Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:46

Күрөш: кыргызстандык үч балбан Олимпиадага лицензия үчүн күрөшөт


Амантур Исмаилов.
Амантур Исмаилов.

Быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдешинде кыргызстандык үч балбан жолдомо үчүн күрөшөт.

21-апрелде Бишкектеги Арена спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов кытайлык Хусиету Хусиет менен, 97 кг салмакта Үзүр Жузупбеков өзбекстандык Рустам Ассакалов менен, 130 кг салмакта Роман Ким казактандык Алимхан Сыздыков менен лицензия үчүн күч сынашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Бишкекте 19-апрелде башталган лицензиялык мелдеш бүгүн жыйынтыкталат.

Ушул тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде сегиз жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андан тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов лицензия уткан.

19-апрелде Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдешинде эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев лицензия алган. 20-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова Кыргызстанга дагы бир лицензия утуп берди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG