Тоого кошуп туруп Анжиян окуясынан улам Кыргызстанга качып келген беш өзбек качкынын да “тартуу” кылып баса бергенин, “Үңкүр-Тоону өзбектерге Сариевдин өкмөтү берген” деп бакырып турган Азимбек Бекназаров ал кезде Кыргызстандын Баш прокурору болуп турганын, дагы бир саясатчы Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министри болуп, Каримов менен Бакиевдин ортосундагы “кагаз мамилелер” үчүн чуркап жүргөнүн, ал эми президент Атамбаев Өзбекстан биз менен ар дайым “мен кожоюн, сен кул” катары сүйлөшкүсү гана келерин, бирок кыргыз деген эзели эч кимдин алдында тизе бүкпөгөнүн, Кыргызстан бүгүн да эчкимдин алдында тизелебестигин тынбай айтып келатканын, коңшу өлкөнүн көзүн карап жалдырап калбасыбыз үчүн өлкө башчысы акыркы жылдары колунан келгендин баарын жасап жатканын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG