Президенттик мөөнөтү аяктарына саналуу айлар калган Алмазбек Атамбаев бейшемби күнү адегенде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини, андан соң Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолукту. Атамбаевдин 2013-2015-жылдагы Европа сапарынан айырмаланып, бул жолу эки тараптуу кызматташтыктан башка Кыргызстандагы алдыдагы президенттик шайлоо маселеси да күн тартибинде болду.
Евробиримдиктин башкы дипломаты Федерика Могерини бул шайлоонун акыйкат өтүшүнүн маанисине токтолгонун уюмдун дипломатиялык кызматынын басма сөз өкүлү Мая Кочиянчич “Азаттыкка” билдирди:
- Жогорку комиссар өлкөдөгү шайлоо реформасы жаатында жасалган жылыштарды баса белгиледи. Ал ошондой эле бул жылдын соңундагы президенттик шайлоонун эркин, акыйкат жана ачык өтүшүнүн маанисине көңүл бурду. Бул – Кыргызстандагы демократиялашуу процесси үчүн абдан керек.
Европа убактысы боюнча түшкө чейинки эки жолугушууда президенттик шайлоо маселеси талкууланганын “Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Брюсселдеги кабарчысы Рикард Жозвиак да ырастады. Жолугушууга катышкан тараптар менен сүйлөшүп чыккан кабарчынын айтымында, сүйлөшүүлөрдө 2010-жылы болгон июнь коогасындагы айрым жагдайлар боюнча айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун да маселеси көтөрүлгөн, ошондой эле Европа лидерлери Атамбаевдин болочоктогу мураскерине да кызыккан:
- Могерини да, Туск да Аскаровдун маселесине кайрылышты. Аскаров жөнүндө узак талкуу болду. Алар Атамбаевди бул маселе боюнча бир нерсе кылууга түртүп жатышты. Атамбаев сезимтал болуп турду, маселе чечилгенин, Аскаров бошотулбай турганын айткан экен. Шайлоо маселесинде, алар “мураскериңиз, сиздин ордуңузду басчу адам барбы?” деп сурашты. Атамбаев “менин ордумду ким басарын, кийинки президент ким болорун билбейм, бирок ал президент мендей принципиалдуу жана күчтүү болбой калышы мүмкүн” деп айткан экен.
Рикард Жозвиак кошумчалагандай, президент Атамбаев Кыргызстанда демократиянын өнүгүшү үчүн Батыштын көбүрөөк жардамы керектигин, Кытай, Орусиядан акча тез, бирок Батыштан өтө жай келерин айткан. Ошондой эле Кыргызстандагы демократия өтө чоң кысым алдында экенин, өлкөгө Европанын инвестициялары керектигин бир нече ирет кайталаган.
Кызматташтыктын салмагы
Брюсселде кыргыз тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Евробиримдиктин Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча комиссары Невен Мимика жалпы көлөмү 23 миллион еврого барабар эки каржы келишимине кол коюшту. Мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо программасы боюнча Евробиримдик Кыргызстанга 13 млн евро, аймактарды өнүктүрүүгө 10 миллион евро бөлмөй болду.
Кыргыз президенти Атамбаев алгачкы эки жолугушуудан кийин Евробиримдикте өкмөттүн ролун аткарган Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен да жолукту.
Кыргыз тарап үчүн Брюсселдеги мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуулар маанилүү экенин жергиликтүү расмийлер белгилеп келишет. Бирок кыргыз президентинин бул сапары Евробиримдиктин лидерлери үчүн канчалык салмагы бар? Кыргызстанга карата уюмдагы маанайды “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” Брюсселдеги кабарчысы Рикард Жозвиактан сурадык:
- Евробиримдиктин баары эле Атамбаев менен жолугууга макул болуп жатат. Атамбаев эки негизги президент жана Могерини менен жолукту. Ал расмийлер бул жолугушуулар маанилүү деп эсептешет. Бирок Кыргызстан же Борбор Азия өлкөлөрү Брюсселдин күн тартибинин башкы сабында турат деп айта албайм. Евробиримдик өзү чоң кризисте. Британия уюмдан чыкканы турат. Баары Брекситке көңүл буруп жатышат. Эл АКШ президенти Трамп, качкындар жана Грекиянын экономикасы боюнча кабатыр. Европа лидерлери башка толтура маселелер менен алек болуп жатат. Кыргыз президенти менен жолугушуу негизги күн тартиби эмес. Бул – реалдуулук.
Эки күндүк бул жолку сапарда Евробиримдик менен кызматташуу боюнча жаңы келишимге кол коюлары да кабарланган. Брюсселден кийин президент Атамбаев Германиянын Мүнхен шаарындагы коопсуздук конференциясына катышып, немис канцлери Ангела Меркел менен да жолугат. Президенттик аппарат билдиргендей, бул эки лидердин алтынчы жолугушуусу болуп калмакчы.