КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын Улуу-Чат ооданынын (Wuqia County) борборунда кыргыз салтын, тарыхын, маданиятын жана азыркы рухун чагылдырган ажайып эстеликтер бар. Улуу-Чат айкелдери кытайлык кыргыздардын заманбап маданий өрүшүнө да күзгү боло алат.
Оодандын акими Сыйар Кален мырза шаардагы Манастын айкели сыяктуу эстеликтер кытайлык кыргыздардын руханий маданиятынын көөнө тамырларын да, болочокко ээ экендигин да айгинелейт деп санайт.