Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:05

Кыргыз-тажик алакасы же Үрүстөмдүн көз жашы


"Шахнаама" китебиндеги иллюстрация.
"Шахнаама" китебиндеги иллюстрация.

Фарсы элинин улуу акыны Абдулкасым Фирдавсинин миң жылдан ашык убакыт өтсө да өз кунун жоготпогон "Шахнаамасын" ("Шахтар китебин") кызыгып окугандар башка улуттарды мындай кой, тажик, иран элинде да бүгүн саналуу эле болсо керек.

Тилекке каршы, көпчүлүгүбүз "Манасты" жакшы билбегендей эле "Шахнаама" дастаны да окулбай, анын көөнөрбөс нарк-насили, жалпы адамзатка тиешелүү барк-баасы көз жаздымда калып жатат.

Гомердин "Илиадасына" тете бул эпопея "Шахнаама" аталганы менен шахтар тууралуу эмес жана шахтарга дагы арналбаган. Тескерисинче, эпосто ачкөз, зулум жана наадан эл башчылардын айынан азап тарткан карапайым элдин оор тагдыры сүрөттөлөт. (Бул тууралуу мындан бир топ жыл илгери белгилүү публицист Жолдош Турдубаев "Шахнаама" шахтар үчүн жазылганбы?" деген макаласында жакшы чечмелеп берген эле).

Залкар калемгер өзү да өмүр бою жакырчылыктан башы чыкпай, сокур тыйынга зар болуп жашап өткөн экен.

Атактуу акын аталган чыгармасында түбөлүк бүтпөгөн араздашуулардан, хан ордодогу арам оюндардан, бийлик башындагылардын адилетсиздигинен чарчап-чаалыккан элдин жарыгы Күн сыяктуу баарына тегиз тийген калыс падыша келсе экен деген аруу тилегин кыйыр түрдө туюнтат. Бул жааттан алганда "Шахнаама" биздин "Манас" эпосубуз менен үндөш.

Дастанда фарсы элинин ар кыл доорлордогу тагдыры, карапайым калкты бийлеген падышалардын бүтпөгөн тиреши, ошол замандардагы элдик баатырлар тууралуу баяндалат. Эпопеянын бир бөлүгү оттон да, суудан да кайра тартпаган эр жүрөктүүлүгү менен калың элге алынган баатыр Үрүстөм жана анын уулу, атасынан кем калбаган кайраттуу азамат Сухробго арналган.

Иран шахынын кол башчысы бир күнү аң уулап жүрүп адашып кетет. Түндө уктап жатканда, учкул тулпары, адамдай акылдуу Ракшты турандыктар уурдап кеткен болот.

Атын издеп, душмандын жери Турандын аймагына барат. Тайманбас баатырдын атак-даңкы алыс-жакынга белгилүү болгондуктан, аны көргөндөрдүн баары таанып, жакшы тосуп алат. Ошол кезде Туранга баш ийип турган Саманган шаарынын башчысы Үрүстөмдү сыйлуу конок катары күтүп, анын урматына оюн-зоок уюштурат. Үлпөттөн кийин ал өзү үчүн даярдалган каанада жатууга кам уруп жатса, эшик ачылып, каанага шаар башчысынын кызы кирип келет. Ал баатырды жакшы көрүп калгандыгын айтып, купуя сезимин билдирет. Кыздын орундуу кеп-сөзү, назик күлкүсү, айды уялткан жаркын ажары кол башчыны эс-мас кылат. Ошентип, Самангандын башкаруучусунун кызы менен Ирандын кол башчысы баш кошуп, ал түндү чогуу өткөрүшөт. Эртеси Үрүстөм болочоктогу наристесине өзүнүн асыл таш чегерилген билеригин калтырып, мекенине жөнөп кетет.

Үрүстөмдөн уул төрөлүп, анын ысымын Сухроб деп коюшат. Сухроб күч-кубатка толуп, эр жеткенде апасы Тахминадан атасы Ирандын атактуу кол башчысы экендигин угат. Тахмина уулун алыс сапарга узатып жатып, Үрүстөм калтырган таберикти уулуна берет. "Ушуну көрсөтсөң, атаң сени тааныйт", – дейт.

"Мен Иранга барып, канкор Кей-Кавусту тактыдан кууп, анын ордуна атамды отургузам. Андан кийин Туранга кайтып келип, заалим падыша Афрасиабдын бийлигин кулатып, анын ордун өзүм ээлейм. Ошондо атам Үрүстөм экөөбүз Иран менен Туранды адилет башкарабыз жана бир тууган эки элдин түбөлүк ынтымагын орнотобуз", – деп, Сухроб жолго чыгат. (Айтмакчы, аталган эпосто ирандыктар менен турандыктар түбү бир атадан тараган, бир тууган эл катары сүрөттөлөт).

Айкөл жана ишенчээк Сухроб душмандары өзүнө караганда алда канча куу жана митаам экендигин элес албады. Турандын шахы Афрасиаб анын ниетин билип туруп, кайра аны көкүттү, анткени ал Иран менен согушуп жаткан. Сухробдун жардамы аркасында көптөн бери күчү жетпей келе жаткан Үрүстөмдү жеңип, Иранды багындырып алууну көздөдү. Андан соң Сухробду да тындыруу ниетинде болду. Ошол максатта арбын кол менен аны фарсылардын чегине жөнөттү. Сухроб өз атасын таанып албасын үчүн койнунда котур ташы бар тыңчы-чагымчыларды кошо жиберди.

Биринен экинчиси кем калбаган эки баатыр согуш талаасында беттешти. Алп денелүү, айбаты арыстанды сүрдөнткөн Үрүстөмдү көргөндө Сухроб күмөнсүп, "издеп келген атам ушул болуп жүрбөсүн" деп, кайта-кайта такып атын сурады. Өчөшкөнсүп, Үрүстөм өз ысымын айтпады, ким экендигин ачыкка чыгарбады. Ошентип, эки элдин арасындагы бузуку-чагымчылардын жана карасанатай эл башылардын кесепетинен эр жүрөк эки азамат, ата-бала өз жоокерлеринин көзүнчө кындан кылыч сууруп, бири-бирин качырып сала берди.

Аёосуз кармаш бир нече саатка созулду. Жекеме жеке чыккан эки баатырдын эч кимиси ал күнү жеңишке жетпеди. Арып-ачып, кара терге чөмүлүп, иңир киргенде согушту токтотууга мажбур болушту.

Аскерлер экинчи күнү да бет маңдай тизилип, ата-баланын ортосундагы кыл чайнашкан таймаш уланды. Узакка созулган салгылашуудан кийин Сухроб атасы Үрүстөмдү аттан оодарып, жерге кулатты. Кылычын камдап, мына-мына сая берерде Үрүстөм шашкалактап: "Ирандын салты боюнча душман биринчи жеңилгенде өлтүрбөйт! Экинчисинде өлтүрсө болот!" - деп кыйкырып жиберди. Жаш баладай баёо, ишенчээк Сухроб кыйды баатырга алданып, аны аман-соо коё берди.

Үчүнчү күнү, тескерисинче, Сухробду Үрүстөм жыгытат. Ай-буйга келбей, кексе неме дароо Сухробдун көкүрөгүнө канжарын матырып алат. Колундагы билерикти көргөндө гана Үрүстөм өз уулун набыт кылгандыгын түшүнөт. Уулунун канга боёлгон алсыз денесин кучактап, үнү көккө жетип ыйлайт. Тилекке каршы, эми кеч болуп калган эле. Хан ордодогу шыкакчылардын айынан жалгыз баласынын канына забын болгон Үрүстөм баатыр ошол жерде касам ичип, Иран менен Турандын ортосундагы аягы тыйылбаган согушту токтотууга өзүнө сөз берет.

Адам баласы жаралгандан бери элдерди бири-бирине тукурган, бири-бирине кайраштырып уруштурган же бирин экинчисине чабыштырып, талатып-тоноткондор бузуку саясатчылар (падышалар, хандар, бектер, алардын жан-жөкөрлөрү ж.б.у.с.) болуп келгендиги анык.

Алардын эки жүздүүлүгүн, жанын жеген алдамчылыгын, бийлик-байлыкка тойбос ачкөздүгүн, жалаң өз камын жеген өзүмчүлдүгүн фарсынын улуу акыны аёосуз ашкерелеген. Өкүнүчкө карай, андан бери жүздөгөн жылдар өтсө да, адамзаттын табияты өзгөрбөдү, кишидеги бийлик-байлыктын кумары, айрымдардын ай-ааламга ээлик кылсам деген акылга сыйбас дымагы бүгүн да калбады. Алардын азаптуу кесири, оор кесепети учурда жалпы адамзатка тийип жатат.

Эпосто Үрүстөм, Сухроб, Сиявуш, Исфандияр сыяктуу элдик баатырлар даңазаланат. Канчалаган дөөлөрдү, жин-перилерди жеңген айбаттуу Үрүстөм кандуу ордонун чагымына, арамза өкүмдарлардын айла-амалына туруштук бере албайт. Жогоруда аты аталган баатырлар өңдүү ал дагы акыры келип бүтпөгөн тирештин курмандыгы болот.

"Манас" эпосу сыяктуу эле "Шахнаамада" да баштан-аяк ак-каранын күрөшү баяндалат, жакшылык менен жамандык, адамдагы улуу адамгерчилик менен карасанатайлык тууралуу сөз болот.

Эпопеядагы негизги өзөк идея адамдын ариетине, анын ыйман-ынсабына ишенүү, анын болочогуна үмүт артуу болуп эсептелет. Мындан тышкары, чыгармада кандай гана падыша болбосун адилет, калыс башкарыш керек деген орошон идея камтылган.

Жоомарт бол, акыл-эстүү, акыйкат бол,
Өлкөңдүн бактысы – сенин да бактың ошол.
Жолотпо жалганчыны тагыңа түк,
Чындыкты айткандардан кеңешчи күт, –
дейт даанышман ойчул өкүмдарларга. Кеменгер акындын бул накыл кебин бүгүнкү эл башылар укса кана эми.

Тилекке каршы, өткөн жылкы апрелдеги жаңжалдан бери тажик элин душман көргөндөр, алардын дарегине ачуу сын айтып, бардык чыр-чатакка ошолорду күнөөлөп жаткандар көбөйдү. Атүгүл аттуу-баштуу эле кээ бирөөлөр Каныкей энебизди тажик болгон эмес дегенге чейин жетти. Ушундай эле мамиле тажик тараптан да болуп жаткандыгын көрүп-угуп жатабыз. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш.

Аттиң, эгерде биз баарыбыз "Шахнааманы" окуганыбызда, тажиктердин Саади, Рудаки, Руми, Мирзо Турсунзода ж.б.у.с. акындары менен тааныш болгонубузда, алар да биздин "Манас" эпосубузду жана Чыңгыз Айтматов, Токтогул, Жеңижок, Барпы, Алыкул Осмонов, ж.б.у.с. акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларын окуганда, бири-бирибизди жакындан таанып, маданий-рухий алакабыз үзүлбөгөндө мындайга барбайт элек. Ошондо бул уруш-жаңжалдар, мындай тирешүүлөр карапайым элге эмес, эки элди атайын кайраштырып пайда көргүсү келген бузукуларга гана керек экендигин аңдап-түшүнөт болчубуз.

Аким Кожоев, жазуучу

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG