* * *
- Чоң апа, мени алдап койгон турбайсызбы! — алгачкы жолу мектеп партасын аттаган небереси чоң энесине кайрылды.
— Кантип алдаптырмын, жарыгым?
— Сиз окуу төрт эле саат болот дебедиңиз беле. Көрсө, дагы он бир жыл окуйт турбаймынбы!
* * * * * * *
— Апа, сиз жоолук салынып алсаң “беш” аласың дебедиңиз беле?
— Ооба, ошентесиң, кызым!
— А мен бүгүн эксперимент кылдым. Жоолукту сумкага чечип салып алдым эле, математика сабагынан эсепти баарынан мурда чыгарып, “беш” алдым!..
* * * * * * *
— Ата, бүгүн бизде кызыктуу окуя болду!
— И-и, айтсаң.
— Биздин мектептин эки кабаттуу жаңы имаратка көчкөнүнө байланыштуу, берки бир кабат эски имаратты кулатуу үчүн килейген барсканы бар чоң машинени алып келишти...
— Анан...
— Анан ал барскан менен эски имаратты күүлөнтүп келип урушту эле, эски имарат солк этпей койду. А жаңы мектеп болсо барскандын эпкининен өзүнөн өзү кулап түштү!.
* * * * * * *
Жаш мугалим тажрыйбалууга кайрылды:
— Бүгүн баары тең мени жаңы окуу жылы менен куттукташты!..
— Бул жакшы да...
— А балким, алар мага көңүл айтып жатышкандыр?..
* * * * * * *
Он биринчи класстагы окууга көөнү чаппаган кыз классташтарына кыялдана сүйлөдү:
— Ой, ушу эскичил динчилдер бийликке келсе жакшы болот эле, деги?
— Анчалык эмне болуп кетти?
— Алар бийликке келсе, мен 15 жаштан эле бай күйөөгө тиймекмин, минтип астрономия менен тригонометрияны кучактабай...
— Картаң бирөөгө токол болгуча, ушуларды кучакта! — деп ага курбусу каршы чыкты.
* * * * * * *
(Ар кыл интернеттик булактардан).
TT