2018-жылы октябрда Ташкенттен 65 чакырым алыс жайгашкан Ахангаран шаарында жумушчулар жолдорду оңдоп-түзөп, борбордук көчөнү шашылыш көрктөндүрүшкөнүн жергиликтүү тургундар азыр да эстешет.
«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы - «Озодлик» радиосу ошондо имараттардын сыртын актап-сырдап, жер-жерде чачылып жаткан курулуш материалдардан башка эч нерсе жок дүкөндөрдүн текчелерин эптеп бүткөрүмүш болушканын видеого тартып көрсөткөн.
Калаага маанилүү бир конок келатканы дароо түшүнүктүү болчу.
Ошол жогорку даражалуу конок өзбек президенти Шавкат Мирзиёев экени, ал Ташкентке расмий сапар менен келаткан орус президенти Владимир Путинди ээрчитип келет экен деген имиш тараган.
Ошондо «Озодлик» радиосуна атын атабоону суранган жергиликтүү аткаминерлердин бири «расмий түрдө бизге эч ким эч нерсе деп айтпайт. Бирок Мирзиёев 18-октябрда келет деген кептер чыккан болчу», - деп айтып берген.
Ал Сербиядан келген жумушчулар «Ахангаран районундагы эс алуу тилкесинде президенттин жаңы резиденциясын куруп жатышканын» кошумчалаган.
«Мирзиёев ошол жерге барат деген божомолдор айтылып жатат. Бирок ал жакка тик учак менен барат го дейм. Путин менен келет деген кептер да тараган», - деген аткаминер «Озодлик» радиосуна 2018-жылы 17-октябрда.
Анын курулуш тууралуу айткандары чын болуп чыкты: Ахангарандан 30 чакырымдай алыс жердеги тоолордо, көз жоосун алган Шоввозсой капчыгайындагы Шоввозсой дарыясынын боюнда эс алуу комплекси тургузулуп жаткан экен.
Комплекс салынып бүткөнүнө эки жылдан ашса да, өзбек өкмөтү анын чоо-жайы тууралуу маалыматты коомчулукка шардана кыла элек.
Бирок «Азаттыктын» өзбек кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн жүрүшүндө ошол жашыруун, эксклюзивдүү объект жаңы суу сактагычы менен Мирзиёев жана анын үй-бүлөсү үчүн курулганы жөнүндө айныксыз, ишенимдүү далилдерди тапты.
Долбоор менен тааныш көптөгөн булактар анын баасы жүз миллиондогон долларга жетерин болжолдошот.
Жөнөкөй адамдар жакын барбасын деп айланасы курчалган, катуу кайтарылган жай "өзбек президентинин мамлекеттик резиденцияларын тейлөө тууралуу" 2019-жылы мартта чыккан өкмөттүн токтомуна камтылган эмес.
Бир нече булак комплексте Мирзиёевдин ак сарайы орун алганын айтышат. Интерьерин көргөн бир ишкер сүрөттөгөндөй, турак жайга Италиядан импорттологон кымбат баалуу эмерек коюлган.
Комплексте тик учак конуучу аянтчалар бар, президенттин калган расмий резиденцияларындай эле ал жер учууга тыюу салынган өлкөдөгү расмий алты тилкенин бири. Өзбекстандын Жарандык авиация агенттигинин кызматкеринин айтканына караганда, андай аймактар “көбүнчө президенттин резиденцияларына таандык”.
Эс алуу жайы тууралуу маалымат жашыруун сакталгандыктан, журналисттер комплекстин жерден тартылган бир да сүрөтүн же видео таба алышкан жок. Курулушта иштеген жумушчулар кире бериште чөнтөк телефондорун алып коюшканын айтып беришкен.
Айрым булактардын айткандарына жана спутниктен тартылган сүрөттөргө, курулушка байланыштуу бир документке караганда, комплекстин долбоору 2017-жылдын февралында, Мирзиёев ант берип, президенттик кызматка расмий киришкенине эки ай боло электе башталган.
Мурдагы диктатор президент, маркум Ислам Каримовдун башкаруусунан айырмаланып, Мирзиёев 2016-жылы декабрда мамлекет башчынын кызматын аркалай баштаганда салык төлөөчүлөрдүн акчасы сарамжалдуу коротуларын, бюджеттик каражаттын кайда кетип жатканы жөнүндө элге маалымат ачык-айкын болорун айтып келген.
Мирзиёев 2017-жылы декабрда парламентке кайрылганда «Ачык-айкын коомдук башкарууга негизделген эффективдүү чечим кабыл алуу системасын ишке ашырышыбыз керек», - деген болчу. Анда ал мамлекеттик аппаратты натыйжалуу калыптандырууда айкындуулук жана отчет берип туруу маанилүү экенин кошумчалаган.
Бирок мамлекеттик темир жол ишканасы көзөмөлдөгөн биосфералык корукта орун алган Шоввозсой эс алуу жайына элдин канча акчасы кеткени тууралуу маалымат ушул күнгө чейин айтыла элек.
Иликтөөдө комплексти салуу үчүн ошол аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүп, турак жайлары сүрдүрүлгөнү ачыкка чыккан.
Дарыянын төмөн жагындагы айыл тургундары комплекстин жанында курулган жасалма көлдүн айынан суу тартыш болуп калганына даттанышкан.
Журналисттер менен жашыруун жай жөнүндө маектешүүгө макул болгон бардык булактар бийликтин же иш берүүчүлөрдүн куугунтугунан чочулап аттарын атабоону суранган.
Тоо койнундагы комплекстеги катылган сыр, кымбат баалуу жасалгасы орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын Кара деңиз боюндагы президент Путинге байланышкан хан сарай тууралуу тасмасын эске салат. Иликтөө камакка алынган саясатчыны колдогон акцияларга салым кошкон.
Орусиянын түштүгүндөгү Геленжик курортуна жакын турган комплекс «Путиндин хан сарайы» деген атка консо, Өзбекстандагы жашыруун комплекстин айланасында жашагандар аны «Мирзиёевдин дачасы» деп аташат.
Аңчылардын «бейиши»
Токой ичиндеги эс алуу жайы Ташкент облусунун Ахангаран районунун Жарташ жана Сарысуюн айылдарынын жогору жагында жайгашкан. Ал айылдар, Кыргызстандын аймагындагы Тянь-Шань тоолорунан башат алган Шоввозсой дарыясы түшкөн аймак советтик доордо да, Каримовдун заманында да мамлекет тарабынан корголуп келген.
Жергиликтүү тургундар советтик жетекчилер Никита Хрущев жана Леонид Брежнев Шоввозсой токой чарбасы деп аталган жерге аң улоого келишкенин айтышат.
«Каман, бугу, кыргоол көп болгондуктан, аңчылар кызыккан жер болчу», - деп эскерген жергиликтүү чабан «Озодлик» радиосуна.
Өзбек өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн бири Мирзиёев 2003-2016-жылдары премьер-министр болуп турган кезден бери Шоввозсойдун канчалык ажайып жер экенин билгенин айтат.
2010-жылы Мирзиёев кол койгон жарлыкта Шоввозсой токой чарбасына барчу «мамлекеттик маанидеги жолду» салуу каралган.
2013-жылы апрелде жергиликтүү туристтер ал аймак «Узбекистон темир йуллари» ишканасынын карамагына өткөнүн, компаниянын “коругуна” чоочун киши кирбесин деп, тосмолор орнотулганын талкуулап баштаган.
2014-жылдын августунда спутниктен тартылган сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, кийин Шоввозсой эс алуу комплексине айланган жерде кызыл чатыр менен жабылган турак жай пайда болгон.
Ал үйгө барган өкмөттүк аткаминер «Озодлик» радиосуна айтып бергендей, ошол учурда «Узбекистон темир йуллари» компаниясын жетектеп турган Ачилбой Раматов «жерди алып, аңчылыкка люкс үй курган».
2016-жылы Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган Раматов Мирзиёевдин жакын адамы жана курулуш магнаты катары белгилүү.
«Каман токойдо көбөйгөн сайын Раматовго кабар берилчү, анан ал аңчылыкка келчү. Бул Раматовдун эл көзүнөн далдаа жерде жогорку даражалуу коноктор, анын ичинде Мирзиёев менен убакыт өткөргөн жайы болчу», - деп айткан.
Раматов комментарий сураган өтүнүчкө жооп кайтарган жок.
Бирок 2017-жылы 90 жаштан ашкан жергиликтүү тургун Мирзиёевге жана парламентке кайрылып, Раматов менен анын эки шериги «каалаган убакытта жапайы жаныбарларга аңчылык кылып, жаратылышка зыян келтирип жатканына» даттанган.
«Аларга андай укукту ким берген?», - деп жазган Турдугүл апа.
Өзбекстандын транспорт-курулуш жаатындагы долбоорлоо жана изилдөө институту «Боштранслойиха» ишканасынын жылдык отчетуна караганда, Шоввозсойдо жашыруун резиденция куруу планы 2017-жылы февраль айында эле жүрүп жаткан экен.
2017-жылдын 7-декабрында институт «Узбекистон темир йуллари» компаниясынын дагы бир аткаруучусу үчүн “топографиялык иштерди” жасоого макулдашкан. Бул тууралуу мамлекеттик «Боштранслойиха” акционердик коомунун корпоративдик отчетунда айтылган.
Келишимде "Шоввозсой токой чарбасында эс алуу аймагын куруу” жөнүндө кеп болгон. Бул документ комплекс тууралуу ачык айтылган сейрек маалыматтардын бири.
Келишим түзүлгөндөн кийинки айларда эле жашыруун резиденциянын курулушу толук кандуу жүрүп, сателлиттен тик учактар конуучу жай жана башка объектилерди, айлана-тегеректи иретке келтирген иштерди байкаса болор эле.
Андан киийнки жылы, Путиндин расмий сапарына беш ай калганда, премьер-министр Абдулла Арипов Угам-Чаткал мамлекеттик биосфералык корукту түптөө тууралуу расмий токтомго кол коюп, 43 миң гектарды, анын ичинде Шоввозсой комплекси курулуп жаткан тилкени Раматов жетектеген «Узбекистон темир йуллари» ишканасынын карамагына өткөрүп берген.
Документке ылайык, Раматов ошол жерди тескеген эки жетекчинин бири болуп калат. Корукка ЮНЕСКОнун коргоосундагы Бошкызылсой деген 11 000 гектар жер камтылган.
Эмне себептен өзгөчө корголгон аймак темир жол компаниясына өткөрүлүп берилгени белгисиз.
ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар боюнча комитети өзбек өкмөтүнөн ал компаниянын Бошкызылсойду коргоодогу ролуна, анын Батыш Тянь-Шандагы “универсалдуу баалуулукту сактоого ыктымал таасирине” кызыккан.
Өзбек бийлиги “ал жайдын айланасындагы буфердик тилкеде эч кандай курулуш каралбаганын” жана ал жердин универсалдуу баалуулугуна таасир эте тургандай башка ишмердик жүргүзүү планы жок" деген жооп кайтарган.
Ариповдун 2018-жылы декабрдагы дагы бир жарлыгы менен Бошкызылсой аймагында курулушка тыюу салынганын, ошол эле маалда анын тегерек-четинде жана калган “транзиттик чөлкөмдөгү” бир чакырым буфердик тилкеде чектелген коммерциялык ишмердикке уруксат берилген.
Шоввозсой комплекси эс алуучу курулуштарга уруксат берилген транзиттик аймакта орун алган. Ариповдун жарлыгында андай аймактагы ишмердик “коруктагы жаратылышка жана экосистемага залакасын тийгизбеши керек” деп белгиленген.
Бирок Арипов документти чыгарган маалда Шоввозсой эс алуу комплексин жана суу сактагычты куруу иши кызуу жүрүп жаткан.
Журналисттер Ариповдун жана Мирзиёевдин кеңселерине жөнөткөн суроолор жоопсуз калды. «Узбекистон темир йуллари» компаниясы да комментарий берген жок.
Курулушка аралашкан жумушчулардын айтымында, ал жайдын ири бөлүгү 2018-жылы рекорддук тездикте бүткөрүлгөн.
«Дачаны Путин Өзбекстанга келгиче бүтүрүү үчүн баарыбыз күнү-түнү иштедик. Жогору жактан абдан маанилүү адамдар өздөрү көз салып турушту», - деген киши Ариповдун, Кремлге жакын миллиардер, теги өзбек Алишер Усмановдун атын атады. Усманов да комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтарган жок.
Дагы бир булак - жергиликтүү аткаминер да Усманов тууралуу сөз кылып, “Ахангарандагылар Путин, Мирзиёев жана Усманов Шовоззсой резиденциясына тик учактар менен келип кетишкен деп ишенишерин” айтат.
Кремль комментарий берүү өтүнүчүн жоопсуз калтырды. Орус президентинин сайтында да, Мирзиёевдин расмий сайтында да, эки лидердин 2018-жылкы расмий сапары маалында Шоввозсойго барып кеткени тууралуу маалымат жок.
Күмөндүү каржылоо жана италиялык кымбат эмерек
Мирзиёевдин тоо койнундагы комплексине мамлекеттик казынадан канча акча коротулганы белгисиз. Кабарчылар ачык булактардан бул долбоор көрсөтүлгөн бирин-экин гана финансылык документти таба алышкан. Ал кагаздарга ылайык, курулушка 544,000 АКШ доллары сарпталган.
«Узбекистон темир йуллари» компаниясы Шоввозсой комплексине канча акча сарпталганын ачык айткан эмес. Журналисттер мамлекеттик ишкананын ал жай тууралуу бир эле маалыматын аныкташкан.
2018-жылы июлда эс алуу комплексинде суу сактагыч толтурулуп жатканда компания “Шоввозсой токой чарбасындагы эс алуу жайына курулуш материалдарын жеткирүүгө” тендер жарыялаган.
Компаниянын сайтында долбоор тууралуу башка маалымат жок. 2017-2019- жылдардагы отчеттор менен бизнес пландарында да эч нерсе айтылган эмес.
Ошол аралыкта ишкана, жылдык отчетко караганда, 1.8 миллиард доллар курулуштарга жана оңдоп-түзөө иштерине короткон, анын 1.1 миллиарды жаңы курулуштарга кеткен. Ошондой эле 374.7 миллион доллар четтен насыя алынган.
Ошол мөөнөттөгү жылдык докладда “башка сарптоолор” деген графада 301.8 миллион доллар жазылган.
Ал суммага Шовоззсой жайы камтылганбы же жокпу белгисиз. «Узбекистон темир йуллари» да комментарий берген жок.
Журналисттер 2017-2018-жылдары Шовоззсой курулушуна байланышкан мамлекеттик алты компанияны аныкташкан: Раматов жетектеген «Узбекистон темир йуллари» жана анын подрядчиктери Toshtemiryolloyiha жана «Кишлокэнерголойиха» элетти электр менен камсыздаган ишканалар, «Боштранслойиха», Транспорт жана дизайн изилдөө институту, Ташкент регионалдык электр тармактары ишканасы, мамлекеттик «Өзбекгидроэнергонун» карамагындагы «Гидропроект», Угам-Чаткал улуттук паркынын департаменти.
«Кишлокэнерголойиха» фирмасынын 2018-жылдагы отчетунда айтылгандай, Шоввозсой токой чарбасындагы турак жай комплексин жана тик учак конуучу жайды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн Ташкент регионалдык электр тармактары ишканасы менен 1.4 миллиард өзбек сумуна ($178,000) тете жети келишимге кол коюлган.
«Боштранслойиха» фирмасынын 2018-жылдагы финансылык отчетуна караганда, долбоорлоо жана изилдөө иштери ошол жылдын ноябрына чейин уланган.
Документте “Өзбек темир жолдору” ишканасы жана анын подрядчиги Toshtemiryolloyiha менен 2.5 миллиард өзбек сумуна (361,20062 доллар) дагы сегиз кошумча контракт түзүлгөнү айтылган. Анын төртөө “кошумча” контракттар деген жерге камтылган. Бирок журналисттер негизги контракт тууралуу маалыматты ачык булактардан таба алган эмес.
«Боштранслойиха» ишканасынын документтеринде да компания 2017-жылдын августунда мамлекеттик «Гидропроект» акционердик коому менен 29.3 миллион сумга ($7,0006,985) комплекстин борбордук имаратынын артындагы эңкейиш жер кыртышынын стабилдүүлүгүн текшерүү үчүн келишим түзгөн.
Угам-Чаткал улуттук паркынын жетекчилиги 16.8 миллиард сумга (1.6 миллион доллар) комплекске кетчү 27 чакырым жолдун боюн көрктөндүрүү үчүн бак-дарактардын көчөтүн заказ кылган.
Долбоор менен тааныш Ташкенттеги расмий адамдардын бири курулушка “кеминде бир нече жүз миллион доллар кеткен” деп болжолдойт. Ал жерде иштеген курулушчулар болсо комплекс менен суу сактагычты салууга бери дегенде 1 миллиард доллар жумшалган деп эсептешет.
Ал акча жасалма көл, жолдор, ландшафт, чоң үйлөр, Мирзиёевдики деген ак сарайга кеткен.
«Тоо арасында жол салууга, ландшафт дизайнына канчалаган кымбат материалдарды алып келишкенин өз көзүбүз менен көргөнбүз. Сейрек мармардын ири көлөмүнөн баштап бактар менен гүлдөрдү чет өлкөлөрдөн жеткиришкен. Комплекстин кымбат баалуу бөлүгүн - байманалуу интерьерин көргөн эмеспиз», - дейт жумушчулардын бири.
Өзбекстандык ишкер “Мирзиёевдин резиденциясы” деп атаган жайдын ички жасалгасын көргөнүн айтып берген. Анын сөзүнө караганда, турак жай алтын жалатылган буюм-тайымга, “атайын Италиядан заказ кылынган эмеректерге” толтурулган.
Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүү маалыматына караганда, 2018-жылы мурунку жыл менен салыштырганда Италиядан эмерек экспорттоо өскөн. Жумушчулар ажонун ак сарайы 2018-жылы курулуп бүткөнүн айтышат.
Бирок бул маалыматтан Шоввозсой эс алуу жайына Италиядан келген эмерек жеткирилгенби, андай болсо канча жыгач жана мармар тоо койнундагы ак сарайда турганын айтуу мүмкүн эмес.
Маалыматта ошондой эле италиялык кайсы компаниялар эмерек экспорттогону же алардын Өзбекстанда кимдин колуна тийгени да айтылбайт.
Алексей Навальныйдын «Путиндин хан сарайы» тууралуу резонанстуу иликтөөсүндө да Кара деңиз боюндагы жай италиялык кымбат баалуу эмерек менен жасалгаланганы айтылган. Иликтөөдө аталган италиялык Pozzoli деген фирма Өзбекстанга да өз продукциясын экспорттогонун бышыктады, бирок анын чоо-жайын айтуудан баш тартты.
Өкмөттө иштеген аткаминерлердин бири курулуш аяктап баратканда Шоввозсойго барып кеткенин, ал жакта “чакан Австрия” курулганын баяндап берген. Анын айтымында, комплексте лыжа тебүүчү жолдор, бассейн, сауна, спорт зал, кинотеатр, жүзүм талаасы, амфитеатр, Альпы тоолорундагыдай кооз ландшафтты көрсө болот.
Журналисттер бул деталдарды бышыктаган маалымат таба алышкан жок. Ошентсе да спутниктен тартылган сүрөттөр ал жерде ири курулуш иштери жүргөнүн айныксыз баамдоого мүмкүнчүлүк берет.
Сүрөттөр ошондой эле комплексте иштеген бир нече жумушчунун «курулуш долбоору дизайн документтери аяктай электе башталган» деген сөздөрүн ырастайт.
«Жаңы, оор машинелер үчүн мурдагыдан кенен жол салынган. Бир нече ирет тоолорду тешкен жардыруулар болгон», - деп айткан жумушчулардын бири «Озодлик» радиосуна.
Дагы бир булак германиялык архитекторлорду алып келишкенин, курулушка Орусиядан, Балкандан, башка өлкөлөрдөн келген адистер катышканын айтып берген.
Анын айтымында, коммуникациялык инфраструктура, электр зымдарын жаткыруу, вентиляция системасын орнотуу иштери менен Сингапурда катталган Enter Engineering фирмасы алектенген. Фирманын ээси Бахтияр Фазылов 2019-жылы Мирзиёевдин колунан “Ак ниет кызматы” үчүн деген орден алган. (Бир кишинин резюмесинде (өмүр баянында) Шоввозсой жайында Enter Engineering фирмасы үчүн иштегени жазылып турат).
Ошол эле булак бетон жана болот конструкциялары менен Binokor Ttemir-Bbeton Sservis деген фирма камсыз кылганын айтып берди. Ал фирма Мирзиёевдин күйөө баласынын бир тууганы Ойбек Умаров акционерлердин бири болгон Orient Group компаниясынын карамагына кирет. Булактын айтымында, Шоввозсойду курууга компаниянын башка ишканалары да катышкан.
«Курулуш башталганда оор, кара жумушта бир эле маалда эки миңден ашуун киши иштеп турду. Көбүн Кашкадарыя облусунан жалдап алып келишкен. Алар ошол эле жерде салынган убактылуу контейнерлерде турушчу. Таң аткандан күн баткыча иштешчү», - дейт жумушчулардын бири.
Орусиялык бир компаниянын сайтында “Шоввозсой токой чарбасынын аймагында эс алуу жайын салууга катышканы” жазылып турат. Уфа шаарында жайгашкан “Бригэнерго” компаниясы Өзбекстанда башка иштерге да тартылган. Кардарларынын арасында Enter Engineering да аталган.
Enter Engineering, Orient Group, жана “Бригэнерго” компанияларынын өкүлдөрү журналисттердин курулуш тууралуу суроолоруна жооп беришкен жок.
Спутниктен тартылган сүрөттөр архиви да долбоордун масштабы менен жүрүшүн көргөзөт. 2017-жылдын 22-июлунда тартылган сүрөттөрдө булактар Раматовдун аңчылык үйү деп атаган жерде тик учак конуучу эки жер көрүнүп турат. (Дагы бир сүрөттөрдө ал жерлердеги курулушка ошол эле жылдын январында даярдыктар көрүлгөнү байкалат). Курулушта иштеген эки киши Мирзиёев ал жерге өзү каттап турганын айтышкан.
Бир жыл ичинде сыягы долбоордун ири бөлүгү, анын ичинде эң чоң имарат салынган.
Бир нече жумушчу Мирзиёевдин үй-бүлөсү жашаган резиденция борбордук имараттын жанында жайгашканын айтып беришкен.
«Комплексте Мирзиёевдин жан сакчылары, коноктор үчүн чакан үйлөр да бар», - дешет айрым булактар.
Ташкентке кетчү жолдо орун алган жайларда, жумушчулардын айтымында, Улуттук гвардиянын аскерлери жайгашкан. Ал жакта 2017-жылдын август айында футбол аянтчасы да курулган.
«Тилке катуу кайтарылгандыктан жана жашыруун объект болуп эсептелгендиктен, 24 саат бою кайтарылат. Спутниктен да Улуттук гвардиянын казармасынын жанында блокпост жайгашканы көрүнүп турат. Блокпост - дачага кире бериштеги акыркы өткөөл. Тосмонун үстүнөн чымчык да уча албайт. Ал жакка телефон менен кирүүгө болбойт. Дал ушундан улам курулуш тууралуу маалыматты купуя сакташты», - дейт «Озодлик» менен маектешкен бир адам.
Шоввозсой комплексинин жанындагы суу резервуары толтурулгандан алты ай өткөндөн кийин премьер-министр Абдулла Арипов биосфералык корукту тескеген буйрукка кол койгон. Документте ал жердеги коопсуздукту атайын кызматкерлер камсыздай турганы каралган. Аларга кызмат маалында курал-жарак алып жүрүүгө, корукта жүргөндөрдүн документтерин текшерүүгө, кишилерди жана машинелерди тинтүүгө уруксат берилген.
Комплексти курчаган аймакка 2018-жылдын 31-декабрынан тарта жөнөкөй элге кирүүгө тыюу салынган.
«2018-жылдан бери жогору жакка кетчү жол карапайымдар үчүн жабылган. Дачаны катуу кайтарышат. Он чакырым да жакындай албайсың. Жайыттарыбызды тикенек зым менен курчап салышкан. Мал-жандыктарыбыз тосмолордон өтүп кетсе, чоң айып пул салышат. Жер-жерде куралчан кайтаруучулар турат», - деп айтып берген чабандардын бири «Озодликтин» кабарчысына.
Атайын лицензиясы бар бир аңчы журналисттерге сүйлөп бергендей, алар арызданганда «Шоввозсой токой чарбасынын аймагы мамлекеттин пайдалануусуна өткөрүлгөн» деген расмий жооп алышкан.
Аңчылардын бири “чоң саясатка, президентке каршы” чыкпоо тууралуу эскертүү алганын айткан.