Былтыр күздө ишке берилген Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун бир тилкесинде кооптуу кырдаал жаралып убактылуу жабылды. 7-майда тоодон таш кулап бир автоунааны басып калган.
Буга чейин Транспорт жана комуникация министрлиги аталган тилке иш шашылыш бүткөрүлгөндүктөн кемчиликтер бар экенин моюнга алган.
11-майдан тартып Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 100 чакырымдайы - Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки тилкеси бир жумага убактылуу жабылды.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун айтымында, мындай чечим 195–291-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, таш түшүү коркунучу жаралып жатканына байланыштуу кабыл алынган.
“Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-майга чейин тоолуу аймактарда жаан-чачын көп болорун эскертүүдө. Анын кесепетинен Арал-Казарман жолунда сел жүрүп, кара жолго таш кулайт деген божомол бар. Жол кырсыгын алдын алуу үчүн бул тилке 11-майдан 18-майга чейин жол убактылуу жабылат”, - деди Досумбетов.
Тоодон кулаган таш кичиавтобусту басып калган
Тогуз-Торо райондук жол тейлөө ишканасы 7-майда сөз болуп жаткан тилкеге тоодон таш кулап, жолдун 20-30 метрдей жерин бөгөп калганын билдирди. Социалдык тармактарга тараган видеодо бул кырсыкта кичиавтобус таштын астында калганын, аны оор техника сүйрөп чыгарып жатканын көрүүгө болот. Бактыга жараша, кырсык адам өмүрүнө зыян келтирген эмес.
“Кырсык түнкү саат 12 чамасында болгон. Кичиавтобустун ичинде беш киши бар экен. Арасында жаш балдар да бар. Окуя Казарманга 40 чакырым жетпеген жерде катталган. Жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Аларга жолду салып жаткан “Чайна роуд” компаниясынын жумушчулары жардам берген. Автоунааны болсо күндүз чыгарышты”, - дейт Тогуз-Торо районунун жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Адилет Марат уулу.
Тогузторолуктардын айтымында, жаңы ишке берилген жолдо таш кулоо коркунучу бар дагы 5-6 жер бар. Казарман айылынын тургуну Базылбек Кармышев жаңы жол бат эле керектен чыгып калабы деп кейиди.
“Жол салып жатканда жардыруу иштери жүргөн. Ошондо жер кыртышы бошоп калган деп ойлойм. Анын айынан кичине жамгыр жааса эле эзилип, жолго таш кулап жатат. Аны улам тазалап коюшат. Жолдон өтүп бара жаткан машинеге таш тийип эле жатат. Андай жерден айдоочулар жанын оозуна тиштей “кудайлап” өтүшөт. Анын баарын жарыялаган жокпуз да. Бул жолго деле Төө-Ашуудагыдай навес куруп койсо коопсуз болмок беле деген ой кетет”.
Жол шашылыш салынганбы?
Былтыр ноябрда түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кара жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн.
Адистер сөз болуп жаткан жол тик жана кууш капчыгайдан өтүп, кооптуу аймактар көп экенин эске салып келет.
Быйыл февраль айынын этегинде ушул жолдун Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүп, жол куруу ишин жүргүзүп жаткан "Чайна Роуд" ишканасынын төрт кызматкерин автоунаалары менен басып калган. Эки аптадан кийин көчкүнүн алдында калган жумушчулардын сөөктөрү табылган.
Бул маселе Жогорку Кеңеште да байма-бай көтөрүлүп жатат. Депутат Аида Исатбек кызы 11-майда парламенттин жыйынында буларды айтты.
“Жолду жаап, тазалап коюу менен маселе чечилбейт. Коопсуздук чаралары эске алынышы керек. Буга чейин транспорт жана коммуникация министри, анын орун басары кырдаалды жерине барып көрүп келген. Анын жыйынтыгы менен алар кандай чечимге келгени тууралуу толук маалымат беришин суранып кетет элек”.
Исатбек кызы ушул эле маселени өткөн айда да көтөрүп, Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаевге суроо берген. Тиллаев жол шашылыш салынгандыктан кооптуу жерлер бар экенин айткан жайы бар.
Бирок министрликтин мониторинг боюнча адиси Тагай Алимбаев кырдаалды жаан-чачынга байлады.
“Мындай таш кулоо коркунучтары жаңы салынган жолдордо эле эмес эски жолдордо деле бар. Быйыл жазында жаан көп жаагандыктан тоо этектеринде таштар кулап жатат. Азыр биздин адистер маселени иликтеп келгенге жөнөп кетти. Алар кандай жыйынтык чыгарса, ошого жараша иш улантылат”.
Чырдан арылбаган ири долбоор
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу мындан туура сегиз жыл мурда башталган. Андан бери улам маселе чыгып, чырга айланган учурлар да бар. Кара жолдун курулушунда буга чейин коррупциялык схема болгону да ашкереленген. Жумгал районунун тургундары иш создугуп кеткенине нааразылык билдирип, жолду бууганга чейин барган.
Парламенттин 6-чакырылышында жол курулушун иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын төрагасы, экс-депутат Аманкул Токтомамбетов буларды айтты.
"Бул жол 2018-жылы ишке берилиши керек болчу. Жолду мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаганын билебиз. Ал киши президенттик мөөнөтүм бүткүчө жолдун бир бөлүгүн ачып кетейин деген. Ошондо жолдун долбоору даяр боло электе эле жолдун курулушу башталган. Ошондуктан иште кемчиликтер бар. Бул ири чыгымдар менен коштолот. Буга ошол кездеги жетекчилер жооп бериши керек".
Түндүк менен түштүктү бириктире турган Балыкчы — Кочкор — Чаек — Арал — Казарман — Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жолдун 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерге салынууда.