Кумтөр боюнча кыргыз бийлиги менен соттошуп жаткан канадалык "Центерра" компаниясы алтын кендеги карьерде топтолгон суунун деңгээли көтөрүлүп жатканын, анын кесепетине кооптонуусун билдирди.
"Центерранын тынчсыздануусу"
Канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кумтөр кенинин карьеринде топтолгон суунун деңгээли көтөрүлгөнүн билдирип, бул ириде кендин өзү жана анда иштеген жумушчулар үчун "катастрофалык кесепетке алып келиши ыктымал" деген кооптонуусун жарыялады. Компания бул билдирүүсүн кыргыз өкмөтүнүн көзөмөлүндө алтын кенди иштетип жаткан "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 15-августта жарыялаган видеосундагы кадрларга таянып жасаганын айтууда. "Центерра" карьерде топтолгон суунун деңгээли кеминде 40 метрге чейин болушу мүмкүн экенин, мындай көрсөткүч 25 жылдын ичинде болбогонун жана муну тез арада чечүү керек экенин белгиледи. Мындан тышкары 2020-жылдын күз айы жана 2021-жылдын жай айы деген сүрөттү кошо тиркеди. Анда 2020-жыл делген сүрөттө карьерде суу жок экени көрсөтүлгөн.
Канадалык ишкананын операциялык директору Дэн Дежарден кыргыз бийлигине кайрылып, абалды балоо үчүн көз карандысыз эксперттерди, журналисттерди тартууга чакырды.
“Карьердеги суу туруктуулукту азайтып, тобокелчиликти жогорулатарын кен казуу тармагындагы тажрыйбалуу адис жакшы билет. Кумтөр үчүн сууну сордуруп алуу жана андагы тазалоо иштери кенди иштетүүдөгү жана жанындагы муздун коопсуздугу үчүн маанилүү болуп келген”, - деп айтылат билдирүүдө.
“Кумтөр” “Центеррага” жооп кайтарып, айыптады
Үч айдан бери кыргыз өкмөтү тыштан башкаруу киргизген "Кумтөр Голд Компани" ишканасы 1-сентябрда канадалык “Центерра” ишканасынын кооптонуусуна дароо жооп берди. Анда “Центерра” кен боюнча абалды чыңалтып, деструктивдүү дүрбөлөң салууга аракет кылып жатат деп баалап, “мыйзам алдында алсыз болгондуктан кендеги убактылуу башкаруучу топтун беделин түшүрүү үчүн бардык ыкмаларды колдонууда” деп айыптады.
Өз комментарийине “Кумтөр” ишканасы карьердеги суунун деңгээли мурда деле азыркыдай болгонун тастыктайт деген бир нече сүрөт тиркеди. Ал сүрөттөрдө 2010-2011-жылдар деп жазылып, суу топтолуп турганын көрүүгө болот.
Ал эми "Кумтөрдүн" тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк "Азаттыкка" комментарий берген учурда "Центерранын" бул билдирүүсүн төгүндөдү:
"Бул накта калп. Каалаганын жазып жатышат. "Центерра" өтө көп басылмаларга акча төлөп койгон. Суу каптады дегени эмнеси? Августтун планын аткардык. Паровоздой иштеп жатабыз. Мындай ушак сөздөргө убактымды да короткум келбейт".
Карьердеги суу кайдан топтолот?
Анткен менен эки тарап тең кендин негизги карьеринде суу кайдан топтолуп, канчанчы жылдары канча литр болгону жана кандай тазаланып тураары жөнүндө сандар менен маалымат берген жок. Кумтөр кениндеги экологиялык маселелерди көтөрүп жүргөн саясатчылар менен байланышып, карьердеги топтолгон суу жана анын кесепети жөнүндө азыноолак маалымат топтодук.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, убагында Кумтөр боюнча мурдагы парламенттик комиссиянын курамына кирген Эркингүл Иманкожоева негизги карьерде суу жылдан-жылга көбөйүп жатканын айтып коңгуроо кагып келген. Иманкожоева кыргыз бийлигин “Центеррнын” билдирүүсү болбосо деле эл аралык адистерди чакырып, абалды чечүүнүн жолдорун издөөгө чакырды.
“Менин барганыма жети жыл болду. Ал жерде дайыма муздак болуп турат. Боору, түбү муз болот. Иштелгенде, күн жылыганда боорунан суу агып, ортого топтолот. Бул абдан коркунучтуу, азыр эмне болуп жатканы белгисиз. Ал жерге эл аралык эксперттер барып көрүп, жыйынтыгын чыгарып, мындай кылыш керек деп айтышат. Андан коркпош керек. Эгерде карьерде суу толуп кетсе боору кулап, алтынды басып калат. Суу мурда эле толуп турганын баарыбыз билебиз. Аны сордуруп алыш керек. Биз кенди кооптуу абалда өзүбүзгө алдык”, - деди Иманкожоева.
Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков 2007-2008-жылдары кенге барганын, ал учурда карьерде суу жок болгонун айтууда. Исабеков алтын казылган аңдагы суунун топтолушуна “Центерра” ишканасын айыптайт. Ал кенди коопсуз технология менен казмайынча, мындай тобокелчиликтен кутулбайбыз деген ойдо.
“Ачыгын айтыш керек. Кыргызстандын убактылуу башкаруусунда кымбат баалуу техникаларды алып келип, адистерди окутуп “Кумтөр-2” долбоорундагы коопсуз кен иштеткенге дарамети жетпейт. Демек, суу толо берсе өндүрүшкө зыянын алып келет”, - деди Исабеков.
Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, кен казууда карьерде суу сөзсүз пайда болот. Бирок анын деңгээлин азайтып турбаса кийинки алтын корун казып алууга кыйынчылык жаралаарын айтты:
“Суунун көлөмү көбөйө берсе, жер астындагы кендин корун иштете албайбыз. Үстүн көл басып калат. Чынында суу көбөйүп жатса, аны тазалаш керек. Экинчиден, кайсы боорунан суу агып түшүп жатканын аныктап, ошол жердеги музду алып, башка жерге которуу керек. Биз дагы ошол жерге барып абалды көрүп келсек жакшы болмок. Адис катары кошумча ой-пикир айтат элек”, - деди Камчыбеков.
Министрлер кабинети парламенттин чечими менен "Кумтөрдү" башкарууну быйыл май айында үч айга өзүнө алган. 17-августта тышкы башкаруунун мөөнөтү узартылды.
Кыргыз тарап быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.