Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Кумтөр: жаңы комиссия, эски көйгөйлөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтөө боюнча мамлекеттик жаңы комиссия түзүлүп жатат.

Бүгүн “Кумтөрдү” улутташтыруу, кыргыз тараптын “Центерра Голд” ишканасындагы акцияларын сатуу демилгелери актуалдуубу? Бул үчүн жаңы комиссия түзүүнүн зарылдыгы бар беле?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул жана башка суроолорго жооп издеди.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, коомдук ишмерлер Кубанычбек Исабеков, Бектур Асанов, Кыргызстандын Тоо кенчилер бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков катышты.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, адегенде депутаттык болуп түзүлүп, жаңы сунуштарга ылайык макамы кеңейтилип жаткан комиссия буга чейинки комиссиялардын чечимдерин, аткарылбай калган иштерин териштирет экен. Булар Кумтөр кенинин айланасында ондогон жылдардан бери келаткан талаш-тартыштарды жаңы комиссия жөнгө салууга жардам бере алат деп ойлойсузбу?

Кубанычбек Исабеков: Легендарлуу парламенттин, ыраматылык Турдакун Усубалиевдин убагында, 1992-жылы да комиссия түзүлгөн.

2005-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде түзгөн комиссияда бүгүнкү комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров да иштеген. Анда Орозбек Дүйшеев, Алмаз Жакыпов, Арстанбек Малиев ж.б. болушкан.

Тилекке каршы комиссиянын жыйынтыгы чыкпай, бир топ маселелер туура эмес болуп, Жогорку Кеңеште ратификациядан өтпөй артка кеткен.

Бүгүнкү комиссия тууралуу юрист, Жогорку Кеңешти ичинен билген киши катары айткым келет. Парламенттин 6-чакырылышынын мөөнөтү октябрда бүткөн, аны узартып алышпадыбы. Комиссияны легитимсиз парламент түзүп атат. Бул комиссиянын жыйынтыгын “Кумтөр” компаниясы эл аралык сотко берсе жокко чыгат. Экинчиден, булар канча убакыт иштейт? Аягына чейин чыгабы же жокпу?

Жакында референдум, анан Жогорку Кеңешке шайлоо өткөнү турат. Азыр эл арасында "булар шайлоонун алдында добуш алыш үчүн эле ушул кадамга барып атат" деп сөз чыга баштады.

Темир Сариев премьер болуп турганда да мамлекеттик комиссия түзгөн. Мамлекеттин, элдин атынан комиссия түзүүгө президенттин гана укугу бар. Албетте, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон жыйынтык чыкса, кош колдоп колдойм. Бирок комиссиядагы 12 кишинин Кумтөр боюнча түшүнүгү барбы же жокпу билбейт экемин. "Бүткүл дүйнөлүк комиссия" деп аталса деле жыйынтык чыкса болду.

Бектур Асанов: Бизде жоопкерчилик мамлекет башчысында. Мамлекет башчы эмнени кааласа, комиссия ошол чечимди чыгарып берет. 1992-жылкы биринчи комиссия Аскар Акаевге баш бербей, ал легендарлуу парламенттин тарашы менен аяктаган. Бүгүнкү күндө комиссия түзүү максаты элди алдообу же ишти аягына чыгаруубу? Бул бир гана президенттен көз каранды. Комиссиянын ниети, эмнени көздөгөнү бир-эки айда эле билинет.

Мисалы, мен өзүмдү комиссиянын курамына киргизүүнү сунуштайм. Көз карандысыз саясатчы, коомдук ишмер катары күрөшүп, жетпеген маалыматтарды президентке, коомчулукка жеткирем. Себеби, суроо көп.

Мисалы, бир эле маселени айтайын, бүгүн алтындын бир унцийинин баасы 2000 долларга жакындап калды. Ошондо бир тонна алтын 45-50 миң долларга барат. 20 тонна казса, 1 миллиард долларга жакын акча. Чыгымына 250-300 млн. доллар кетет деп атат. 600-700 миллиону калат. 26 пайыз үлүшүбүз бар. Биздин дивидендибиз кана?

Дүйшөнбек Камчыбеков: Компания 2019-жылдын жыйынтыгы менен 14 млрд. сомдой акча берди. Иштеп аткан компанияны да чочутпашыбыз керек. Акциялардын баасын түшүрбөгөнгө аракет кылганыбыз оң.

Компаниянын биздеги маалыматы боюнча ал жерде алтындын кору 2020-жылдын 1-январына карата 45 тоннадай эле калыптыр. Булардын 2023-жылга чейин иштейбиз деген план-программасы бар эле. Ушундай жагдайда комиссия максаттарын, ойлорун ачыкка чыгарып айтса, өз сунуштарыбызды берет элек. Эгер комиссия иштей турган болсо, кайсы жерден кандай мүмкүнчүлүк, кандай пайда тапсак болот дегендей ой-пикирлер бар. Эгер комиссия бизди тарта турган болсо, биз да иштеп бергенге даярбыз. Биз да кендин иштешине көз салып келатабыз, кайсы жылдары кандай келишим, канча комиссия түзүлгөн, кандай жыйынтык чыгарган, кандай сунуштар берилген, канчасы аткарылган дегендей. Анан булар мурдагы комиссиялардын жыйынтыктарын ревизия кылабыз десе, анда эч кандай жыйынтык чыкпайт да.

“Азаттык”: Кыргызстандын үлүшү комиссия түзүлгөн сайын азайып жатат деп эсептеген айрым саясатчылар комиссияны кайра-кайра түзүүдөн майнап чыкпасын айтып жатышат.

Комиссия мамлекеттин кызыкчылыгына дал келгидей, бардык тараптарды ынандыра ала тургандай ишенимдүү жыйынтык чыгарышы үчүн эмне кылыш керек?

Кубанычбек Исабеков: Мыйзамдуулукту сактап, эл аралык келишимдерди эске алуу керек. Экинчиден, кесипкөй, принципиалдуу адамдарды, көз карандысыз уюмдарды, экологдорду, экономисттерди, бажы, салык, укук коргоо органдарын кошуу абзел. Эл буларды билиши керек. Комплекстүү түрдө иштөө зарыл. Комиссиянын иши бир айда бүтпөйт.

Бектур Асанов: Кумтөр маселеси жаңы бийлик, айрыкча президент үчүн өзгөчө чоң сыноо. Комиссия түзгөн туура. Маселени тез жана комплекстүү чечиш керек.

"Азаттык": “Кумтөр” ишканасынын маалыматы боюнча, 2019-жылга чейин Кыргызстан кенден 4 миллиард 141 миң долларга жакын пайда тапкан. Кумтөр кенинде жылына 16-17 тонна алтын казылып, ал болжол менен ички дүң өнүмдүн 10%, өнөр жай өндүрүшүнүн 20% түзөт. Кыргызстандын “Центерра Голддогу” үлүшү - 26%.

Бирок кендин айланасындагы жаңжалдар менен талаш-тартыш токтой элек. Токсонунчу жылдардан бери парламенттик, мамлекеттик ондогон комиссиялар түзүлдү. Алардын чечимдеринин аткарылышын териштирүү максатында түзүлүп жаткан кезектеги комиссия кандай иштегенин мезгил көрсөтөт.

Талкууну толугу менен видеодон көрө аласыз.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG