Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

"Манаска" барчу жаңы жол өкмөт башчынын маанайын түшүрдү


Шейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Эртең Кыргызстанга расмий иш сапар менен Германиянын канцлери Ангела Меркель келерин, ал өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, мамлекет башчылары Ооганстандын азыркы абалы, Кыргызстанга Германиядан инвестиция тартуу, эки өлкөнүн соода-сатык маселелерин сүйлөшөрүн 12-июлда жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити жазып чыкты.

Гезитке “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевдин “Азырынча ипотекалык насыяны бюджеттик тармактарда иштегендерге гана берип жатабыз” деген ат менен окурмандардын суроолоруна берген жооптору басылып чыкты. Мындан тышкары Ала-Буканын 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаевдин, Кара-Буура районундагы №6-жол тейлөө башкармалыгынын башчысы Корчубай Жумалы уулунун, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун маектери, Үркүн тууралуу макалалар бар.

“Эркин Тоо” гезити “Манас” эл аралык аэропорту автожолун калыбына келтирүү иштерине нааразы болгон өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровго сөгүш бергенин кабарлады. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашов “Биометрикалык паспорт–электрондук өкмөткө жол ачат” деген маегинде даярдалып жаткан жаңы документтин артыкчылыгы эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүүгө, мыйзамсыз мигранттарды чектөөгө жана башка жагдайларга жардам берерин, паспорт Түштүк Кореянын грантына жасаларын, кыргыз жараны деп жазыларын, ошону менен биргеле борбордук базада улуту жазылып, белгиленип, сактала тургандыгын айтты.

Ушул эле “Эркин Тоо” гезитинде “XXI кылымдагы Жибек жолу - Евразия -Транс-Сибирь темир жол магистралы" жабык акционердик коомунун директору Абдрахман Юсубалиевдин “2013-2017-жылдардагы Кыргызстанды өнүктүрүүнүн стратегиясы боюнча кайрылуусу” деген ат менен президент А. Атамбаевге, Орусия президенти В. Путинге жана кыргыз өкмөтүнүн башчысы С. Жээнбековго жазган каты, картасы менен жарык көрдү.

“Фабула” гезити жазуучу Нуралы Капаровдун “Мен билген Салижан Жигитов” аттуу макаласын басууну улантууда. Академик Абдылдажан Акматалиевдин образдар боюнча ой жүгүртүүлөрү да жарыяланды. Ырчы Жылдыз Мырзабекова өзү, турмушу, чыгармачылыгы тууралуу маек курду. Тоңдун Кажы-Сай айлынын тургуну Садыр Кенжебаевдин “Кайгылуу кыргыз баяны” деген ат менен Үркүн тууралуу эскерүүсү жарык көрдү. Чыңгыз Айтматовдун портретин жалаң зым менен тартып таң калтырган сүрөтчү Азамат Жаналиев эми президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн тартып бүтүп кабыл алса белек кыларын, мындан кийин Владимир Путиндин, Назарбаев менен Каримовдун, Рамзан Кадыровдун портреттерин, булардан кийин Сүймөнкул Чокморов башында турган залкар чыгармачыл адамдардын сүрөттөрүн тартуу оюнда барын, азыр Көчмөндөр оюнуна арнап Кыргызстандын логотибин жасап жатканын айтып маек курду.

“Фабула” гезити бүгүнкү санына ошондойле журналист Тынчтык Алтымышевдин “Кылмышкер кыйналса да кылмышкер” деген макаласын жарыялады. Макалада автор Ош окуясында кандуу каргашаны уюштуруучулардын жана тукуруучулардын бири катары өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаровдун ишин Жогорку сот кайрадан карай баштаганын, Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов, коомдук коргоочулары Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаиловалар сот процесси ачык деп жарыяланары менен “Аскаров аеосуз кыйноолорго туш болгон”, “Ага күч колдонулган” деп чок баскандай айгай салып чыгышканын, ал эми кызматтык милдетин аткарам деп барып каза тапкан маркум милиционер Мыктыбек Сулаймановдун жесири жетим баласын жетелеп канча жылдан бери Бириккен Улуттар уюмуна үнү жетпей келатканын, ал эми бул укук коргоочулар болсо жетим-жесирлердин укугун коргомок тургай, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, ошол баланы жетим, энени жесир кылган кылмышкерди актап алгылары келип олтурганы, жалпы эле адам тургай, Кудайга жакпай турган иш экендигин жазды.

“Вечерний Бишкек” гезити жалган милийсалар тарабынан жолдо бараткан жеринен тосулуп, 100 евросу, 20 миң рубли жана 45 миң сому тонолгон Орусиялык Ребровдордун үй-бүлөсүнө Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы 20 миң сом чогултуп бергенин, каражат чогултуу улантылып жатканын, кылмышкерлер кыска мөөнөттүн ичинде табылганын, экөө тең мурда милийсада иштеп ушундай киши тоногон кылмыштары менен иштеринен айдалганын, алар Таласта туулган жигиттер болуп чыкканын, кылмышкерлерди беттештиргенде жабыркагандар жазбай тааныганын, тигил эки шумпайдын ага чейин жасаган кылмыштары иликтенип жатканын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG