“Кеңеш Кожомкулов ырдаганда стадион дүңгүрөп турду”
Жетимишинчи жылдары жылдызы жанган ырчы Кеңеш Кожомкулов өзгөчө үнү жана тагдыры менен эсте калды. Ал “Арашан” ыр-бий эстрадалык ансамблин түзгөн. Ага чейин Чоро Кожомжаров түзгөн тунгуч эстрадалык ансамблинде, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист болуп иштеп, кийин ишмердигин Орусияда уланткан. Көптөгөн эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү болгон ырчы 2018-жылы 76 жаш курагында көзү өтүп, сөөгү Новгород шаарына коюлган. Кеңеш Кожомкуловдун чыгармачылыгы тууралуу карындашы Медина Кожомкулова “Азаттыкта” “сыябан маек” курду.
Чыгарылыштар
-
Февраль 26, 2025
Раймалы менен Бегимайдын махабаты сахнада
-
Февраль 09, 2025
"Аманды КГБда иштеген жылдар жабыркатты"
-
Декабрь 14, 2024
Сапаралиев: “Ыстаканда кантың бар” мага тагылган тумар болду
-
Декабрь 08, 2024
Арабаевдин тагдыры сахнада