Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

"Чыңгыздын абалына баарыбыз күнөөлүүбүз..."


Москвада айдоочу болуп иштеген Чыңгыз Анарбек уулу тууралуу социалдык тармактагы пикирлердин топтомун сунуштайбыз.

Орусиядагы жана Кыргызстандагы мекендештер Москва шаарында жол кырсыгына айыптуу деп шектелип жаткан Чыңгыз Анарбек уулуна материалдык жардам чогултуу акциясын баштады.

Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири, активист Акбалык Жумалиева “Азаттыкка” билдирди.

- Топтолгон акча негизинен жараат алып, ооруканага түшкөн чет элдик жарандарга компенсация жана дары-дармек катары жумшалат. Анткени ал өзү таксист болуп иштесе, 20 саат уктабай иштеп жатса, акча жетишсиз болсо керек. Эл ошону түшүнүп колунан келген жардамдын берип жатат.

Каалоочулар орусиялык банктарга барып, карта номери 4276380052214405 эсебине акча жөнөтсө болот. Карта ээси Асел Лабаева. Ал каражаттарды Чыңгыз Анарбек уулунун жакындарына тапшырат. Учурда 15 миң сомдон ашык каражат чогулду.

Москвада кыргыз жараны айыптуу деп жаткан жол кырсыгына кабылган адамдардын баарынын абалы оор эмес. Бул тууралуу Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жабыркагандардын саны сегиз адам: жетөөнүн абалы канааттандырарлык, бир аял орточо оор абалда. Баары тең текшерип, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жаткырылды.

Айрым маалымат булактары алардын экөө өз өлкөсүнүн футбол командасын сүрөгөнү барган мексикалык жаран, бирөө украиналык экенин жазып жатышат.

Мексиканын элчилиги эки аял жеңил жараат алганын тастыктап, “Алардын абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок” деп билдирди.

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жол четинде турган бир нече адамдарды сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети адам жабыркаган.

Орусиялык маалымат каражаттары айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экенин кабарлашты. Алгачкы суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басам деп газды басып алганын айтканы, спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдиргени да кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG