Мурдагы коргоо министри, саясатчы Исмаил Исаков Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отургандардын жакындары менен тарапташтарынын тынч митингинде сөз сүйлөп, бийлик ачык сотту камсыздашы керектигин белгиледи.
Ал мындан 21 жыл мурда болгон Аксы окуясын эскерип, анын соңу Үзөңгү-Кууштун берилишине каршы чыккан элге ок аткан бийликтин качышы менен аяктаганын белгиледи.
"Бүгүн дагы ошондой окуя кайталанып жатат. Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан бир топ жарандарды камашып, эл аз экен, буларды колдогондор жок экен дегендей саясатты жүргүзүп буларды мыйзамсыз кармап отурушат. Андай саясат туура эмес экенин бийлик өкүлдөрүнө эскертип коеюн деп келдим. Башында дагы ушундай саясат жүргүзгөн Акаев азыр кайда? Көп түкүрсө көл болот. Эгер 26 жарандын өкүлдөрү ар тараптан чыкса, көл эмес деңиз болуп кетиши ыктымал. Анда бийлик өзүнүн ким экенин билбей калат. Камалгандардын көбүн билем, алардын бардыгы Кыргызстандын патриоттору, биринин дагы төңкөрүш жасайын, тополоң чыгарайын деген ою болгон эмес. Болгону Кемпир-Абад берилбесин деп гана өздөрүнүн жарандык, патриоттук сезиминин негизинде чыгышкан атуулдар болчу", - деди саясатчы.
Исаков бийликке кайрылып, камалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүп, ачык сотту камсыз кылууга чакырды.
Мунун алдында ушул эле иш менен абакта отурган жарандык активист Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай камалгандардын көбүнүн жашы жете элек балдары бар экенин, айрымдарынын жубайлары иштебей бала менен үйдө отурушканын айткан. Ал "саясат менен иши жок, өз ишин кылып жүргөн жаштарды көчөгө чыгарып, бийлик оппонеттерди өзү жаратууда" деген.
Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткандардын тарапташтары 17-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбагына нааразылык акцияга чыгышты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы болжол менен 200дөй киши чогулганын айтты.
“Акыйкат жана эркиндик үчүн” тынч чогулушунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды
- Сот реформасын жүргүзүп, соттордун толук көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
- “Азаттык”, Kaktus.media, “ПолитКлиника” жана бардык эркин медиага басым токтолсун;
- Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темировдун кыргыз жарандыгын калыбына келтирүү,
- “Кемпир-Абад иши” боюнча камакта жаткандарды бошотуп, толук актоо;
- Өкмөт ишкерлерге кысымды токтотуп, аткезчилик, коррупция менен күрөшсүн.
- автор Кундуз Кызылжарова
Кемпир-Абад иши: абактагылардын абалы улуттук форумда талкууланды
Бишкекте Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жана камакта отурган активист-саясатчылардын абалы талкууланган форум өттү. Ага коомдук ишмерлер, активисттер, камактагылардын жакындары жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышты.
"Убакыт келди" деген аталыштагы Улуттук форумда сөз эркиндигинин абалы, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын ишиндеги жагдайлар талкууланды.
Геосаясий окуялардын Кыргызстандын коомдук-саясий абалына тийгизген таасири, ички жана тышкы коркунучтарга каршы көрүлө турган аракеттер тууралуу да сөз болду.
Чогулгандар акыркы беш айдан бери камакта отурган активисттердин маселесине көбүрөөк тынчсыздануусун билдирип жатты.
Форумду укук коргоочу Турсунбек Акун жетектеген "Консолидация жана диалог кыймылы" уюштурган.
Жыйынга катышкан саясатчы жана коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков камактагыларды бошотуу маселеси саясатташып кеткенин айтты.
"Булардын маселеси укуктук талаада чечилбейт. Мисалы, ИИМ, прокуратура, атайы кызматтын колунан эч нерсе келбейт. Маселеге саясий жагынан карап, мамлекеттик катчыга окуянын чоо-жайын түшүндүрөлү. Атайын комиссия түзүп, ага аттуу-баштуу адамдардан кошуп, мамлекеттик катчыга кирели. Окуянын кандай болгонун тынбай, түз айтып турсак, чындыкка жетербиз".
Талгарбеков 2016-жылы ошол кездеги бийлик өзүнө мыйзамсыз иш козгоп камаганын айтты. Учурдагы кырдаалды ошол окуяга салыштырды.
Өлкөдө мындан сырткары сөз эркиндигине жана эркин медиаларга кысым күчөгөнүн укук коргоочулар, бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар айтып келет.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкобаева Кемпир-Абад маселесинде тергөө жана сот органдары иш жүргүзүп жатканын билдирди.
"Мыйзамдардын аткарылышын прокуратура көзөмөл кылат. Азыр биз жоопкерчиликтен качкан жокпуз. Тергөөнүн аракеттери көзөмөлдө. Бирок кылмыш ишине кийлигишүүгө мыйзамда уруксат жок. Тергөөчү күнөөсү канчалык деңгээлде далилденгенин айыптоо актысына жазып, бизге алып келет. Биз айыптоо актысын бекитердин алдында баа беребиз. Бөгөт коюу чарасын тергөө тандаган, калганына сот уруксат берген. Азыр экспертизанын корутундусун күтүп атабыз, анын жыйынтыгы менен баары белгилүү болот жана жыйынтык чыгарылат".
Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.
Турсунбек Акун баштаган адамдар уюштурган форумга бийлик өкүлдөрү, Жогорку Сот, Башкы прокуратура, азыркы жана мурдагы парламенттин депутаттары, адвокаттар, активисттер, камакта отургандардын жакындары жана укук коргоочулар чакырылган.
"Консолидация жана диалог кыймылынын" жетекчиси Турсунбек Акун буларга токтолду.
“Коомдо ажырым чоң, эл бийликке ишенбей атат. Буга чейин да биз өткөргөн эки тегерек үстөлдө адам укугу жана сөз эркиндигинин абалына токтолуп, анда да бийлик өкүлдөрү келген эмес. Биз анда да, бүгүн да бийликти консолидацияга чакыралы дедик. Эгер бийликке үнүбүз жетсе, алар бизди укса, анда элге да, бийликтин өзүнө да жакшы. Болбосо баягы эле төңкөрүш, бийлик алмашуу болот. Биз албетте аны каалабайбыз, болгону эл менен бийлик ортосунда көпүрө болууга аракет көрүп жатабыз”.
30-марттагы форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, ага ылайык эки комиссия түзүү тууралуу айтылды. Алар президент Садыр Жапаровго, мамлекеттик катчы Сүйүмбек Касмамбетовго камактагы активисттер жана сөз эркиндигинин абалы боюнча маселени жеткирүүнү максат кылышууда.
Мындан сырткары 23-майда курултай уюштуруп, эркин медиалардын абалы, Кыргызстандын эл аралык аренадагы рейтинги, камакта жаткандардын ишин талкуулоо тууралуу сөз болду.
"Консолидация жана диалог кыймылы" 7-февралда жана 10-мартта да ушул өңүттөгү жыйын өткөргөн.
Саясат талдоочу Табылды Акеров Кыргызстан Борбор Азиядагы "демократия аралчасы" деген беделин жоготуп баратканын белгиледи. Ал мурдагы президенттердин тушунда да журналисттерге, айрым активдүү саясатчыларга басым болгонун айтты.
Азыркы жагдайда болсо Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө иш алып барганын, буга эмне негиз болгону алигиче белгисиз деген пикирде.
"Кыргызстан "юридикалык туңгуюкка" баратат. Азыр Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар кайсы бир күнү эркиндикке чыгып, бийликтин туура эмес кылганын ушул сыяктуу чогулуштарда ачык айтат. Ушу жерде отурган прокуратура, сот органдары ошондо кандай жооп берет? Эл андан кийин бийликке кантип ишенет? Ошондуктан камоону токтотуп, башкача бир формаларга өтүү зарыл".
Буга чейин эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, активисттер камалгандарды бошотууга, укуктарды тебелебей, сөз эркиндигин камсыздоого бийликти чакырып келет.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок деп билдирген, камакка алынгандарды төңкөрүш уюштуруу аракетин көргөн деп айыптаган. Кармалгандар муну четке каккан.
Бүгүн, 12-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча беш айдан ашуун камакта жаткан саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын бөгөт чарасы каралды.
Сот чечими менен Сооронкулова үй камагына чыкты.
"Үй камагынын өзгөчө шарттары бар. Баарынын өз убактысы келет деп ойлойм. Менимче, азыр кандайдыр бир комментарий бербей турайын. Тергөө иштери уланууда", - деди Сооронкулова журналисттерге.