Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Катылган сырды кат ачты


"Кумтөр" алтыны.
"Кумтөр" алтыны.

“Багыт” гезити президент Алмазбек Атамбаев “Кумтөр” долбоору боюнча 2003, 2004 жана 2009-жылдардагы келишимдердин мыйзамдуулугун иликтеп чыгууну Башкы прокуратурага тапшырганын, өлкө башчысы Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган учурунда ушул тапшырманы берип атып: ”Кыргызстандын сыймыгы жана ири инвестициялык долбоору боло турган “Кумтөр” эмне себептен эл ичинде “ири афера”, эки үй-бүлөлүк-кландык режимдин коррупциялык карынды кампайтуунунун булагы” катары кабылданып жатканын жана Кыргызстандын кызыкчылыгы кандайча сатылганын эл билиши керек!” деп айтканын басты. Ушунун жанындагы чакан кабарда бир кездеги “Кумтөр” алтын кенинин кожоюну болгон Хоменюктун Башкы прокурорго жолдогон катында Дастан Сарыгулов менен Камчыбек Кудайбергеновдор “Мээрим” фонду, Акаевдердин үй-бүлөсү, ошол кездеги президенттик администрациянын өкүлдөрү жана башкалар “Кумтөрдөн” ай сайын 200 миң доллардан сурап турганын, ошол “сурап” тургандардын башында Дастан Сарыгулов болгонун, ал ушул боюнча камакка алынганын жазды. Бул боюнча “Сарыгуловдун сасык саясаты” деген макаланы жана Л. Хоменюктун “Дастан Сарыгулов ай сайын 200 миң доллар талап кылып турган, Майрам Акаеванын “Мээрим” фондуна акча төлөчүбүз” деген катын окусаңыздар болот.

Кыргызстан жакынкы күндөрү туристтер агылып келчү мамлекеттердин ичинен 1-орунду ээлегенин, мындай рейтингди Улуу Британиянын бир гезити басып чыкканын, англиялык гезиттин жазганына таянсак, ат мингиси келгендер эбактан бери эле биздин өлкөнү самап жүргөнүн, акыркы күндөрү Кыргызстан жөнүндө жалаң жакшы көрүнүштөрдү жазган чет өлкөлүк басылмалар көбөйө баштаганын, ошентип кудай буюрса быйыл өлкөбүзгө эс алып кетчүлөрдүн саны көп болорун сүйүнчүлөдү.

Журналист Баратбай Аракеев бир макаласында наам тууралуу кеп кылса, экинчи макаласында Чубак ажыга байланышкан чуулуу талашты талдоого алып, ажынын айткандары биздин өлкөнүн мыйзамдарына, салт-санаага туура келбей тургандыгын жазды. Журналист Айбек Шамшыкеев “Саякбай” фондунун жетекчиси Самат Ибраев менен кызыктуу маек курду. Каракол шаарынын четиндеги мүрзөлөрдө 18 жылдан бери жашап келаткан Тахиржан Чуруков деген адам менен Жумагүл Барктабасова маек курду. Булар менен сиздер бүгүн чыккан “Багыт” гезитин сатып алып таанышсаңыздар болот.

“Майдан” гезити сатирик жазуучу Орозбек Бөрүгуловдун жаңы аңгемелерин басты. Москвада иштеп жүргөн акын кызыбыз Элнура Эңсебаеванын ырлары жана белгилүү обончу жана акын Маматибраим Бостонкуловдун “Азыр улуттук колориттен дайыны жок чыгармалар жайнап кетти” деген маеги жарыяланды. Гезиттин “Бешилик” рубрикасынын “меймандары” бул ирет Сарыгулов, Чубак ажы, “Батача” бийи, “Паспорт” жана “Кырк чоро” болду. Укук коргоочу Качкын Булатов макаласын “Эсиңе кел, эй ууру!” деп атаса, Борбор Азия боюнча наркосаясат борборунун директору Александр Зеличенконун чакан маеги “Дүйнөлүк наркомафия Кыргызстандык жемкор чиновниктерге көз акы төлөп турат” деп атады.

“Майдандын” бүгүнкү санына генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Чама-чаркын билбеген оппозиционерлерди болор-болбос нерсе үчүн кыйынсынтып, баатырсынтып камай бериштин зарылдыгы жок” деп маек берип, Улуттук коопсуздук комитети, июнь жана апрель окуялары тууралуу кеп кылуу менен президент мөөнөтүн толугу менен колдонуп, жакшынакай шайлоо өткөрүп берет деп үмүттөнөрүн, эки революциянын кесепети экономикага оңбогондой эле тийгенин, ошондуктан Атамбаев элди ынтымакка чакырып, биримдикке алып келиши керектигин, президентке айтылбай туруп иштер жасалбастыгын, эгер айтканын айтканындай жасабай койсо Атамбаевдин кандай эмоционалдуу, чечкиндүү экени белгилүү, ал ишти айткандай аткарбагандардын башын топтой “жулуп” коерун айтты.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүн-эртеңден баштап аптаптын деми сууп, басаңдарын, ал тургай айрым жерлерде нөшөрлөгөн жамгырдын арты карга айланарын кабарлады. Александр Тузов өткөн жылы чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү эки эсе көп болгонун “Эконом-класс” деген макаласында сандардын тили менен санап чыкты.

Мекеменин жетекчилери менен кол алдында иштегендердин мамилеси Нина Ничипорованын макаласында баяндалды. Светлана Лаптева мүрзөлөрдөгү белгилердин уурдалып жатканы тууралуу жазды.

XS
SM
MD
LG