Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна Good delivery макамын кайтарып берди. Былтыр кыргыз өкмөтү Кумтөр кенине сырткы башкаруу киргизген соң Лондондогу ассоциация "Кыргызалтынды" аталган макамдан ажыраткан эле.
"Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна Good delivery же "ишеничтүү жеткирүүчү" деген макамы кайтарылганы 4-майда Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын расмий сайтына жарыяланды.
Анда буга чейинки аудитордук отчетторго байланыштуу текшерүү жыйынтыкталганы жана заводдо өндүрүлгөн алтын менен күмүш тиешелүү талаптарга жооп бергени айтылат.
LBMA чыгарган соңку чечимди кыргыз өкмөтүнөн ырасташты. Өкмөттүн маалымат кызматы учурда Германияда дарыланууга кеткен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго шилтеме берип:
"Министрлер Кабинети LBMAнын Good delivery статусун калыбына келтирүү чечимин кубаттайт жана жогору баалайт. Бул чечим оңой болгон жок. “Кыргызалтын” ишканасы акыркы жылдагы эң ири алтын өндүрүүчү ишкананын кожоюну алмашкан окуяларда көптөгөн сыноорлорго чыдап, текшерүү процедурасынан татыктуу өтүшү керек эле. Биз дүйнөлүк рынокко алтын жана күмүштү ишенимдүү жеткирүүчү катары LBMA алкагындагы өз мойнубузга алган милдеттенмелерибизге бекем берилгендигибизди далилдей алдык. "Кыргызалтын" ишканасынын аффинаждык заводу мындан ары да LBMAдагы бардык милдеттенмелерин толук аткарат деп ишенем", - деп билдирүү таратты.
Ошентип Лондон ассоциациясы макамды кайтарышы менен 2021-жылдын 17-сентябрынан тарта Кара-Балтадагы аффинаж заводунда өндүрүлгөн алтын куймаларды Батыш базарында сатууга мүмкүнчүлүк ачылды.
Good delivery макамы эмне жана ал эмне берет?
Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясы “Кыргызалтындан» аффинаждоочу заводунун аккредитациясын былтыр сентябрда токтоткон эле. Ал учурда кыргыз бийлиги Кумтөр кенине сырткы башкаруу киргизип, канадалык "Центерра Голд" менен кайым айтыш уланып жаткан учур болчу.
LBMA дал ушундай учурда, тагыраагы, 2021-жылы июнда "алдамчылыкка шек саноодон" улам текшерип, жыйынтыгында, өлкөдөгү аффинаждоочу завод ишенимдүү алтын өндүрүүчү катары ырастаган Good delivery статусунан ажыратылган.
Бул макам кайсы бир өлкөдө өндүрүлгөн алтын менен күмүштүн сапаты, салмагы ишеничтүү экенин кепилдейт. Мындай белгиси бар заводдон куюлган баалуу металлды дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү эч тоскоолдуксуз сатып алат.
"Кыргызалтын" ишканасына караштуу Кара-Балтадагы аффинаждоочу заводу Good delivery деген статуска 1999-жылы ээ болгон. Андан бери бул заводдо аффинаждалган алтын куймалары эл аралык базарга сатылып келген. Кыргызстандагы Кумтөр, Жерүй, Талды-Булак-Сол Жээк сыяктуу кендерде казылган баалуу металлдар дал ушул Кара-Балтадагы заводдо иштетилет. Заводдун жылына 40 тоннага чейин алтынды аффинаждоого мүмкүнчүлүгү бар.
Дал ушундай артылыкчылык белгисинен ажыратылган Кыргызстан соңку бир жылда өз алтынын экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган эле.
Жаңы келишимди эл аралык коомчулук тааныдыбы?
Андан бери өкмөт Лондогу ассоциация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирип келген. Быйыл 4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын ээлигине өткөнүн жарыялаган. Ага ылайык, кыргыз бийлиги өлкөдөгү ири алтын кенди иштетип келген канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол койгону белгилүү болгон эле.
Эми андан бир ай өткөн соң Кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды Батыш базарына тоскоолдуксуз сатууга жол ачылды.
Good delivery макамын кайра кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Лондон Баалуу металлдар ассоциациясынын соңку чечими Кумтөр боюнча жаңы келишимдин эл аралык чөйрөдө таанылышы катары сыпаттады:
"Кумтөр боюнча келишимди 4-апрелде президент Садыр Жапаров жарыялаган учурда көпчүлүбүз ал документтин түпкү маанисин жакшы түшүнүп, туура баа бере алган эмеспиз. Анткени дүйнөлүк коомчулуктун бир бөлүгү алгач сырткы башкаруу киргизген учурда "баскынчылык", "өзүм билемдик" катары кабыл алып келсе, 4-апрелдеги келишим толугу менен мыйзамдуу, цивилдүү, сырткы инвесторлордун укугун сактаган маданият жагынан да, укук жагынан да төп келишкен туура чечим болгонун акыркы аракеттер көрсөтүп жатат. Лондон баалуу металлдар бирикмесинин соңку чечими да дал ушул нерсени ырастап, Кыргызстанга мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат".
Бирок Кумтөр маселеси боюнча бир нече жылдан бери алектенип келген активист Наристе Калчаев учурдагы бийликтин пикирине кошула албайт. Ал жаңы мүмкүнчүлүк жаралганын оңунан баалаганы менен кыргыз өкмөтүн Кумтөрдөгү абал боюнча ачык-айкындыкты камсыз кылууга чакырууда.
"Бул макам эмнеден улам алынды эле? "Кыргызалтындын" кызматкерлеринин ишинин кемчилиги, өз убагында кайдыгер мамиле кылганынан улам Лондондогу ассоциация жаап койгон экен. Эми өздөрүнүн катасынан улам болгон ишти жеңиш деп жарыялаганы туура эмес болуп калат. Биз азыр Кумтөрдөгү ачык-айкындыкты камсыз кылууну талап кылышыбыз керек. Бир жыл ичинде 14 тонна алтын казылды деди. Ал кайда сатылды, канча пайда болду, канча чыгым кетти деген маалыматтар жабык эшик артында болуп жатат. Биз мындай маалыматты талап кылып Жогорку Кеңешке да кайрылганбыз. Жооп жок. Биз Теңгиз Бөлтүрүк баш болгон сырткы башкаруучулар отчет берсин деп кайрылуу жолдойлу деп жатабыз".
Кыргыз бийлиги Кумтөргө сырткы башкаруу киргизгенден тарта кенде өндүрүлгөн алтын сыртка сатыла электигин айтып келет. Буга чейин "Кумтөр Голд" компаниясы былтыр кенде 14 миӊ 561 кг. алтын казып алынганы, алтынды сатуудан түшкөн жалпы пайда 856 млн. долларды түздү деп отчет берген. Бирок бул алтындын кайда сакталып жатканы боюнча маалыматты ачыкка чыкпай келет.
8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” берген маегинде Кумтөрдүн продукциясы Кыргызстанда калат деп тастыктаган, бирок чоо-жайын ачык айткан эмес.