Азаттык үналгысы

Коруктагы суу сактагыч

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматы

23-февраль, 2021-жыл

Өзбекстандын Ахангаран районунан Чаткал тоо кыркасына көтөрүлүп бараткан жерде Тут айылы жайгашкан. Атамзамандан бери бул айылда жер иштеткен, мал баккан дыйкандардын жашоосу Шоввозсой дарыясына байланган.

Кыргызстандан башталган суу Ахангаран дарыясына барып кошулат. Жергиликтүү тургундардын айрымдары 2018-жылы Тутта эл сууга зар болуп калганын айтып берген.

«Айдоолор менен бак-дарактар куурап калды. Айылыбызда суу түтүктөрү жок. Ошол жылы өзүбүзгө, малыбызга сууну айланадагы кыштактардан сатып алууга туура келген», - деп айтып берген туттук аял.

Дарыя эмне себептен какшып калганы жергиликтүүлөр үчүн сыр деле эмес. Эмне дегенде 18 чакырым жогоруда, тоо койнунда жаңы дамба менен суу сактагыч курулган. Резервуардын жанында, жергиликтүү жашоочулардын бири айтып бергендей, «жүздөгөн киши такай иштеген чакан шаарча» тургузулган, «айыл тургундары ал жакка жакын жолой албайт».

Мамлекеттик коруктун аймагында салынган “шаарча”, «Азаттыктын» өзбек кызматынын – «Озодлик» радиосунун өнөктөштөрү менен иликтөөсүндө аныкталгандай, президент Шавкат Мирзиёев үчүн курулган.

Коруктагы жашыруун ак сарай

Тик учактар кончу бир нече аянтча, «Мирзиёевдин ак сарайы» деп аталган үй-жайы бар эс алуу комплекси жөнүндө маалыматты бийлик «өтө жашыруун» кармайт. Курулушчулар ал жерге чөнтөк телефон, башка электрондук жабдуулар менен кирүүгө тыюу салынганын, кире беришинде шлагбаум, блокпост орнотулуп, аны куралчандар кайтарып турушарын айтып беришкен.

Комплекске улай жайгашкан суу сактагычтын айланасында да сырдуу жагдайлар көп. Тут айылынын жашоочулары жасалма көлдүн айынан 2018-жылдын жайында суу тартыш боло баштаганын айтышат.

Кабарчылар ал жасалма көлгө байланышы бар бир эле документти - мамлекеттик ишкананын бизнес планын табышкан. Андагы маалыматка караганда, суу сактагыч Мирзиёевдин гидроэнергетиканы өнүктүрүү жарлыгына ылайык курулган. Документке жогорудагы бизнес планда айтылган бир нече долбоор камтылганы менен Шоввозсой суу сактагычы тууралуу сөз жок.

«Озодликтин» журналисттери ал объектинин үстүнөн иштеген компанияны былтыр майда жырылып кетип, алты кишинин өмүрүн кыйган, 70 миңден ашуун адамды үй-жайсыз калтырган Сардаба суу сактагычын курган ишканага байланыштырган далилдерди таап чыгышкан.

Ачык булактардагы маалыматтардан Шоввозсой резервуарын куруунун алдында тобокелдиктер канчалык анализделгенин билүү мүмкүн эмес. Эки булак ал жердеги дамбаны 2019-жылы суу жырып кеткенин айтып беришкен.

Шоввозсой дарыясынын боюнда жашаган элди көчүрүп, биосфералык корукта суу сактагыч куруу канчалык мыйзамдуу экени да бүдөмүк.

Өзбек редакциясы кепке тарткан суу чарбасына адистешкен эл аралык эксперттин айтымында, андай долбоор “айлана-чөйрөгө зыянын тийгизиши ыктымал”.

«Ошон үчүн суу системасында ошондой объектини куруу алдында социалдык жана экологиялык кесепеттерин жакшылап изилдеп, ыктымал тобокелдиктерди талдап чыгуу зарыл», - дейт атын атабоону өтүнгөн адис.

Журналисттер иликтөө алкагында кепке тарткан булактардын бардыгы жетекчилерден уруксаты жок сүйлөй албай турганын айтып же бийликтин өч алуусунан чочулап, анонимдүү калууну туура көргөн.

Мирзиёевдин администрациясы, эс алуу комплекси менен суу сактагыч жайгашкан жерди көзөмөлдөгөн мамлекеттик компания комментарий сураган өтүнүчкө жооп беришкен жок.

Коруктун чок ортосундагы суу сактагыч

Бир нече булак, арасында курулушта иштеген жумушчулар менен расмий адамдар «Озодлик» радиосуна айтып беришкендей, Шоввозсой комплексин жана ага туташ суу сактагычты куруу 2017-жылы башталып, үч жылдай убакытта бүткөрүлгөн. Спутниктен тартылган сүрөттөр да ал маалыматты тастыктайт.

Ал сүрөттөрдөн көрүнгөндөй, жасалма көлдү суу менен толтуруш үчүн дамбаны курууга 2017-жылдын июль айында эле киришкен. Суу сактагыч 2018-жылдын апрелинде толтурула баштаган. Кийинки айда эле премьер-министр Абдулла Арипов резервуар жана комплекс жайгашкан 43 миң гектар жерде Угам-Чаткал мамлекеттик биосфералык коругун түптөө тууралуу жарлыкка кол коюп, корукту «Узбекистон темир йуллари» компаниясынын карамагына өткөргөн. Ал кезде компанияны азыркы биринчи вице-премьер-министр Ачилбай Раматов жетектеп турган.

Бейиштей жерден куулгандар

Андан кийинки айларда суу сактагычтын аянты менен көлөмү өскөн сайын дарыянын төмөн жагында орун алган Тут айылынын тургундары суусуз калышканын айтышат.

«2018-жылдан бери жазында гана бир-эки жолу сууну айылга коё беришти. Ошондо да жогору жакта жашаган ири дыйкан чарбалары сууну алып, ылдый жактагыларга жетпей калчу», - дейт жергиликтүү дыйкан.

Кээ бир айылдыктар арызданып, сууну талап кылып акимчиликтерге кайрылышкан, бирок алар да бул маселени чечип бере алган эмес.

Ташкент облустук администрациясы «Озодликтин» кайрылуусуна жооп берген жок.

Шоввозсойдогу курулуш тууралуу маалыматы бар адам журналисттерге айтып бергендей, жасалма көл куруу демилгеси сенатор, Мирзиёевдин жакын санаалашы, «Узбекгидроэнерго» компаниясын жетектеген Абдугани Cангиновго таандык.

Булактын айтымында, суу сактагыч Мирзиёевдин Шоввозсойдогу резиденциясын көрктөндүрүү үчүн курулган. Ошол эле булак «көл үстүндө сейилдеп, айланадан ыракат алуу үчүн өзүнчө кеме токтотуучу жай бардыгын» айтат.

Кабарчылар бул маалыматты бышыктай алган жок. Бирок 2019-жылы спутниктен тартылган сүрөттөрдө суу сактагычтын түштүк ыптасында, булактар «аңчынын үйү» деп атаган жайга 300 метр жакын жерде турак үй жана кеме токтотуучу жай көрүнүп турат.

Борбор Азияны жакшы билген суу боюнча эксперт мындай резервуарларды сугат, гидроэнергетика, «жер алдындагы суунун балансы» үчүн пайдаланса болорун айтат.

Эксперт суу сактагычты курууну «жалаң эс алуу үчүн деген себеп менен түшүндүрүүгө болбойт» деп эсептейт.

«Резервуар социалдык максаттарды көздөшү керек. Дал ошол жагы курулуш үчүн эң маанилүү», - дейт эксперт.

Аталышы жок көл

Тоо койнундагы жашыруун комплекстин жанындагы суу сактагычтын курулушу эки жыл мурун башталганына карабай, журналисттер көлдүн аталышы же жайгашкан жери көрсөтүлгөн бир эле документти табышкан.

«Узбекгидроэнерго» мамлекеттик компаниясынын астындагы «Гидромахсускурилиш» ишканасынын 2019-жылкы бизнес планында «маанилүү окуялар» деп 2017-2018-жылда Шоввозсой суу сактагычын курууну көрсөткөн.

Документтен суу сактагыч Мирзиёевдин 2017-жылы майда гидроэнергетиканы өнүктүрүү токтомуна ылайык, компания курган объектилердин бири деген тыянакка келсе болот. Бирок «Гидромахсускурилиш» ишканасынын планындагы калган долбоорлор ошол токтомдо тизмектелсе, Шоввозсой суу сактагычы тууралуу сөз жок.

«Гидромахсускурилиш» ишканасынын бизнес планында айтылгандай, 2018-жылы президенттин токтомунун аркасы менен насыянын эсебинен 11,9 миллиард сумга (1,1 миллион доллар) техникалык жабдуулар алынган. Ошол эле токтомдун негизинде Кайра куруу жана өнүгүү фондунан мамлекеттин карамагындагы «Туронбанкка» 60 миллион доллар бөлүнгөн. Ал банкты «Гидромахсускурилиш» ишканасы кирген «Узбекгидроэнерго» компаниясына кредиттик линия катары пайдалануу каралган.

2018-жылкы токтомдун аткарылышына көз салган үчилтикке «Узбекгидроэнерго» акционердик коомунун төрагасы, сенатор Абдугани Сангинов кирет. Өзбек кызматынын булактарынын бири Шоввозсой комплексинин жанына суу сактагычты куруу планынын артында дал ушул киши турганын айткан.

Кабарчылардын суроолоруна Сангинов жооп берген жок. Ал эми жалданган (подрядчик) фирманын финансылык документинде «Узбекгидроэнерго» компаниясы суу сактагычка «эч кандай тиешеси жоктугун» билдирди.

«Биздин компаниянын Шоввозсой резервуарына эч кандай тиешеси жок», - деп айтылат компаниянын 22-февралда «Азаттык» радиосуна электрондук почта аркылуу жөнөткөн жообунда. «Узбекгидроэнерго» суу сактагычтын максаты тууралуу кабары жоктугун кошумчалады.

«Биздин компания ал объект үчүн жооп бербейт, анын курулушуна катышкан эмес. Суу сактагычты иштетүүгө жана аны көзөмөлдөөгө тиешебиз жок экенин да маалымдап кеткибиз келет», - деп айтылат билдирүүдө.

Бирок ачык маалыматтарга караганда, көл суу менен толтурулган 2018-жылдын жай айларында «Узбекгидроэнерго» компаниясы, анын филиалы - «Гидромахсускурилиш» ишканасы, «Туронбанктын» жана Сангиновдун уулуна таандык жеке менчик фирманын катышуусунда бир топ келишимдерге кол коюлган.

Сангинов Өзбекстандагы гидродолбоорлорду пландоо жана курууда негизги фигура. Анын кенже уулу Ислом Абдурахмонов өзбекстандык Topalang HPD Holding менчик компаниясынын негизги акционери.

Бир катар булактар, анын ичинде бул маселе менен жакындан тааныш бир киши «Азаттыктын» өзбек кызматына суу сактагычты Topalang Water Construction компаниясы салганын айтып берген. Ошол эле компания 2020-жылы майда кыйраган Сардаба дамбасын курган. Topalang Water Construction фирмасына Абдурахмановдун Topalang HPD Holding компаниясы толук ээлик кылат.

«Узбекгидроэнергонун» 2018-жылкы отчетунда Мирзиёев үчүн эс алуу комплексинде курулган дамба жана суу сактагыч тууралуу ачык айтылган эмес. Бирок Topalang HPD Holding 2018-жылдын май айында кол койгон беш “кредиттик келишим” тууралуу маалымат бар. Андан бир ай мурда (2018-жылдын апрелинде) спутниктен тартылган сүрөттөр көлгө суу толтурула баштаганын көргөзгөн.

“Туронбанк” ошол кредиттер боюнча экинчи тарап катары көргөзүлгөн.

«Узбекгидроэнерго» жана Topalang HPD Holding 296,4 миллиард өзбек суму (ошол кездеги курс менен 33,68 миллион доллар) насыя кайсы долбоорлорго коротулганы тууралуу суроого жооп беришкен жок.

Бирок ошол каражат кабарчылар менен маектешкен булактардын бири айткан суммага жакын. Курулуштан кабардар ал адам долбоорго мамлекеттик бюджеттен 200 миллиард сумдан ашуун акча сарпталганын билдирген.

«Узбекгидроэнерго» компаниясынын менежери былтыр ноябрда Ташкенттеги жарандык активистке резервуарды Topalang Water Construction курганын бышыктаган.

«Биздин атабыздын дачасы»: Активист президенттин сырын ачты

«Узбекгидроэнерго» бир күндө Topalang HPD Holding жана «Гидромахсускурилиш» менен келишимге кол койгон. Шоввозсой резервуары тууралуу маалыматты журналисттер ошол «Гидромахсускурилиш» компаниясынын бизнес планынан гана таба алышкан.

«Узбекгидроэнерго» менен «Гидромахсускурилиш» насыялык макулдашууга кол койгон. Документте «Гидромахсускурилиш» компаниясына 40 миллиард сум (ошол кезде 5 миллион доллар) «Туронбанк» тарабынан берилери айтылган. Бирок эмне максатта экени белгисиз.

«Узбекгидроэнергонун» 2018-жылкы отчетунда сөз болгон «Гидромахсускурилиш» жана Topalang HPD Holding менен келишимдеринин жалпы суммасы 309,4298,6 миллиард сумду (ошол маалда 3841,7 миллион доллар) түзөт. Ал келишимдерге Шоввозсой суу сактагычы курулуп жаткан кезде кол коюлган.

Бирок жылдык отчетто ошол келишимдердин максаты айтылбагандыктан, ал макулдашуулар Шоввозсой суу сактагычына тиешелүү деп кесе бышыктоо кыйын.

Өзбекстандагы бардык каналдар менен резервуарларды башкарган Суу чарба министрлигинин басма сөз өкүлү Шоввозсой суу сактагычы мекеменин карамагына кирбейт деп журналисттерге билдирди.

«Ташкент облусунда эки суу сактагыч бар. Бирөө Ташкент резервуары, экинчиси Ахангаран суу сактагычы. Кааласаңар, ошол эки жай тууралуу маалымат бере алабыз», - деп министрликтин өкүлү жазуу жүзүндө билдирди.

Министрликтин, Геодезия жана картография улуттук борборунун сайттарында Шоввозсой резервуары жөнүндө маалымат жок. Суу сактагыч жөнүндө БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын Өзбекстандагы экологиялык ишмердиги тууралуу былтыркы баяндамасында да айтылган эмес.

Өзбек өкмөтү берген маалыматка негизделген отчетто Суу чарба министрлиги 2017-2018-жылдары атайын максатта сууну пайдалануу үчүн эч кандай уруксат бербегени айтылган. Дал ошол убакытта Шоввозсой жасалма көлү курулган.

Өзүн Topalang Water Construction фирмасынын башкы эсепчиси деп тааныштырган адам кабарчыларга билдиргендей, ишкана Шоввозсой суу сактагычынын “башкы контрактору” болгон, бирок бардык суроолорду «Узбекистон темир йуллари» компаниясынын капиталдык курулуш департаментине жолдоо керек. «Алар ошол жайга ээлик кылат. Силерге маалымат берерине ишенбей турам. Себеби ал стратегиялык объект», - деди Хайтмурод Хасанов телефондон. «Стратегиялык объект» дегенди чечмелөө өтүнүчүнө Хасанов «Андай нерселерди айта албайм», - деп жооп берди.

Сардабанын жаңырыгы

Шоввозсойдо инспекция жүргүзгөн адистин айтымында, ал көргөн расмий документте дамба 70 метр бийик, көлөмү 50-60 миллион метр куб деп жазылган. Журналисттер бул маалыматты тастыктай алышкан эмес.

Эки башка булак дамбадан 2019-жылы суу акканын «Озодлик» радиосуна өз- өзүнчө айтып беришкен.

Булактардын бири «Шоввозсойдон суунун агышы Сардаба окуясына чейин болгон жана аны кырсык болушу ыктымал деген коңгуроо катары кабыл алса болот эле», - деп айтып берди. 2020-жылдын майында Сардаба дамбасы кыйраганда алты адам өлгөн, миңдеген киши үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Шоввозсой резиденциясынан 18 чакырым төмөн жерде жайгашкан Тут айылынын тургундары суу сактагычтын курулушу алардын күндөлүк турмушуна гана таасир этпестен, комплекске кетчү жолду кеңейтиш үчүн ондогон турак жайлар сүрдүрүлгөнүн, долбоордун айынан жайыт жерлерди тартып алышканын айтып даттанышкан.

Айылдыктардын бири мал алардын жападан жалгыз киреше булагы экенин, жайыт тарыгандыктан, ошол кирешеден да кол жууп калганын баяндап берди.


Коруктагы жашыруун ак сарай

Бейиштей жерден куулгандар

«Биздин атабыздын дачасы»: Активист президенттин сырын ачты

Асманы да корголгон аймак