Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Криминалга каршы күрөш кандай жүрөт?


Криминалга каршы күрөш кандай жүрөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:33 0:00

4-октябрда Бишкекте “уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн анабашы” атыккан Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлдү. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракети Кыргызстан менен эле чектелип калбайт. Ага АКШ өкмөтү эки жолу санкция салып, эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү деп “кара тизмеге” киргизген.

4-октябрда Улуттук коопсуздук комитети тараткан маалыматта атайын операция учурунда Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок атып, жыйынтыгында Көлбаев жок кылынганы айтылат. Окуянын эртеси атайын кызматтан башчысы Камчыбек Ташиев криминалдык топтордун ишмердигине бөгөт коюу аракети улана берерин айтты. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү, кыргыз бийлигинин криминалга каршы күрөшүн талкууладык.

XS
SM
MD
LG