“Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө кыргыз тилдүү басылмалардын жагдайын талкууладык.
Ага “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Төлөгөнов, “ПолитКлиника” басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимова жана журналист, серепчи Болот Таштаналиев катышкан.
Апта башында journalist.kg сайтына “Каржыдан каржалган кыргыз басылмалары” деген макала жарыяланды. Анын автору Болот Таштаналиев акыркы он жылда Кыргызстандагы жалпы гезиттердин нускасы кескин кыскарып кеткенин байкаган.
Болот Таштаналиев: - Бүгүнкү күндө жумасына төрт жолу чыгып турган “Вечерний Бишкек” гезитинин нускасы кескин азайып, жумасына бир эле жолу чыгып калды. Болбосо өз басмаканасы бар, абдан кирешелүү басылма болчу. Азыркы абалы таптакыр башкача болуп турат.
Кыргыз тилдүү басылмалардын ичинен эң көп сатылган “Супер инфо” гезитинин нускасы 29 500 нускага түшүптүр. Бир мезгилде 128 миңден көп чыгып турчу. Көп басылмалар нускасы кескин азайып, иши солгундап калганы тууралуу ачык айткысы келбейт.
“Азаттык”: - Гезиттердин нускасынын азайышына пандемия да таасир эттиби?
Марс Төлөгөнов: - Жакшы эле таасир этти. Мисалы, соңку кезде биз бир катар онлайн окууларды, жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Анда ЖМК өкүлдөрү “Реклама такыр жоголду. Гезитти эч ким албай калды. Эми башка форматты табышыбыз керек” деп айтып жатышат. Басылмадагы ишин таштап таксиге, соодага өтүп кеткендер канча.
Гезиттердин азайып кеткенин күркөлөрдөн байкап жатабыз. Азыр баягы саясий гезиттер жокко эсе. Тематикалык, тигил же бул министрликтин карамагындагы басылмалар гана чыгып жатат. Атайын долбоор менен чыккан басылмаларды көрүүгө болот. Көпчүлүк гезиттер Интернетке ооп кетти.
Дилбар Алимова: - Гезит окуу маданияты коомдо жыл сайын солгундап жатат. Башка жолдор аркылуу жаңы киреше булактарын издөө актуалдуу болуп турат. Биз да гезиттин ишин 2018-жылы токтотуп, Интернетке толугу менен өткөнбүз.
Он жыл мурда “сайтыңарды ачкыла” деп кеңеш бергенде, сайтка материалды жайгаштырып койсо газета сатылбай калбайбы деп ойлочубуз. Көрсө туура эмес көз караш экен. Анткени сенин бир жумалык тиражың 2000 нуска болуп жатса, сайтта бир эле макалаң эки миң жолу окулуп жатат. Бир айда 50-60 миң окурманды топтой аласың. Бул сен тапкан маалымат чоңураак масштабда тарап атат дегенди түшүндүрөт.
Мындай абалда жарнама берүүчүлөргө, эл аралык уюмдарга көрүнүү мүмкүнчүлүгү да кыйла жогору болот экен. Андан сырткары монетизация жагын да колго алып жатабыз. Мисалы, YouTube каналынан акча табууну киргизүү сыяктуу. Бара-бара биздин окурмандарда да краудфаундинг маданияты калыптанат деген ишенимдебиз.
Марс Төлөгөнов: - Краудфаундинг, башкача айтканда, элдик каржылоо экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө жакшы иштейт. Айрым өлкөлөрдө гезиттер мурдагыдай эле окулуп жатат. Бирок биз, кыргыз коому гезит окуу маданиятын жоготтук. Эми маалымат таратуунун башка жолун издешибиз керек.
Балким гезиттерге болгон талап кайра ордуна келээр. Бирок ЖМК өкүлдөрү коом гезитке кайтып келбейт деп ишенимдүү айтып жатат. Монитор маңдайыбызда, колдо смартфон. “Кыска тартылган видеону көрүшөт, кыска жазылган маалыматты окушат” деп жатабыз. Жада калса Интернетке чыккан макаланын кириш сөзүн окуп эле “аа, бүткөн турбайбы” деп жатпайбызбы.
Кыргыз басылмаларынын жагдайына арналган “Арай көз чарай” талкуусун толугу менен бул жерден көрө аласыз.