17-ноябрь - "Кыргыз кереметинин" туулган күнү. Улуттук майрамга айланган бул күнү кыргыз киносунун гүлдөгөн доорунун күбөсү, кино-сүрөтчү Александр Федоровду кепке тарттык.
Александр Федоров 30 жылга жакын "Кыргызфильм" киностудиясында иштеп, "Ак кеме", "Көчө", "Караш-Караш", "Жалаң эркектер", "Махабат закымдары", "Бакайдын жайыты" өңдүү көркөм тасмаларда сүрөтчү-художник болгон.
Ал Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Альгимантас Видугирис, Төлөмүш Океев баштаган кыргыз кинорежиссерлору менен чогуу иштеген. Анда Сүймөнкул Чокморов, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева баштаган таланттар тартылган кыргыз киносунун архиви бар. Маданияттын мыкты кызматкери Александр Федоров 2020-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган.
Сүрөт менин жашоом
- Азыр 73 жаштамын. Эсептесем, сүрөт тартып баштаганыма 60 жыл болуптур. Сүрөт тартканды 12 жашымда атам үйрөткөн.
Мектепти бүткөндөн кийин кино оператор болууну кыялданып, ВГИКке (Бүткүл союздук кинематография институту) окууга өтүүгө аракет кылгам. Эки жыл катары менен тапшырып, кулап калдым. Андан кийин Фрунзедеги (азыркы Бишкек-ред.) Кыргыз техникалык университетинин геология факультетине тапшырдым. Геолог болсом, жер кыдырып сүрөт тартам деп кыялдангам. Бир жылдан кийин окуумду таштап салдым.
Кино тармагына тааныштар аркылуу жумушка кирдим. Эмне жумуш аткарсам да кайыл элем, иши кылып кино чөйрөсүндө жүргүм келген. Алгач супертехник болдум. Арабаларды түртүп, кинокамераларды ташыдым. Анда камералар азыркыдай чакан эмес, өтө чоң, оор болчу. Кыскасы, кара жумуштун баарын аткардым. Жумушум өзүмө аябай жакчу.
1968-жылы биринчи жолу Геннадий Базаров тарткан “Буктурманы” ("Засада") тартуу процессине катыштым.
Тасманы тартуу учурунда чыгармачыл топтун сүрөтчүсү баарын таштап кетип калды. Геннадий Базаров менин сүрөткө шыгым барын байкап жүргөн экен. "Сен тартасың" деп фотоаппаратты колума карматып койду. "Тажрыйбам жок" дегениме карабай дароо эле киностудиянын фотоцехине киргизишти. Ал жерде жети сүрөтчү бар экен. Аскерге барып келгенден кийин да эч бир окуу жайга тапшырган жокмун. Оператор болом деген кыялымды да унуттум. Киностудияда сүрөтчү болуп Советтер Союзу тараганча иштедим.
Кыйырга таанылган "Кыргыз керемети"
Убагында ошол доордун эң мыкты, “Кыргыз кереметин” жараткан беш режиссёр менен иштештим. Муну мен сыймыктануу менен айта алам.
1960-1970-жылдары дал ушул беш кинорежиссёр: Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев, Альгимантас Видугирис тарткан фильмдер ар түрдүү эл аралык сыйлыктарга татыган.
Кино дүйнөсүнө жолумду ачкан “Буктурманы” - кыргыздын туңгуч боевиги деп атасак болот. Мындай тасманы кийин эч ким тарта алган жок. Тасмада басмачылар менен кармаш кылыч шилтөө, ок атуу ж.б. сценалар менен коштолгон.
Биринчи жолу командировкага ушул тасма тартылганда чыккам. Ошко барганбыз. Фрунзеде төрөлүп, чоңойгон мен үчүн Фергана өрөөнү башка дүйнөдөй эле сезилген. Ош шаарына болгон сүйүүм ошол тасманы тартуу учурунда ойгонгон.
Андан кийин “Ак кеменин” тартылышына катыштым. Менде бул тасманын жарыяланбаган сүрөттөрү сакталып турат.
Мектепти жаңы бүткөн кезде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын аябай көп окугам. ВГИКке тапшырууга даярданып жүргөн кезим эле. Фрунзедеги китепканалардын баарына жазылгам. Ал кезде жаштар Эрнест Хемингуэй, Фолкнер өңдүү дүйнөлүк классиктерди окушчу. Айтматовдун китептери жаңы басылып чыгып жаткан.
Кийин жазуучу Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп иштеп калды. Ошондон тарта Чыңгыз Төрөкулович менен жанаша жүрдүк. Ар кандай иш-чараларга катышып калган учурда аны сүрөткө көп тартчумун. Азыр менде архивдик сүрөттөрү көп.
Кыргыз киносунун алтын доору унутулбаса...
Азыркы күнгө чейин сүрөт тартам. Студияга күндө эртең жумушка баргандай эле барам. Пенсияга чыкканыма көп болду. Архивдик маалыматтарды чогултам. Киностудияга келгенде сүрөт, видеолордун архивин жасаган мага абдан жаккан. Ар бир негативдин өзүнүн форматы, аталышы болушу керек. Бул издөөнү жеңилдетет. Мен азыр күн сайын пленкага тарткан сүрөттөрүмдү санарипке которуп жатам. Жашоо темпи тездеп жаткандыктан сүрөттү тартаар замат эле бериш керек. Жакында компьютеримди карасам, кинонун эле 43 миң сүрөтү бар экен. Кыргыз киносунун алтын доору ушул мен тарткан сүрөттөр аркылуу элдин эсинде калса экен дейм.
Кыргыз кинематографиясынын мааракелерин дайыма тартам. Менде компьютерде алар "40 жылдык юбилей", "60 жылдык юбилей" деген аталыш менен сакталуу. Эми 80 жылдык мааракеге да жеттик. Бул мен үчүн абдан жагымдуу майрам. Ушул күнгө чейин жашаганыма бактылуумун. Албетте мени менен кино тармагында иштеген көптөгөн досторум азыр жок. Бул абдан өкүнүчтүү.
Сүймөнкул Чокморов менен жакын дос элем. Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев менен жакын мамиледе болчумун. Ошол кезде киного тартылган актёр, актрисалар менен достук мамилебиз жакшы болчу. Алардын сүрөттөрү азыр деле менде сакталып турат. Кыргыз кинематографиясын түзгөн, өнүгүшүнө салым кошкон көзү тирүү досторумду бүгүнкү майрамы менен куттуктайм.
Кино өзгөрдү...
Жашоо ушиндай экен, өзгөрүп турат... Азыр биздин экрандарда жаңы кинематографисттердин тасмалары чыгып жатат. Аларга “Кыргыз кереметин” жараткан мыкты инсандардын эмгектерин көрүп чыгууну сунуштайт элем. Кыргыз кинематографиясын дүйнөгө тааныткан тасмалар дагы тартылса деп тилейм. Азыркы жаш режиссёрлор тартып жаткан кинолорду көп көрбөйм. Көрүп калган учурда сын пикиримди айткым келет. Жаңы муун тарткан тасмалардын көбү көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк таппай жатат. Албетте, жаштар ВГИКти бүткөн эмес. Кино жаратуу түйшүк да.
Кечээ жакында эле Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы эл аралык кинофестивалдан сыйлык жеңип алды. Абдан сүйүнүп турам. Артыкпай Сүйүндүков кыргыз кинематографисттеринин экинчи мууну экенин белгилеп кетейин. “Шамбала” тасмасы мен күбө болуп, иштеп калган “Ак кеме” тасмасынын аналогу. Андыктан бул тасманын жаратуучуларына ийгилик каалайм.
Азыр кино тармагы аябай өзгөрдү. Өз учурунда "Кыргызфильм" жана Грузиянын киностудиясы Советтер Союзундагы эң мыкты студиялардан болчу. Тасмалары дүйнөлүк деңгээлде эле. Ошол жылдары киного шыктуу бир муун келсе керек деп ойлоп коём.
Александр Федоровдун архивиндеги сүрөттөр.