Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Баткендик Дастанбектин революциясы


Окуучулардын темир баатыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Дастанбек Абдрахманов буга чейин ушундай робот ойлоп тапкан

“Асман плюс” гезити ток бере турган генератор ойлоп тапкан Дастанбек Абдрахманов тууралуу баяндады.

“Асман плюс” гезити ойлоп табуучу Дастанбек Абдрахмановдун “Энергетика тармагында революция болот” деген аталыштагы интервьюсун басты. 20 жаштагы бул жигит ток иштеп чыгара турган генераторду кантип ойлоп тапканын, өзү Баткенде 1995-жылдын 23-февралында туулганын, азыр Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде 1-курста окуп жатканын, бир нерсе жасоо Кыргызстанда өтө кыйынчылыкка турарын, ага керектүү тетиктерди чет өлкөдөн алдыралы десең, баасы оңбогондой кымбаттыгын, ойлоп тубуучулук мектепте окуп жүргөн кезинде эле башталганын, 10-класста сүйлөп баса турган, пульт менен башкарылуучу робот ойлоп тапса, 11-класста жүгөрү, беде чаба турган комбайн жасаганын, эми мындан ары кадимки эле автомбилди ток менен жүрө тургандай кылып жасоону ойлоп жатканын айтып берди. Бул кызыктуу маек “Асман плюс” гезитинин бүгүнкү санында.

“Азия ньюс” гезити “Бишкекке табышмактуу жүк келди” деген макала менен жаңы санын ачып, “сырдуу жүк” тууралуу жазып чыккан “Дело №...” гезити ушундай эле жүк кезинде Украинага да келгенин, анан андан көп өтпөй эле Майданда жапжаңы долларлар пайда болгонун, ызы-чуу башталганын эске салып, жүк шектентип жатканын айтканын, анан “Азия ньюс” гезити кызыгып көргөндө гезитке АКШ элчилигинен бул жүк элчиликтин жаңы имаратына керектеле турган материалдар экендигин билдиргенин кабарлады.

“Кыргызстандын карызы 3 млрд. 647 млн. долларга жетти” деген теманын алдында бир топ жарандардын ойлору жарык көрдү. Экономист Айылчы Сарыбаев: Карыздын көбөйүп кетиши өкмөттүн ишинин чабалдыгы. Мындан ары өкмөт ар бир кадамын анализдеп иш кылса, карыздан жакынкы жылдары кутулуп кетсе болот. Бюджетке салык төлөй турган ишкерлерге баш көтөртпөй баса калып атсак экономикабыз кантип оңолсун, текшергич, тергегич органдар өтө эле көп,–деп жооп берди.

Журналист Асланбек Сартбаев “Саясий соода” деген макаласы аркылуу саясий партиялардын жөн-жайын талдоого алса, министр Калыкбек Султановдун маеги “Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси менен көп жолдор оңдолууда” деп өлкөдөгү жол маселесин баяндады.“Дары саткан “мафиянын” артында ким турат?” деген суроого бир катар адамдар пикирлерин билдирди

“Баягы Асаба” гезити экс-губернатор Мамат Айбалаевдин маегин тартуулады. Ушунун эле алдына Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов маек куруп, кара жумушка мыкты экенин, 2016-жылга чейин таштандылар боюнча жаңы полигон болорун, шаар деген эмне экенин эми билип калганын, бирок миссиясын аткарып бүтө электигин айтты. Бирок Бишкек мэри күн сайын талкаланып, таш жолго айланып бараткан борбордун көчөлөрү жөнүндө ак да, көк да деген жок. Ушул эле гезит “Ош коогалаңына убактылуу өкмөт күнөөлүүбү же Бакиевдерби?” деген темада Алишер Токсонбаевдин макаласын жарыялады.

“Жаңы агым” гезити “Атамбаевдикине караганда Путиндин кабылдамасы оперативдүү иштейт” деген, “Жогорку Кеңеш шайлоону эрмектегенде” деген, “Ажыкелердин кезектеги ажыкыйлыгы башталды” деген, “Бүбү Мариямдын "Манасын" коргогон Эрнест Абдыжапаровдун көздөгөнү эмне?” деген баштемалар менен жаңы санын ачып, Тынчтык Алтымышевдин Кумтөр Кыргызстанды ишеним кризисине алып келди” деген макаласын сунуштады. Аскер Сакыбаева макаласы аркылуу “Өлкөнү өзгөртүүгө Атамбаевдин дарамети жетеби?” деген суроо коюп, башкаруучуларына караганда башкаруудагы карапайым калктын аң-сезими алдыга кеткен өлкө жалгыз биз экенибизди, система өзгөрүлмөйүн ишибиз оңолбостугун, бүгүн бардык бийлик президенттин колунда турса дагы кедерибиз кетип турганын кейип кеп кылды.

“Общественный рейтинг” гезити Орусия Федарациясынын Коомдук палатасынын мүчөсү, КМШ өлкөлөр институтунун директору Константин Затулиндин “Евразия союзунан шек санабай эле койсо болот, ал Кыргызстандын көз карандысыздыгын жана бүтүндүгүн сактоо кызыкчылыгын көздөйт, мына ушул контекстен алганда Евразия долбоору кыргыз бийлиги үчүн туруктуулукту камсыздай турган мүнөзгө ээ” деген аталыштагы интервьюсун жарыялады. Ушул эле гезитте “Борбор Азияны ИГИЛдештирүү: кара тактын 50 белгиси” деген макала басылып чыкты. Анда “Ислам мамлекетин” курабыз деген радикал күчтөр жөнүндө сөз болот.

“Айат” гезити ЭлТР” телеканалынын башкы директору Максуда Айтиеванын “Жетекчилик кызматка жаңы эч кимди алып келген жокпуз” деген маегин, анын алдына ушул эле Максуда Айтиеванын орун басары Бейшенбек Бекешовдун “Телеканал акыркы төрт айда эч ким көргүс болду” деген маеги басылып чыкты. Маектерде ЭлТР телеканалын эки жетекчисинин бири-бирине карама-каршы көз карашы айтылган. Бул телеканалдын эки жетекчисинин талашын “Асман плюс” гезити да чагылдырды.

XS
SM
MD
LG