Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Кыястын “-мыш” белеси байсалдуу башталууда


Кыяс Молдокасымов өз бакчасында. 12.4.2022.
Кыяс Молдокасымов өз бакчасында. 12.4.2022.

Тарыхчы, публицист, журналист Кыяс Сатар уулу Молдокасымовдун 60 жылдыгына арналган илимий шериненин ирегесиндеги кесиптешинин блогу.

Биздин үзөңгүлөшүбүз, «азаттыкчы» катары да мүлдө журтубузга таанымал Кыяс Сатар уулу Молдокасымов алтымыштын сересине быйыл февралдын (бирдин айынын) 22синде чыккан. Маараке ээси тууралуу “Азаттыкта” да, Би-Би-Сиде да, башка маалымат каражаттарында да бир канча макалалар жарыяланган.

Эми Кыяс досубуздун ой-боюна койбой, бир катар илимий мекемелер июнь (кулжа) айынын 8инде анын торколуу тоюна арнап эл аралык шерине өткөрүүдө.

Бул иш-чаранын расмий көрнөгүндө мааракелик шерине жөнүндө мындайча маалымат бар:

“Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” коомдук фондунун Башкармалыгынын төрагасы, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Сатар уулу Молдокасымовдун 60 жылдыгына арналган "Борбор Азия өлкөлөрүндө архивдик жана булак таанууну өнүктүрүүнүн тарыхый, методологиялык жана башка өңүттөрү" аттуу эл аралык симпозиум...”

Албетте, азыркы тапта президенттик кеңсе “администрация” деп аталып калды, бирок фонддун жобосу өзгөрө элек болгондуктан, андагы кеңсенин аталышындагы “аппарат” сөзү бул көрнөктө сакталып калууда.

Бул шериненин ирегесинде “Турар” басмасында окумуштууга арналган илимий жана илимий макалалар жыйнагы жарык көрдү.

К.Молдокасымовго арналган жыйнактын мукабасы. 06.6.2023.
К.Молдокасымовго арналган жыйнактын мукабасы. 06.6.2023.

Кыскача өмүр таржымакалы

Деги, Кыяс мырзанын өмүр таржымакалын анча-мынча абзацка баткандай санап өткөнүбүз деле дурус болчудай.

Кыяс Сатар уулу Молдокасымов – кыргыздын белгилүү тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты, публицист жана журналист.

Ал 1963-жылы февралдын (бирдин айынын) 22синде Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

Ал 1985-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) тарых факультетин аяктаган. Далай жылдар аталган факультетте окутуучу болуп иштеп, ара-чолодо (1987–1990) аспирантурада окуп, кайрадан окутуучу болуп иштеген.

Тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын 1994-жылы Өзбекстандын белдүү окумуштуусу, профессор Хамид Зияевдин илимий жетекчилиги астында ийгиликтүү жактаган.

Кыргызстандык айдыңдар бир эле учурда коомдук-жарандык ишмердикти өз кызматы менен айкалыштырат эмеспи.

1989-жылы 3-июнда негизделген Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын негиздөөчүлөрүнүн жана Кеңеш мүчөлөрүнүн бири, 1995-жылдан 2012-жылга чейин Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун жетекчиси болду.

Ал 1995-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин чакыруусу боюнча Анкара шаарындагы Түрк Тарых Курумунун кеңсесинде түрк өлкөлөрүнүн орто мектептеринин жогорку класстары жана лицейлери үчүн “Орток түрк тарыхын” жазууга Кыргызстан тараптан катышкан кош автордун бири болду.

Ал эми 1998-жылдын 1-апрелинен – 2005-жылдын 1-апрелине чейин ал «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги бюросун жетектеди.

Ошол жылы май айында «Азаттыктын» туңгуч сыналгы долбоору – «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүн алгачкы жолу алып барып, бир катар айлар бою ал берүүнү телчитти.

2005-жылдын 23-сентябрынан 2006-жылдын 19-январына чейин УТРКнын президенти болуп иштеп, бул канал менен «Азаттыктын» жана Би-Би-Синин кызматташтыгын чыңдады.

2008-жылдын 11-июнунан – 2010-жылдын 12-майына чейин ал “Кыргыз Туусу” Басма үйүнүн директору-башкы редактору кызматын аркалады.

2013-жылдын сентябрынан ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондунун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары болду, ал эми 2017-жылдын 4-майынан тартып бул фондду азыркыга чейин жетектеп келет.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Зиябидин Максым, Курманжан, Токтогул, Канаат хан сыяктуу кыргыздын көптөгөн тарыхый инсандарынын өмүр таржымакалын жана тагдырларындагы урунттуу учурларды архивдик маалыматтарга таянуу менен тактап берген окумуштуу катары да кеңири маалым.

2019-жылы жазында К.Молдокасымов бээжиндик профессор Ю Тайшандын көөнө доордогу кыргыздар тууралуу жаңы маалыматын алгачкы жолу илимий чөйрөгө жана калайыкка шардана кылганы да калк эсинде.

2005-жылы июлда ал "Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамын алган. 2016-жылдын 31-декабрындагы президенттик жарлыкка ылайык, III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Быйыл, 2023-жылы, ал Ж.Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору наамына ээ болду.

Үй-бүлөлүү, төрт бала, бир кыздын атасы. Өмүрлүк жубайы – Гүлнара айым.

Айрым замандаштарынын маараке ээси тууралуу ойлорунан

Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы:

«...Кыяс кесиптешим туралуу куржундап кеп айтсак дагы сыйбайт. Айрыкча өлкөбүздүн эгемендиги калыптануу доорунда тарыхты калыс изилдөө саясатына баш оту менен кирип, өткөндү билүү – бул өнүгүүнүн өзөгү экенин кандан бектен тартпай какшап турган данектүү Инсан!

Учурунда тарых жаатында ар кандай коомдук уюмдарды түзүп, үзүлө жаздаган илимдин учугун улаштырып, кайсы гана мамлекеттик кызматты аркалабасын, дилинен дагы, тилинен дагы мамлекеттик тарых изилдөө саясатын түшүрбөдү; бул өңүттү ал курч пикирлери менен, макалалары, ой жортумдары менен, коомчулук менен маек куруп дагы ар тараптуу чагылдырып, тарапташтарды топтоп, эгемен мамлекетибиздин тарых илимине байланыштуу көйгөйлөрүн элдин жадымынан чыгарбады...»

Жаркын Турсун кызы жана Бээжиндеги кесиптештери,

Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарыхты изилдөө институтунун Байыркы кытай менен чет элдин тарыхын изилдөө бөлүмү.

«...Үй-бүлөңүз менен ардайыма бекем ден-соолукта болуңуз, өмүрүңүз узун болсун!

Сиздин Кыргызстан менен Кытайдын достугуна кошкон салымыңызга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

«Мурас» Фонду менен Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарыхты изилдөө институтунун илмий изилдөөдөгү кызматташтыгыбыз ийгиликтүү болсун!

Эки мамлекеттин достугу жана да тыгыз болсун!»

Жээнбек Абдиев, тарыхчы, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти, Кыяс мырзанын курсташы:

«...Мен бул жашоодо ар-кыл көз караштагы, ар-кандай пикирдеги, түрдүү даражадагы жана кызматтагы, таланттуу, чыгармачыл, эмгекчил, билимдүү-илимдүү, жөнөкөй-жакшы адамдар менен дос, жолдош жана кесиптеш болдум. Ошондой адамдар менен бирге окуп, бир мекемеде эмгектенип, бир шаарда жашап, алар менен замандаш болгонума кудайга миң мертебе ыраазымын!

Ошондой адамдардын бири – менин Кыяс досум. Экөөбүз, ал кездеги жалгыз университеттин – СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетинде чогуу окудук. Кийин өзүбүз бүтүргөн факультетте кыйла жылдар бирге иштеп жүрдүк.

Кыяс досум, чынында эле, сөздүн түз маанисинде багбан. Анын Бишкектин четиндеги тааласында жумушчу кийимин кийип алып, өмүрлүк жарын, төрт уулун жана кызын ээрчитип алып, тынымсыз эмгектенүүнүн натыйжасында, бул жер тилкени көздүн жоосун алган, көрктүү бакчага айлантканын көрүп жүрөм.

Достор ал бакчага эрте жаздан кеч күзгө чейин, маал-маалы менен барып, мөмө-жемиштеринен даам татып, эс алып жүрөбүз. Кичирээк бакчасы бар достор Кыястан кеңеш сурап турушат.

Тарыхчы катары өз кесибинин үстундө тынымсыз эмгектенип келатат. Бир катар өлкөлөрдүн архивдерине барып (кээ бирлерине кайра-кайра каттап), талбай олтуруп, кыргыздарга байланыштуу, кыргыздар жөнүндө маалыматтарды таап, аларды топтоп, жарыкка чыгарып, кыргыздын тарых илиминин өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет.

Аман бол досум, өмүрүң узун болуп, кыргыз эли, кыргыз жери үчүн талбай эмгектене бер, чыгармачылыгың өркүндөй берсин!»

Султан Аким уулу Раев,

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы, Кыргыз эл жазуучусу:

«...Бу турмушта көп дос күттүк. Көп адамдарга дос болдук. Достун достугун бир гана мезгил сынай алат. Жылдар өткөн сайын бу турумуштагы сапар жолдошторуң ар кандай себеп менен аялдамадан түшүп калган жолочудай жолун үзөт. Барган сайын жалгыздап, жаңыңа эң ишенимдүү, бу турумушта бу достукту эчтеке айрыбаштабаган, ошол эле учурда сен десе отко да, чокко да түшкөн жан айрылгыс досуң болот... Мен бүгүн дос деген сөздү көп оозанып турам. Анткени, бу касиеттүү сөздү канчалык көп айтсам, ошончолук аздай туюлган, кайталаган сайын кайталагың келген...ар бир сөзүңдө анын аты жашап, ошол сөздө тоо көтөргүс жүктүн баркы турат.

«Ал досуңуз ким?» – деген суроо жаралат. Бул суроого ойлонбой туруп айтсам, миң-миллион жолу ой сыдыгысынан өтүп, ар бир кан тамырда жашап келген, бир өмүрдүк досумдун атын оозанам.

Ал – Кыяс Молдокасымов...

...Мен эң оболу анын турмуштун чындыгындай касиетин айтам... Ал тарыхчы, окмуштуу, аалым, эң башкысы – Адам!

Бу турмушта Адам атка конуп, бу ыйык атты ыйыктай сактап өтүү үчүн, ошол сөздүн ар бир тамгасына татыктуу болууга, ошол атты бу турмушта таза сактоого жан үрөп келесиң... Бу ыйык сөзгө бир гана жооп – менин Досум ушундай!

Карапайым, жөнөкөй сөздө улуу туюнтма жатат...

Дос! Бу сөз – кыска, бу сөз – ыйык сөздөй нуска...»

Абдырасул Исаков,

илимпоз, Анкара шаары, Түркия:

«...Илим дүйнөсүндө илимпоздун ишмердиги анын эмгектеринин башкалар тарабынан канчалык пайдаланылып, аларга канчалык шилтеме жасалганы аркылуу да өлчөнөт. Агайдын эмгектери Борбор Азияда гана эмес Түркияда да бааланып келет. Кыяс Молдокасымовду Түркияда кыргыз тарыхы боюнча мыкты адис катары билишет. Ошондуктан кыргыз тарыхына тиешелүү ар кыл темаларда агайдын илимдеги табылгаларына, пикирлерине шилтемелер жасалып келет.

...Кыргыздын алдыңкы инсандарынан Акбото Бий, Шабдан баатыр, Молдо Кылыч, Курманжан Датка, Абдыкерим Сыдыков жана Исхак Раззаков боюнча Түркияда жазылган эмгектерде агайдын пикирлерине орун берилген.

Ошондой эле Үркүн, басмачылык кыймылы, репрессия боюнча түрк тилинде даярдалган макалаларда агайдын эмгектерине шилтемелер жасалганын көрүүгө болот.

Жыйынтыктай турган болсок, Кыяс Молдокасымов Түркияда тарыхчы, журналист, кыргыздын алдыңкы айдыңы катары тааанымал».

Азырынча ушул пикирлерге шилтеме жасоо менен чектелип туралы.

Жаркын, бакыбат, демилгелүү, жаратмандык келечек каалайбыз

Кыяс мырза демилгелеп чыккан Кытайдагы эски кол жазмаларда катылган баалуу маалыматтарды кыргызчага котортуу тууралуу сунуш расмий Бишкек тарабынан да колдоо таап жаткандыгы жамы журтту кубантат. Бул сунуш толук жүзөгө ашырылышы үчүн абдан көп айдыңдардын эл аралык кызматташтыгы талап кылынат.

Бул жаатта да Кыяс мырзага жана ал жетектеген «Мурас» фондуна албан уюштуруучулуек жана чыгармачыл ийгиликтер каалайбыз.

Быйыл анын маараке күндөрү жарыялаган бир блогумдун соңку бөлүгүн ушул макаламда да кыстара кетким келет.

Алтымыштын сересин жаңы гана ашкан урматтуу Кыяска чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, дагы ушунча жашты тилейбиз жана коомдук жана илимий ишмердигиндеги мындан аркы албан ийгиликтерди каалайбыз.

Өмүр – зымырап учкан кушка тең экен. Өз тагдырынын ар бир закымы өрнөктүү өтсүн үчүн айдыңдык мээнет кылып жаткан тарыхчы Кыяс Сатар уулу Молдокасымовдон дагы далай илимий табылгаларды күтөбүз жана коомдук турмуштагы саамалыктары менен кубанта берсе экен, деп тилейбиз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG