Сауд Арабиясына этнофестивалга барган кыргызстандыктардын жүрүм-туруму тууралуу журналисттин Интернетке жазган пикири социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Журналист "чет өлкөгө Кыргызстандын маданиятын таанытууга баргандар тамакты талашып жеп, жергиликтүүлөрдү таң калтырганын" жазган. Бул окуя чет өлкөгө чыккан кыргызстандыктардын маданияты, этика маселесин козгоду.
Cүрөттү Интернетке жергиликтүү телеканалдардын биринде кабарчы болуп иштеген Бегимай Жаныбекова жүктөгөн. Анда калпак кийген жигит бир бутун отургучтун үстүнө чыгарып алып дасторкондо тамактанып жатканын көрүүгө болот.
Журналист «Фейсбуктагы» баракчасына мындай пикирин жазган:
- Кыргызстандын маданият кызматкерлери башка өлкөдө жүргөндө да маданияттуу болгонду унутушпаса жакшы болмок. Алар биздин элдин жана мамлекеттин жүзү экенин эстен чыгарбашы керек. Сүрөттө өзүн мекенчил деп эсептеген балдар. Алар күн сайын калпак кийип жүрүшөт. Албетте, бул мактоого аларлык. Бирок алар өздөрүн минтип алып жүргөнү жийиркеничтүү. Сауд Арабиясындагы «Көчмөндөр ааламы» фестивалына Кыргызстандын маданиятын, салт-санаасын көрсөтүүгө миңден ашык киши барышы керек болгонун көпчүлүк билет. Азыркы тапта 500 киши келдик. Бизди борбордон алыс эмес жерге жайгаштырышты. «Швед столун» уюштурушту. Бирок бул бизге жарашпайт экен. Айрыкча эркектер тамак ичүүгө келгенде бирин бири жөөлөп, тамакты табагына толтура салып алып, суусундуктарды жащиктеп бөлмөлөрүнө көтөрүп кетип, жыйынтыгында башкалар ачка эле калып калышты. Эң кейиштүүсү - алар тамакты толугу менен түгөтпөйт, үстөлүндө таштап кете беришет. Айрымдар тамактанууга эрте келип алышат. Эгер тамак даяр болбосо ышкырып, кыйкырып ал жердеги кызматкерлердин шаштысын кетиришет. Анын баарын арабдар сүрөткө, видеого тартып жатканын булар билиши керек. Алар кыргыздарды көрүп шок болуп жаткандыр...
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул окуянын чоо-жайын аныктап, ал жердегилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырганын билдирди:
- Кечээки көрүнүш боюнча спорт тармагынанбы же маданият кызматкерлериби, мен билбейт экенмин. Бирок мен ал жердеги жоопкерчиликтүү адамдарга кечээ чалып, «мындай көрүнүш болбойт, чет жерде Кыргызстандын намысын коргоп жүрүү боюнча эреже катары түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн» деп айттым.
Бул окуя боюнча фестивалдын катышуучулары менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Бирок көкбөрү сүйүүчүлөрдүн "Инстаграмдагы" баракчасында мындай пикир жарыяланды (пикир кыскартылып берилет - ред.):
"Негизи андай нерсени жашырып, ошол жердеги улуу байкелерге эле көрсөтүп койсо алар түшүндүрүп коймок. Бул чоң кыз "Фейсбукка" чыгарыптыр, андан кийин башталды. Хайп болду. Кыргыз "Инстаграм" баракчалары жөн эле жыргады. Кайра-кайра чыгарып, “Кыргыздар уят болду, тамак талашты, ушулар да патриотпу”? деп өзүбүздүн эле баракчалар чыгаргандан кийин болду да. Өзүбүздү өзүбүз көрө албайбыз. Бири-бирибизди колдогондун ордуна ушинтесиңер. Негизи ал күнү тамак көпкө чейин берилбей, уюштуруучулар жакшы иш алып баралбай коюшуптур. Бардык адамдарды бир ашканага киргизгенде ушундай эле көрүнүш болот".
Ар кандай иш-чаралардын алкагында чет жактарга барган кыргыз делегациясынын курамындагылардын жүрүм-туруму сынга кабылган учурлар сейрек эмес.
Жарым жыл мурун эле эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, тартипсиздик кылып, кызматынан кол жууганы кабарланган. Кийин ал мас абалында учакка отурганын четке каккан.
2014-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин Жапонияга он күндүк семинарга барып, отелден чыкпай ичип жатып алганы тууралуу да бир катар массалык маалымат каражаттары жазып чыккан. Мындан тышкары февраль айында АКШ президенти Дональд Трамптын салттуу эртең мененки тамагына чакырылган Жогорку Кеңештин депутаттарынын даражалуу жерде өздөрүн видеого тартуу менен алек болуп жаткан учурлары да коомчулуктун көңүлүн бурган.
Жарандык активист Адил Турдукулов мындай учурлар кийинки убакта кадыресе эле көрүнүшкө айланып баратканын белгилеп, чет мамлекеттерге иш сапарларына чыккан учурда делегация мүчөлөрүнүн маданиятына өзгөчө басым жасалышы керек экенин белгиледи:
- Акаевдин убагынан баштап эле ушундай көп мисалдарды айтып келишкен. Аны эч ким айтпайт да. Азыр болсо баарын тартып алганга мүмкүнчүлүк толтура. Чөнтөк телефондор жок кезде мындай нерселерди көрүүгө мүмкүнчүлүк аз болчу. Ааламдашуу учурунда, маалымат бир секундада тараган доордо биздин жарандар, өзгөчө «элита» аны түшүнбөй жаткандай туюлат. Анткени алар сыртка чыкканда аларды эч ким көрбөй, укпай жаткандай сезишет окшойт. Бул жерде мен элита же жөнөкөй жарандар деп бөлбөйт элем. Бирок саясатчыларда көбүрөөк жоопкерчилик бар. Анткени алар жүрүм-туруму менен шайлоочуларынын алдында үлгү болушу керек да.
Турдукулов өзү мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн кезде кыргыз делегацияларынын айрым тескери кылык-жоруктарына өз көзү менен күбө болгон учурларды айтып берди:
- Мен Жапонияда иштегем. Ал жерден да туура эмес иштерди кылган бийликтеги адамдарды көргөм. Бизде аткаминерлер чет жакка чыгып баратканда учакка отурары менен эле арак иче баштайт. Анан дипломаттарды малай сыяктуу кабыл алган учурлар кездешет. Аларды башка бир буюмду сатып алганга жөнөтүп же "кандайдыр бир оюн-зоокко алып бар" деп буйрук берген учурлар бар. Дагы мисал айтып кетсем, Сайдулла Нышанов делегация менен Кремлден селфи кылышканы да туура эмес.
«Биздин тарых» коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек бул сыяктуу көрүнүштөр жалпы кыргызстандыктардын деңгээлин, анын ичинде бийлик өкүлдөрүнүн чыныгы жүзүн көрсөтөт деген пикирде. Ал сыртка чыкканда гана эмес, күнүмдүк жашоодо да ар бир адам өзүн тарбиялуу, маданияттуу алып жүрүшү керек экенин айтты:
- Жалпылап айтканда Жогорку Кеңеш кандай мыйзамдарды бүгүн сунуш кылып атат? Көп учурда элдин күлкүсү келет. «Тигил жакка барып тигиндей көрсөттү» дегени деле чын-чынында жалпы эле маданиятыбыздын, анын ичинде бийликте жүргөн кишилердин маданиятын, бийликте жүргөн элдин деңгээлин көрсөтүп атат деп айтсак болот. Бийликте кандай кишилер бар экенин көрсөтөт. Айрыкча сыртта жүргөндө көбүрөөк көрүнүп калат.
Мурдагы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев бул өңдүү бирин-экин окуялар менен эле жалпы элдин деңгээлине баа берүүнү туура көрбөйт.
- Биздин аткаминерлерди үч-төрт ушундай окуя менен эле баалабаш керек. Мен да көп чет жакта болдум. Кызматтык сапарга биздин жетекчилер кайсы жакка чыкпасын өздөрүн таза эле алып жүрүшөт. Азыр эми баары ачык болуп калбадыбы. Бир нерсе болсо дароо билинет. Үч-төрт кырдаал менен Кыргызстандын аткаминерлеринин баарына көлөкө түшүрүү туура эмес деп ойлойм.
Ошентип соңку этнофестивалдын катышуучуларынын маданияты коомчулукта талкууланып жаткан кезде Эр-Риядда жүргөн делегациянын костюмери Аманат Иманалиев да өзү тарткан видеосун жарыялап, ал жерде тартип ойдогудай, талкууларга эч кандай себеп жок экенин айтып чыкты.
Ушул тапта Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында 98 мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда «Көчмөндөр ааламы» деп аталган фестиваль өтүп жатат. 19-мартта жыйынтыктала турган саамалыкка маданият жана спорт тармагындагы миңге чукул кыргызстандык катышууда.