Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова 30-январда соттун чечими менен үй камагына чыкты. 31-январда Бишкекте Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын жакындары, адвокаттар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер тегерек үстөл уюштурду.
Тегерек үстөлдө укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга козголгон кылмыш ишке “жашыруун” грифи коюлганы негизсиз болгонун, мындан ары соттук отурумдар жабык өтүп, коомчулукка маалыматтар жетпей каларын билдирди. Шектүүлөрдүн жактоочулары грифтин киргизилиши мыйзамсыз экенин, бул иште эч кандай купуя маалымат жоктугун айтышты.
"Достук" мейманканасынын жыйын өтө турган залында электр жарыгы жок болгондуктан тегерек үстөл шамдын жарыгы менен өтүүдө.
Орозайым Нарматованы үй камагына чыгарган чечим
Адвокат Гуляна Убалиева "Азаттыкка" сот Нарматованын саламаттыгынан улам чукул түрдө бөгөт чарасын караганын билдирди:
"Орозайым 28-январда катуу ооруп, жүрөк оорусу кармап, "Тез жардам" менен ооруканага түшкөн. 30-январда түштөн кийин сот чукул түрдө аны үй камагына бошотту", - деди ал.
Нарматованын бөгөт чарасын кайсы сот караганы маалымдалган жок. Соттон комментарий боло элек.
Орозайым Нарматованын саламаттыгы начарлап кеткени буга чейин айтылган. 27-декабрда шаардык сотто бөгөт чарасы каралып жатканда анын абалы начарлап, кулап түшкөн.
Орозайым Нарматова бийликти сындап жүрүп, Кемпир-Абад иши боюнча камалган алты аялдын бири. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү.
Ал президент Садыр Жапаров абакта жатканда аны коргоп бир канча жолу митингдерге чыккан. Кийин, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин Жапаровдун саясатын кескин сындай баштаган.
2021-жылы Ички иштер министрлиги Орозайым Нарматованы Ош аэропортунан Москвага учканы барганда кармап, Бишкекке жеткирген. ИИМ кармоонун себебин "Нарматова бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деп кармаган.
Нарматованын жактоочулары коюлган кинени төгүндөп, муну саясий мотив менен байланыштырган. Активисттин кармалышы коомчулукта да талкуу жараткандан кийин ал бошотулган.
Орозайым Нарматова 2021-жылы декабрь айында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.
Бирок 2022-жылы 20-январда УКМК менен Билим берүү министрлигинин "дипломду мыйзамсыз алган" деген маалыматына таянып, БШК аны мандатын жокко чыгарган.
Орозайым Нарматова экинчи жолу 2022-жылы октябрь айында Москвадан кармалып, Бишкекке жеткирилген. Жакындары экс-депутатты 26-октябрдын түнү үйүнөн кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Нарматова Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") негизинде козгогон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.
Абактагылардын талабы
Буга чейин “Кемпир-Абадды коргоо комитети” камалып, азыр ооруп жаткан аялдарды, саясатчылар Азимбек Бекназаровду, Равшан Жээнбековду, Мамбетжунус Абыловду жана активист Таалайбек Мадаминовду ооруканага чыгарууну талап кылган.
“Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткандар, саясий туткундар Жогорку Кеңештин төрагасына, адам укуктары боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы Гуля Кожокуловага, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылып, биздин талапка көмөктөшөт жана абактагы абалыбыз менен жакындан таанышып кетет деп ишенебиз”, - деп жазылган комитеттин Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган катта.
Кайрылууга тиешелүү тараптар жооп бере элек.
Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.
Алардын ичинен Нурлан Асанбеков менен Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан, азыр 20дан ашык адам абакта кармалууда.
Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Абакта отургандардын ондон ашыгы күнөөсүз экенин айтышып, дээрлик эки аптадай ачкачылык кармашты.
Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-27-январда Кыргызстандагы мамлекеттик сапарында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө протоколго кол коюлду.