Туруктуу элдик кеңештин төрагасы, коомдук ишмер жана саясатчы Азимбек Бекназаров алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, жарышка катыша турганы белгилүү болду. Бекназаровдун талапкерлигин колдоо маселеси 17-июлда Бишкекте өткөн Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдигинин кезексиз курултайында талкууланды.
Азимбек Бекназаров президенттикке өзүн өзү көрсөтүү жолу менен бармакчы. Кожомкул атындагы Спорт сарайындагы бул жыйында Бекназаровдун талапкерлиги бир добуштан жактырылып, ал улуттук мүдөөнү көздөгөн бирден-бир саясатчы экени белгиленди.
Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдигине кирген "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин төрагасы Кубанычбек Дүйшеев бул тандоо тууралуу буларды айтты:
- Биз улутчулдар улуттук духтагы адамды башыбызга алып келбесек болбой турганына көзүбүз жетти. Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан саясатчылардын бардыгын карап чыктык. Бирок биз алардын арасынан улутчул, улутту көтөрүп кете турган адамды көрө алган жокпуз. Анан буга чейин Азимбек Бекназаров Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Үңкүр-Тоо сыяктуу кыргыз жерлеринин бөтөн элге кетип жатканы боюнча маселени тайманбастан айтып чыкканы бизге жакты. Ошондуктан биз анын талапкерлигине токтолдук.
Ошол эле кезде саясатчы Азимбек Бекназаров өлкө эгемендик алганда көтөрүлгөн улуттук мүдөө 26 жылдан бери ишке ашпай келе жатканына токтолду. Мына ошондуктан ал президенттик шайлоого 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга кайтып баруу жана анын "бурмаланган шарттарын калыбына келтирүү" урааны менен катыша турганын билдирди.
Саясатчы Азимбек Бекназаров бир нече ирет оңдоп-түздөөгө дуушар болгон конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүнүн зарылдыгы тууралуу маселе көтөрдү:
- Анткени 93-жылкы Конституцияда "биз улуттук мамлекет курабыз" деп жазган болчубуз. Ал эми бүгүн ошол улуттук мамлекет барбы? "Кыргыздардын улуттук кайра жаралуусун ишке ашырабыз" деп жазганбыз. Бүгүн мына ошол ураандардын бардыгы Баш мыйзамдан алып салынган. Биз ошонун бардыгын Акаевге, Бакиевге, Атамбаевге уурдатып жибердик. Мен ошону калыбына келтирүү демилгеси менен чыгам. Буга чейин мага "мени колдоп кой, сенин идеяңды ишке ашырабыз" деп коюшуп, бирок бийликке келгенден кийин мени алдап кетишти. Бул эки ыңкылаптын тең талабы болгон. Ошондуктан бул сапар мен ушул идея менен өзүм президенттик жарышка аттанууну чечтим.
Мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, мурдагы баш прокурор жана экс-депутат Азимбек Бекназаров 2005-жылы да, 2010-жылдан кийин да анын улуттук баалуулуктарга негизделген Баш мыйзамды калыбына келтирүү демилгеси четке кагылганын белгиледи. Мына ошол себептен улам анын өзү дагы эки ыңкылаптан кийин бийликтен куулганын билдирди.
Бирок парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов 93-жылдагы Баш мыйзамга кайтуу утопия экенин айтып, муну шайлоонун астындагы Бекназаровдун саясий жүрүшү катары гана кабыл алуу керек деп эсептейт:
- Муну ишке ашыруу мүмкүн эмес. Анткени биз эми алдыга жылбай, кайра артка кайтышыбыз керек болобу? Ал үчүн бүткүл элдик референдум өткөрүшүбүз зарыл болот. Бул туура эмес. Ал жөн эле ой катары айтылып кала берет. Чынында эле Бекназаров мына ошол идеяга берилип, аны коргогон болсо анда мына ошол бийликке эки ирет келгенде эмнеге аны ишке ашырууга аракет кылган эмес? Колунда мүмкүнчүлүк турганда ошол ой-максаттарын ишке ашырса болот беле? Ошондуктан муну шайлоо астындагы эле саясий жүрүшү катары кабыл алам
Бул кезексиз курултайга парламенттин мурдагы депутаттары Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков, Бөдөш Мамырова, Равшан Жээнбеков, мурдагы спикер Ахматбек Келдибеков жана өткөөл учурдун мурдагы президенти Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Илимдер академиясынын мурдагы президенти Абдыганы Эркебаев өңдүү саясатчылар курултайга конок катары чакырылып, Азимбек Бекназаровду колдоп сөз сүйлөштү.
Президенттик жарышка талапкер катары катышууга буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына 29 кишиден арыз түшкөн. Азимбек Бекназаров талапкер болуп катталуу үчүн документтерин тапшырса, ал президенттик жарышка аттанган отузунчу адам болмокчу. Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.